Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ӨСИ башкаруусунун өкүлү Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун курамына кирди

2022-09-19 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары

Борбордук шайлоо комиссиясы 30-июндагы жыйналышында Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун курамын жактырды.

Аталган чечим “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 4-беренесине ылайык кабыл алынды.

Шайлоо циклы 2025-жылы жергиликтүү кеңештерге жапырт шайлоо өткөрүүдөн башталарын, 2026-жылы – кезектеги парламенттик шайлоо мөөнөтү экендигин, 2027-жылы – президентти шайлоо өтөөрүн эске алып, шайлоолордун аралыгындагы мезгилде шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча чараларды көрүү абдан маанилүү.

Ведомстволор аралык жумушчу топтун курамына КР Жогорку Кеңешинин депутаттары, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, судьялар, мамлекеттик органдардын, жарандык коомчулуктун өкүлдөрү жана шайлоо мыйзамдары жаатындагы эксперттер кирди.

Ведомстволор аралык жумушчу топ колдонуудагы мыйзамдарды, шайлоо өткөрүү практикасын талдоонун негизинде кеңири коомдук талкуулоо жолу менен шайлоо укугун жана процессти өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоого тийиш. Коомдук макулдашуу үчүн бул маселенин маанилүүлүгүн эске алуу менен жумушчу топтун курамына жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрүн киргизүү чечими абдан позитивдүү кабыл алынууда.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын жетекчилиги астында ведомстволор аралык жумушчу топтун курамына башка коомдук уюмдардын өкүлдөрү менен кошо “Өнүктүрүү саясат институту” Коомдук бирикмесинин башкаруусунун мүчөсү Бекиев Бекболот Жапарович да кирди.

Булак: https://shailoo.gov.kg/ru/news/6344/   

Окшош материалы: