Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Анаркуль МАШАЕВА: балдардан жана жамааттагы тынчтыктан артык эч нерсе жок

2015-07-08 / ЖӨБ кадрлары
Анаркуль МАШАЕВА: балдардан жана жамааттагы тынчтыктан артык эч нерсе жок

Анаркүл МАШАЕВА – коомдук ишмер, жергиликтүү кеңештин депутаты, «ынтымак жарчысы», чоң эне, атүгүл чоң-чоң эне жана жөн гана аял. Көптөгөн долбоорлордун демилгечиси болгон Анаркуль МАШАЕВА Жалал-Абад облусунун Сузак районунда төрөлгөн, үч баланын энеси, 11 небереси жана 1 чөбөрөсү бар.

 Ал өз өмүрүн балдарга арнаган: физика жана математика мугалиминин диплому колуна тийер замат 1968-жылы кичи Мекенине кайтып келип, окутуучулук эмгек жолуна кадам шилтеген. 13 жыл бою ошол эле А.С.Макаренко атындагы орто мектептин директору болуп иштеген.
 
Анын күчтүү духу, өзүнө болгон ишеними жана тырышчаактыгы 1998-жылы «Аймира» коомдук фондун түзүү менен коомдук ишти баштоого алып келген.Анын демилгеси менен 2010-жылы жаңжалдашкан тараптарга медиация аркылуу жардам көрсөтүү үчүн ЕККУнун колдоосу менен «Ынтымак жарчылары» түйүнү түзүлгөн. Ошол эле жылдары Аялдардын улуттук ансамбли түзүлгөн. Ансамбль салттуу билимдерди жана маданиятты сактап калуу жана жайылтуу үчүн гана эмес, ошону менен бирге жаңы дем берип, жаңы кызыкчылыктарга ээ болуу мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн пенсия курагындагы жергиликтүү аялдардын башын бириктире алган.
 
Ардактуу жаш курагына келип калганына карабастан Анаркуль МАШАЕВА энергиясы, жашоону жакшы жакка өзгөртүү каалоосу жана жасаган ишинин жыйынтыктары менен таң калтырып келет. Ал мугалимдик ишин коомдук активдүүлүк менен айкалыштырып, элеттик жашоочуларды, жетим балдарды жана аз камсыздалган, начар үй-бүлөдө өскөн балдарды социалдык жактан коргоого чоң салым кошту. Жергиликтүү кеңештин депутаты болуп, жергиликтүү мүнөздөгү курч маселелерди көтөрүп чыгып, алардын аткарылышына жетише алды. Мисалы, айылдын жолдор, ичүүчү жана сугат менен камсыздоо өңдүү коммуналдык жана социалдык инфраструктурасын калыбына келтирүү жана алардын иштешин камсыздоо ж.б. «Аймира» фондун түзүү балдардын жана аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн көйгөйүн чечүүдө, аларга жардам көрсөтүүдө, айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү маселелерин чечүүдө курал болуп калды.
 
Өмүрүн балдарга жана мектепке арнап, элеттик мектептердин бардык көйгөйлөрүн жана кыйынчылыктарын билип, МАШАЕВА жергиликтүү мектептердин жана башка мамлекеттик билим берүү жана балдар мекемелеринин натыйжалуу иштешин Анаркүл МАШАЕВА тажрыйбалуу тренер катары 120дан ашык тренинг жана семинарларды өткөрдү. Бирок өзү да жаңы билим алуудан жана социалдык өнүгүү, жарандардын чечим кабыл алуу процессине катышуу, команда түзүү, жаңжалдарды башкаруу, аялдардын коомдук иште ролун өнүктүрүү жана алдыга түртүү, аялдар лидерлигин жана ген-
дердик теңдикти өнүктүрүү жаатында көндүмдөрүн жакшыртуудан чарчабай келет.
 
Анаркуль МАШАЕВА өз айылынын жашоосуна жигердүү катышып, калк менен тыгыз иштешип, алардын бардык көйгөйлөрүн билет, коомдук угууларда жердештеринин кызыкчылыктарын коргоп, жергиликтүү бийлик, тартип коргоо органдары, мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү кеңештин депутаттары, ошондой эле башка бейөкмөт уюмдар (ЦПГО, АБАТ, «Адилеттик»), эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташып келатат.МАШАЕВАнын медиаторлук жаатындагы чоң тажрыйбасын да белгилей кетүү зарыл. 2010-жылдан кийин этностор аралык жаңжалдын табиятын жана аларды чечүү жолдорун изилдөөгө өзгөчө көңүл бурула баштады.
 
«Ынтымак жарчылары» түйүнү бул жылдары түрдүү деңгээлдердеги социалдык чөйрөлөрдө медиациянын жардамы менен жаңжалдарды чечүүгө жең түрө киришти. Аталган долбоордун алкагында Жалал-Абад облусунун 6 районунда жана 4 шаарында командалар түзүлдү. Командаларга окуу курсунан өткөн үчтөн тренер тандалып алынды. Алар окуудан кийин билгенүйрөнгөнүн команданын калган мүчөлөрүнө өткөрүп беришти. Бүгүнкү күндө ынтымак жарчыларынын катарында жаштардын, аялдардын, тартип коргоо органдарынын, түрдүү диндердин, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүн жана жергиликтүү калк арасында аброю бийик карапайым адамдарды кошкондо 200дөн ашык киши бар. уюштурууга да салым кошту.