Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“Коомдук кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору коомдук талкуудан өттү

2022-12-28 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары
“Коомдук кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору коомдук талкуудан өттү

Жаңылыктар түрмөгүн ӨСИнин маалымат саясаты боюнча консультант Нургуль ЖАМАНКУЛОВА даярдады

2022-жылдын 15-ноябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги “Коомдук кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча “тегерек стол” өткөрдү. Талкуу эксперттик коомчулукту маалымдоо, позитивдүү коомдук пикирди калыптандыруу, сунуштарды алуу максатында уюштурулган. Иш-чара Швейцария Өкмөтү каржылап, Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырып жаткан “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун колдоосу менен өттү.

Мыйзам долбоорун КР Экономика жана коммерция министрлигинин 2022-жылдын 20-майындагы №84 буйругу менен түзүлгөн Ведомстволор аралык жумушчу топ иштеп чыккан. Мыйзам долбоору мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын өнүктүрүү үчүн жаңы концептуалдык механизмдерди иштеп чыгууга багытталган.

Коомдук кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун укуктук негиздерин өркүндөтүү “Коомдук кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун негиздери жөнүндө” мыйзам долбоорунун негизги максаты болуп саналат. Ал болсо калктын керектөөлөрүнө, замандын талаптарына жана коомдук кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү дүйнөлүк тенденцияларга шайкеш келген башкаруу органдарынын ишинин “тейлеме” мүнөзүнүн жаңы моделин жана коомдук кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңы механизмдерин киргизүүгө багытталган.

Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу системасын кайра карап чыгуу зарылдыгы колдонуудагы “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” КРнын Мыйзамынын алкагында чечүүгө болбогон системалык көйгөйлөрдөн улам келип чыкты. Президенттин демилгесинин алкагында өткөрүлгөн 2021-жылдагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоонун жыйынтыктары да жаңы мыйзамды иштеп чыгуу зарылдыгын тастыктады.

Тегерек стол талкуусуна жергиликтүү өз алдынча башкаруу, муниципалдык кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү эксперттер, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун, Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясынын, Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттигинин эксперттери, ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр катышты. 

Окшош материалы: