Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Чоң шаардын музыкасын бузбастан аны ар бир адамга кантип жеткирсе болот?

2015-11-19 / ЖӨБ кадрлары
Чоң  шаардын музыкасын бузбастан аны ар бир адамга кантип жеткирсе болот?

Бишкекте ноябрдын үчүнчү декадасында вице-мэрлер, шаарлардын мэрияларынын аппарат жетекчилери, шаардык кеңештердин депутаттары жана борбор калаага республиканын дээрлик бардык аймактарынан келген муниципалитеттердин жооптуу кызматкерлери үчүн семинарлардын алгачкы цикли өттү. Семинарды Мамлекеттик кадр кызматы, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамагенттик жана Ханнс Зайдель фонду уюштурду.

Бул жаңы билим берүү эмес, базалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө көбүрөөк багытталган мүмкүн болушунча максималдуу пайдалуулукка жетүү үчүн кайсы бир деңгээлде квалификацияны жогорулатуу курсу болуп калды. Бул эми түшүнүктүү. Себеби семинардын катышуучулары – жөнөкөй адамдар эмес, көпчүлүгү мамлекеттик жана муниципалдык кызматта ондогон жылдар бою иштеп келатат, андыктан мол тажрыйба топтой алышкан. Айрымдары экономика жана бизнестин түрдүү багыттары боюнча адис болуп иштеп жүрүп бул чөйрөгө келишкен.Анткен менен жаңы заман башкаруучуларга жаңы талаптарды коюп жатат. Учурда мамлекет “ак жакаларды” даярдоого жана кесипкөй деңгээлин жогорулатууга өзгөчө мамиле жасоодо. Алардын кызматтагы келечеги көп маселелер боюнча компетенттүүлүк даражасынан, дүйнө таанымынан, заманбап экономиканы, өкмөттүн социалдык саясатын жана аймактардын, анын ичинде өздөрү иштеген муниципалитеттердин алдында турган тапшырмаларды жана мына ушул татаал процессте өзүнүн ролун баамдап,кабыл алуусунан көз каранды.
 
Жамаатта эч ким вице-мэр же эрежеге ылайык, көп жумуш жасаган аппарат жетекчиси иш ордунда болбогонун байкабашы үчүн окуу жыл ичинде кварталына бир жолу жана дем алыш күндөрү гана өтүп турат. Анын үстүнө окуу – бул ыктыярдуу иш, анткени жеке убакытты курмандыкка чалууга туура келет.Окууга катышкандардын контингентин жакшы түшүнүү менен, бардык лектор-тренерлер семинардын катышуучулары дайыма уккандарына талдоо жүргүзүп, чындыгында кандай болуш керектигин жана иш жүзүндө кандай болуп жатканын салыштыра ала тургандай сабак өтүп жатышты. Мисалы, учурда модага айланган “стратегиялык пландоо” термини иш жүзүндө шаарларда жүзөгө ашырылып жатабы? Негизи эле эмнеси гана болбосун аны өнүктүрүү боюнча тапшырмалардын көп катмарлуу жана көп векторлуу белгисин түшүнүп жатышабы? Бул семинарларда республиканын миңдеген жарандары жашаган муниципалитеттер тууралуу сөз болду.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана бюджеттер аралык мамилелер жаатындагы тажрыйбалуу эксперттерге – КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын доценти Салих МУРЗАЕВГЕ, Өнүктүрүү саясат институтунун адиси Асылбек ЧЕКИРОВГО жана Финансы министрлигинин кеңешчиси Зоотбек КЫДЫРАЛИЕВГЕ окуулар маалында катышуучулар тараптан суроолор көп узатылды.
 
Катышуучуларды эмне үчүн алардын шаарларында кирешелер чыгашалардын артынан үлгүрбөй жатканы, ЖӨБ чөйрөсүндө реформалардын жыйынтыктары анча билинбегени, эмне себептен муниципалитеттердин өнүгүүсү адамдар күткөндөн да жай болгону кызыктырды. Асылбек ЧЕКИРОВДУН ынанымында, учурда жүрүп жаткан реформалар муниципалитеттердин жетекчилери ушунчалык каалап жаткан өз алдынчалуулукка түрткү берди. Анткен менен алардын көпчүлүгү психологиялык жактан кескин өзгөрүүлөргө даяр эмес болуп чыкты. “Силер чиновниктердей ой жүгүрткөндү токтотушуңар керек. Жолдорду оңдоого, социалдык объекттердин курулушуна, көчөлөрдү жарыктандырууга ж.б. кимдир бирөө акча берет деп күтүп отурбашыңар керек, - деди ӨСИнин эксперти. – Силер өзүңөрдү шаарыңардын  кожоюнкатары сезип, турак жайоммуналдык чарбалыктагы көйгөйлөрдү чечүү, инфраструктураны өнүктүрүү, калктын бакубат турмушу үчүн кантип, кайсы жерден акча тапса болоору тууралуу тынбай ойлонушуңар керек”.- Эгерде көпчүлүк мэрлер өзүнүн ири салык төлөөчүлөрүн билбесе, анда албетте алар дайыма финансы таңсыктыгын сезип турушат. Инвестицияларды да күтпөй эле коюш керек, - деп тыянак чыгарды А. ЧЕКИРОВ. – Себеби инвесторлорго жана донорлорго кирешелүү долбоорлорду сунуштап, алар менен иштешүү зарыл.
 
Бирок бул үчүн чиновник өз шаарынан абдан жакшы кабардар болууга тийиш – бардык көйгөйлөрдү, келечегин билиш керек.Белгилүү болгондой, акча дайыма жетишсиз болуп турат. Республикалык бюджеттен аймактарга канча каражат бөлүнбөсүн, алар каражат жетпей жатканына даттана беришет. Адатта шаар башчылары өзүнүн натыйжасыз ишин пайдалуу кендер, ири компаниялар өңдүү ресурстардын жоктугу менен, ал эми орто звенодогу башкаруучулардын төмөн мотивациясын айлыктын аздыгы менен түшүндүрүп келгени жашыруун эмес. Ушул өңдүү сөздөрдү катышуучулардын өздөрү да көп жолу айтышты.Бишкек мэриясында шаар башчысы Кубанычбек Кулматов жана анын эки орун басары менен жолугушуу эскиче иштегенге көнүп калган скептиктерге жооп болуп калды. Бул жолугушуу да семинардын алкагында өттү. Шаарлардын стратегиялык пландоосу тууралуу лекцияны талкуулоонун жүрүшүндө пайда болгон дискуссияны уланткандай, Бишкектин мэри анын жетекчилиги алдындагы шаар айрым өзгөчө жеңилдиктерден ыктыярдуу түрдө баш тартканын жана каржылоо системасын кескин өзгөртүп, артыкчылыктарына түзөтүүлөрдү киргизгенин эске салды. Белгилүү болгондой, билим берүү жана саламаттык сактоо объекттери министрликтерге өткөрүлүп берилген.
 
Көп жылдардан бери биринчи жолу турак жай-коммуналдык чарбалыктагы көйгөйлөрдү чечүү маселеси алдыга чыгып,өзөктүү тапшырма болуп калды. Бишкек өзүнүн өзгөчө статусун жана башка шаарларга салыштырмалуу казынага көп салык төгүп жатканын бетке кармоо менен Финансы министрлигинен көбүрөөк акча талап кылганын токтотту.- Эмне үчүн биз өзгөчө абалда болушубуз керек? Эң ири салык төлөөчүлөр өлкөнүн бардык аймактарында иштесе да, борбор калаада катталганы биздин жетишкендик эмес да! Менимче, Бишкектин мэринин көпчүлүк коноктору мындай сөздөрдү күтпөсө керек. Анткени жашыруун эмес, кайсы эле жетекчи өзгөчө абалынан ыктыярдуу түрдө баш тартсын? Бирок бул таң калтырарлык ачык жана ишенимге негизделген баарлашуунун башы гана болчу.Таштанды, мыйзамсыз курулуштар, начар жолдор менен күрөшүп келаткан, мэрдин жумушун сөз эмес, иш жүзүндө билген кесиптештеринин арасында өзүн эркин сезген Кубанычбек Кулматов агынан жарылды.Ал кадрлар көйгөйүнө токтолду. Анткени белгилүү болгондой, кадрлар баарын чечет эмеспи. Мэрдин айтымында, 97 кызматкердин ичинен 14ү гана аттестациядан өткөн. Мына ушундан улам ал жалпысынан алганда мэрия – начар башкаруучу деген тыянакка келген. Балким бул чоң жана татаал, тирүү организмдин ичинде көп нерсе өзгөрүп жаткандыктан да “начар башкаруучу” болгонун кошумчалай кетүү керектир.
 
Өзгөрүүлөр өтө жай болуп, кыйынчылыктар менен коштолуп, кыйкым издеп, үңүлө караган депутаттардын, коомчулуктун жана ММКнын көз алдында өтүүдө. Алар тез жыйынтыктарды жана көзгө илинген ийгиликтерди гана таанышат эмеспи. КУЛМАТОВ аймактардан келген кесиптештерине мэрия “Тазалыктын” маселесин чечүүгө кантип киришкенин айтып берди. Техниканы көбөйтүү, көбүрөөк күйүүчү май бөлүп берүү, маянаны көбөйтүү ж.б. жолдор менен эмес. Бул үчүн борбордук казынада акча каралбаганы белгилүү. Бул маселени чечүүдө бүгүнкү күндө дотациясыз жашаганды жана иштегенди, өзүн-өзү каржылаганды үйрөнүп келаткан муниципалдык ишкана менен шаардын ортосундагы мамиленин механизмин карап чыгууга туура келди.Тажрыйбасы менен бөлүшүп жатып, мэр ко-ноктордун көңүлүн бюджетке, чыгашаларды оптималдаштыруу зарылчылыгына бурду. Кирешелерди көбөйтүүгө караганда Бишкек үчүн бул маселе маанилүүрөөк.
 
Ошону менен бирге Кулматов кесиптештерине шаардагы көйгөйлөр тууралуу калк менен түз жана ачык сүйлөшүп, аткарылбай турган убадаларды күн мурда бербеш керектигин, бардык финансы маалыматтары менен бөлүшүү зарыл экенин айтты. Мисалы, борбор калаа экинчи жыл катары менен ӨСИнин колдоосу алдында Бишкектин Жарандык бюджетин чыгарып келатат.Кубанычбек КУЛМАТОВ коомдук транспорт, коррупция менен күрөш көйгөйлөрүнө токтолуп, депутаттык корпус менен өз ара мамилелер кантип түзүлгөнүн айтып берди. Ал көптөгөн суроолорго жооп берип, кесиптештерин өз ара аракетке ча кырды. Ал ар бир шаарга электрондук документ жүгүртүү программасы белекке берилерин убада кылды. Бул программа учурда мэрияда сыноодон өтүп жатат. Программалык камсыздоо суроо-талаптарды, тескемелерди, арыздарды, буйруктарды кароого кеткен убакытты бир кыйла азайтат.КУЛМАТОВ шаар башчынын ролун оркестрдин дирижеруна салыштырды. “Жогорудан” да, “төмөндөн” да айтылып келаткан сындарга карабастан өжөрлүк менен ишин улантып жаткан Кулматов билген үчүн ушинтип салыштырып жаткандыр.