Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Муниципалитеттер гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүктүн алкагында үй-бүлөлүк баалуулуктарды колдошууда

2022-12-28 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары
Муниципалитеттер гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүктүн алкагында үй-бүлөлүк баалуулуктарды колдошууда

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын жана Ош облустарындагы өнөктөш муниципалитеттери гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүккө арналган маданий-агартуу иш-чараларын өткөрдү. Иш-чараларга бардык курактагы миңден ашуун адам катышты.

Өнөктүктүн алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары калк арасында “Үй-бүлөмдүн бактылуу көз ирмемдери” сүрөттөр конкурсун жарыялап, катышуучуларды үй-бүлөлүк баарлашуунун эң жагымдуу көз ирмемдери менен бөлүшүүгө, үй-бүлөлүк баалуулуктарды жайылтууга салым кошууга үндөштү. Сүрөттөр конкурсуна 1000ден ашуун эмгек түштү. Конкурстун жеңүүчүлөрү эмгекчилдиги, үй-бүлөлүк баалуулуктарды илгерилеткендиги жана зомбулукка каршы үн кошкону үчүн эстелик белектер менен сыйланышты. Нарын жана Ысык-Көл облустарынын катышуучулары ошондой эле үй-бүлөлүк темадагы “Шабдалы гүлү” аттуу спектаклди көрө алышты (спектаклди маданиятка эмгек сиңирген кызматкер, режиссер-драматург Жумабек ОСМОНОВ койгон). Спектакль адамдардын мамилесин шабдалынын назик гүлүнө салыштырат - эгер ага кам көрүлбөсө, оңой эле жок кылып алса болот. Спектаклде ошондой эле адамгерчилик, адамдар менен муундардын ортосундагы мамиле жөнүндө да сөз болот.

Айрым айыл өкмөттөрүндө сүрөт конкурстарынан жана театр оюндарынан тышкары жүрүштөр, мини-концерттер жана интермедиялар уюштурулган. Муниципалитеттер ошондой эле 16 күндүк өнөктүктүн тарыхы, анын максаттары, зордук-зомбулуктун түрлөрү жана курмандыктар жардамга муктаж болсо кайда кайрыла алары жөнүндө маалымдоо үчүн плакаттарды илип, кызгылт сары (өнөктүктүн түсү) билериктерди таратып беришти.

Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүккө арналган иш-чараларды жыл сайын USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору өткөрүп турат. Келерки жылы өнөктүк 41 муниципалитетти камтып, аялдарга жана кыздарга карата зомбулук көйгөйү жөнүндө көбүрөөк адамдарга маалымат берип, бул зомбулукту жамааттардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана мамлекеттик органдардын бардык каражаттары жана биргелешкен аракеттери менен токтотуу зарыл экени баса белгиленет.

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору өнөктөш муниципалитеттерге жана жергиликтүү кеңештерге жарандар үчүн артыкчылыктуу жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга жана жергиликтүү маанидеги бардык маселелер боюнча, анын ичинде алардын жамаатында үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулуктун алдын алуу боюнча жергиликтүү тургундарды колдоого жардам берип келет.

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” – бул Өнүктүрүү саясат институту Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарында ишке ашырып жаткан, ЖӨБ органдарынын жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жогорулатуунун эсебинен 50 муниципалитетте жарандардын бакубатчылыгын жакшыртууга багытталган төрт жылдык программа. Төмөнкү шилтемеден көбүрөөк билүүгө болот:  www.fb.com/SA2Project

Маалымат үчүн

Кыргызстан зордук-зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүктүн жигердүү катышуучусу болуп саналат. Бул өнөктүк аялдарга жана кыздарга карата зомбулук көйгөйү жана аны жергиликтүү өз алдынча башкаруунун, жамааттардын күч-аракеттеринен тартып укук коргоо чараларына жана мамлекеттик саясат механизмдерине чейинки бардык жолдор менен токтотуу зарылдыгы жөнүндө калкты маалымдоого багытталган. БУУнун колдоосу астында глобалдык өнөктүк жыл сайын 25-ноябрдан 10-декабрга чейин 187ден ашуун өлкөдө өтүп келет.

Зомбулуктун үй-бүлөлүк жана башка түрлөрүнө каршы аракеттенүү боюнча пландар жана чаралар Кыргыз Республикасынын ар кандай документтеринде чагылдырылган (тизме толук эмес):

  • Кыргыз Республикасында 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүүнүн Улуттук стратегиясы;
  • 2021-жылдын 6-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КР Мыйзамы, 27-берене, 22-пункт;
  • “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” КР Мыйзамы (2020-жылдын 15-апрелиндеги №41);
  • 2020-жылдын 13-мартындагы “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү комитет жөнүндө” Типтүү жобо.

Окшош материалы: