Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Административдик комиссиялар тууралуу

2016-06-24 / Мыйзам жаӊылыктары

2016-жылдын 22-мартында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Административдик жоопкерчилик тууралуу Кыргыз Республикасынын Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Кабыл алынган Мыйзам менен Административдик жоопкерчилик тууралуу кодекстин 509-беренеси төмөнкү мазмундагы 2-бөлүк менен толукталды: “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын административдик комиссияларынын ишин түзүү жана уюштуруунун типтүү тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт”.Муну менен Мыйзам жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын административдик комиссияларынын административдик укук бузуулар тууралуу иштерди кароо боюнча статусун бир түрдүү аныктоо, түзүү жана иш тартибин камсыздоо үчүн шарттарды түзөт.