Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Чүй жана Талас облустарынын айыл өкмөттөрү жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу үчүн чакан гранттарды алышат

2022-12-28 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары
Чүй жана Талас облустарынын айыл өкмөттөрү жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу үчүн чакан гранттарды алышат

Жаңылыктар түрмөгүн ӨСИнин маалымат саясаты боюнча консультант Нургуль ЖАМАНКУЛОВА даярдады

2022-жылдын ноябрында Бишкекте жана Таласта Швейцария Өкмөтү каржылаган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун (ЖДКЖ долбоору) жаңы максаттуу аймактары үчүн таанышуу иш-чарасы өттү. Максаттуу аймактар болуп Чүй облусунун Ысык-Ата, Чүй райондору жана Талас облусунун Бакай-Ата, Кара-Буура жана Манас райондору табылды. Иш-чараны ЖӨБ Союзу ЖДКЖ долбоору менен биргеликте уюштурган. 

Долбоор жарандардын талаптарына жооп берген жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга багытталган. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган көрктөндүрүү, ичүүчү суу менен камсыз кылуу, катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу жана башка муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу деңгээлинде кызмат көрсөтүүлөрдү башкаруунун туруктуу системасын түзүү долбоордун негизги милдети болуп саналат.

Долбоордун эксперттери баяндама жасашып, анда кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер планын даярдоонун шарттары, муниципалитеттер ортосундагы кызматташтык жана гранттарды алуу үчүн конкурска катышуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып беришти.

Конкурстун жыйынтыгы боюнча тандалып алынган Чүй облусунун Ысык-Ата, Чүй райондорунун жана Талас облусунун Бакай-Ата, Кара-Буура жана Манас райондорунун пилоттук айыл өкмөттөрү өз аймактарында кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш-аракеттердин планын даярдап чыгышат. Аларга кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча пландарын жүзөгө ашыруу үчүн чакан гранттар берилет.

Эскерте кетсек, бул долбоор 2021-2022-жылдары ЖӨБ Союзунун көмөгү менен Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын 54 айыл өкмөтүндө ийгиликтүү ишке ашырылган. Аларга муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу үчүн 19 902 209 сом өлчөмүндө гранттар берилген. Көпчүлүк айыл өкмөттөрүндө муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр натыйжалуу уюштурулду, кызматтар туруктуу түрдө көрсөтүлүп жатат, буга байланыштуу долбоор өлкөнүн башка облустарында ишин улантмай болду.

Таанышуу семинарына Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Сыргак КЫДЫКЕЕВ, Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Канымет ОСМОНБЕКОВ, Чүй облусунун Ысык-Ата, Чүй райондорунун жана Талас облусунун Бакай-Ата, Кара-Буура жана Манас райондорунун райондук мамлекеттик администрацияларынын башчылары жана айыл өкмөттөрүнүн башчылары, долбоордун жетекчиси Асель МАМБЕТОВА жана ЖӨБ Союзунун директору Бектурган ОРОЗБАЕВ катышышты. 

Окшош материалы: