Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Бишкек мэриясынын суроо-талабы боюнча Өнүктүрүү саясат институту мэриянын адистерине жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу маселелери боюнча окууларды өткөрдү

2022-12-28 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары
Бишкек мэриясынын суроо-талабы боюнча Өнүктүрүү саясат институту мэриянын адистерине жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу маселелери боюнча окууларды өткөрдү

Жаңылыктар түрмөгүн ӨСИнин маалымат саясаты боюнча консультант Нургуль ЖАМАНКУЛОВА даярдады

Бишкекте 2022-жылдын 6-7-декабрь күндөрү Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу агенттигинин жана Бишкек шаарынын мэриясынын ведомстволук бөлүмдөрүнүн адистери үчүн тренинг өттү. Бишкек шаарынын мэриясынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн кошумча тизмесиндеги1 кызмат көрсөтүүлөргө административдик регламенттерди иштеп чыгуу жана бекитүү окутуунун негизги темасы болду.

____________ 

1Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмеги жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн суроо-талаптарынын негизинде түзүлөт.

Окутуунун практикалык багыты анын баалуулугу болгон. Эки күндүн ичинде тренингдин катышуучулары Кошумча тизмедеги муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана бекитүү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча базалык билимдерди гана алышпастан, ошону менен бирге иш жүзүндө реалдуу кызмат көрсөтүүлөр үчүн регламенттерди даярдай башташты. Ошентип, окутуу аяктагандан кийин катышуучулардын колунда кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттеринин долбоорлору болгон, ал эми бул регламенттерди андан ары иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча алардын практикалык ишинин башталышы болуп калды. Алган билими мэриянын жана ведомстволук мекемелердин адистерине өз жол-жоболорун жана иш-аракеттерин жөнөкөйлөтүүгө жардам берет; кызмат көрсөтүү процессинин кайсы элементтерин электрондук форматка өткөрсө боло тургандыгын чече алышат. Жыйынтыгында ишти жөнөкөйлөтүү жана санариптештирүү кызмат көрсөтүүгө кеткен чыгымдарды кыскартат, эмгек чыгымдарын оптималдаштырат, бул болсо жалпысынан жарандар үчүн, анын ичинде калктын социалдык жактан аялуу топторунун өкүлдөрү үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү дагы да жеткиликтүү кылат.

Меморандумдун максаты – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ачык-айкындуулугун жана отчеттуулугун күчөтүү маселелерин камтыган биргелешкен долбоорлорду жана иш-чараларды ишке ашыруу үчүн укуктук негиздерди түзүү жана күчөтүү аркылуу Бишкек шаарында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн эки тараптын күч-аракеттерин бириктирүү.

Окшош материалы: