Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Мыйзам жаӊылыктары
Коммуналдык калдыктарды иштетүүнүн типтүү эрежелери: тазалыкка жана жоопкерчиликке системалуу мамиле
Нуржан КОЖОШЕВА, ЖДКЖ Долбоорунун билим жана окутуу боюнча координатору
Коммуналдык калдыктарды иштетүүнүн бирдиктүү типтүү эрежелери муниципалитеттерге чачыранды тажрыйбалардан түшүнүктүү жана башкарууга мүмкүн болгон системага өтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мында таштанды ресурс катары каралат, тарифтер реалдуу өздүк нарк боюнча негизделет, каттамдар жана аянтчалар эрежелерде белгиленет, ал эми тазалык жана жашоочуларды маалымдоо үчүн жоопкерчилик күнүмдүк башкаруучулук циклдин бир бөлүгүнө айланат. Бул документ жергиликтүү бийликтин экологиялык операциялык борбор катары ролун бекемдейт – кызмат көрсөтүүчүлөрдү тандоодон жана логистиканы пландоодон баштап, коомдук угууларды өткөрүүгө жана санитардык абалды көзөмөлдөөгө чейин – ал сиздин аймакта ишке жарамдуу чечимдерге которууга боло турган стандарттарды белгилейт.
Коммуналдык калдыктарды иштетүүнүн типтүү эрежелерин кабыл алуу Кыргыз Республикасындагы калдыктарды иштетүүнүн муниципалдык башкаруу системасын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп калды. Документ КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2025-жылдын 7-июлундагы №01-25/245 буйругу менен бекитилген жана чачыранды практикадан бирдиктүү, системалуу мамилеге өтүүнү белгилейт.
Жакынкы мезгилге чейин өлкөнүн ар кайсы аймактарында калдыктарды чогултууну, ташууну жана жайгаштырууну уюштуруу бир кылка болбой келген. Кээ бир муниципалитеттер эскирген ички актыларга таянса, башкалары өздөрүнүн схемалары боюнча иш алып барышкан, мунун көп учурда эч кандай укуктук негиздери болгон эмес. Натыйжада пландоодо, каржылоодо жана көзөмөлдөөдө, ошондой эле жеке кызмат көрсөтүүчүлөрдү тартууда жана калк менен байланыш түзүүдө кыйынчылыктар болуп келген. Типтүү эрежелердин кабыл алынышы бул ажырымды жоюп, калдыктарды иштетүүнүн ачык-айкын, экономикалык жактан туруктуу жана экологиялык жактан коопсуз системасын куруу үчүн укуктук жана уюштуруучулук базаны түзөт.
Типтүү эрежелер Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жарандардын жагымдуу айлана-чөйрөгө болгон укугун бекемдеген 49-беренесин аткаруу максатында, ошондой эле “Өндүрүштүк жана керектөө калдыктары жөнүндө”, “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдарга ылайык иштелип чыккан. Тактап айтканда, алар “Өндүрүштүк жана керектөө калдыктары жөнүндө” КР Мыйзамынын 17-беренесинин 2-бөлүгүнүн жоболорун ишке ашырууга багытталган. Бул беренеде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары калктуу конуштарда коммуналдык калдыктарды иштетүү системасын уюштурары белгилеген.
Типтүү эрежелер бул ыйгарым укуктарды конкреттештиргенден тышкары, ошону менен бирге муниципалдык органдардан баштап, кызмат көрсөтүүчүлөргө жана керектөөчүлөргө чейинки процесстин бардык катышуучуларынын иш-аракеттеринин бирдиктүү стандарттарын белгилейт. Алардын негизги максаты – коммуналдык калдыктарды сарамжалдуу иштетүү, полигондун көлөмүн азайтуу, кайра иштетүүнү өнүктүрүү жана “калдыктар ресурс катары” принцибин киргизүү.
Калдыктарды иштетүү системасын башкарууда ЖӨБ органдарынын жетектөөчү ролун бекемдөө бул Типтүү эрежелердеги негизги жаңылыктардын бири болуп саналат. Эми алар жергиликтүү эрежелерди жана тарифтерди бекитүү үчүн гана эмес, ошону менен бирге уюштуруучулук чаралардын бүтүндөй комплекси үчүн да жооп беришет. Алар: кызмат көрсөтүүчүнү тандоо, контейнер аянтчаларын орнотуу үчүн жерди аныктоо, таштандыны чыгаруу каттамдарын пландоо, аймактардын санитардык абалын көзөмөлдөө, ошондой эле калк менен маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
Иш жүзүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары калктуу конуштун туруктуу өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүп, аймактагы экологиялык саясаттын борборуна айланууда. Маанилүү өзгөчөлүгү – эми калдыктар “эч кимдики эмес” катары каралбастан, атайын бөлүнгөн жерлерде пайда болгон учурдан тарта муниципалитетке таандык болуп калды. Бул экономикалык жактан туруктуу модель үчүн өбөлгөлөрдү түзөт, мында калдыктар экинчи чийки затты чогултуудан, кайра иштетүүгө чейинки туюк циклдин элементине айланат.
Типтүү эрежелерде калдыктарды чогултууга, ташып чыгарууга, сорттоого, кайра иштетүүгө жана көмүүгө байланышкан бардык чыгымдарды калдыктарды пайда кылгандар – жеке жана юридикалык жактар жабат деп каралган. Ошол эле учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү кеңештер калдыктарды бөлүп-бөлүп чогултуу эрежелерин сактап, алардын санын азайткандарга дем берип, дифференцияланган тарифтерди белгилей алышат.
Мындай ыкма системаны туруктуу каржылоону гана камсыз кылбастан, ошону менен бирге экологиялык жоопкерчиликтүү жүрүм-турум үчүн экономикалык стимулдарды да пайда кылат. Келечекте бул полигондорго түшкөн оорчулуктун азайышына, кайра иштетилүүчү чийки заттын көбөйүшүнө жана сорттоочу пункттардан баштап, пластикти, кагазды жана айнекти кайра иштетүү менен алектенген ишканаларга чейин экосервис чөйрөсүндө чакан бизнестин өнүгүүсүнө шарт түзө алат.
Документте маанилүү орунду жоопкерчилик нормалары ээлейт. Уруксат берилбеген жерлерге таштанды төгүү, таштандыларды өрттөө, санитардык эрежелерди бузуу эми КРнын Жоруктар жөнүндө кодексинде жана башка актыларда каралган укук бузуулар катары так квалификацияланат. Анын үстүнө мындай мыйзам бузуулардын кесепеттерин жоюу жергиликтүү бюджеттерге эмес, күнөөлүүлөргө жүктөлөт. Эгерде мыйзам бузуучуну аныктоо мүмкүн болбосо, чыгым жер ээлерине же муниципалитетке жүктөлөт. Бул алдын ала көзөмөлгө жана коомчулуктун катышуусуна негиз түзөт, себеби жарандар өз аймактарында тартипти жана тазалыкты сактоого кызыкдар болуп калышат.
Калдыктарды иштетүүнүн заманбап системасы – бул жөн гана санитардык зарылчылык эмес, бул экологиялык жана социалдык коопсуздук маселеси. Кыргызстанда жыл сайын жүз миңдеген тонна тиричилик таштандылары пайда болуп турат, алардын басымдуу бөлүгү уруксатсыз таштанды төгүүчү жайларга ташталат. Мындай таштанды топуракты, абаны жана суу ресурстарын булгап, инфекциянын очокторун пайда кылып, адамдардын саламаттыгына коркунуч жаратууда.
Бирдиктүү эрежелерди киргизүү таштандыларды чогултууну жана чыгарууну тартипке келтирүүгө гана эмес, ошондой эле парник газдарынын абага бөлүнүп чыгуусун жана булгоочу заттардын көлөмүн азайтуу менен айлана-чөйрөнү коргоого салым кошууга мүмкүндүк берет. Муниципалитеттер эми полигондорду, сорттоочу жайларды, компосттоо станцияларын жана кайра иштетүүчү жайларды куруу жана модернизациялоо боюнча инвестициялык программаларды даярдай алышат. Мунун баары жаңы жумуш орундарын түзүп, элдин экологиялык сабаттуулугунун деңгээлин жогорулатууга жардам берет.
Типтүү эрежелер ЖӨБ органдарын жана кызмат көрсөтүүчүлөрдү шаар тургундарына калдыктарды сорттоо принциптерин, бөлүп-бөлүп чогултуунун жана кайра иштетүүнүн маанилүүлүгүн түшүндүргөн маалыматтык өнөктүктөрдү үзгүлтүксүз жүргүзүүгө түздөн-түз милдеттендирет. Бул реформанын ийгилиги технологияларга эмес, адамдардын жүрүм-турумуна көз каранды болгон шарттарда өзгөчө маанилүү.
Калдыктарды жоопкерчиликтүү иштетүү маданиятын түзүү чакан кадамдан – ар бир ташталган баштык же бөтөлкө маанилүү экенин түшүнүүдөн башталат. Элди сорттоо, көрктөндүрүү жана коомдук көзөмөлдөө процесстерине тартуу коом менен бийликтин өз ара байланышынын жаңы моделин – экологиялык өнөктөштүк моделин түзүүгө мүмкүндүк берет.
Коммуналдык калдыктарды иштетүүнүн типтүү эрежелери – бул жөн гана ченемдик акт эмес. Бул муниципалитеттердин башкаруучулук, финансылык жана экологиялык натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган туруктуу өнүгүү аспабы болуп саналат. Бирдиктүү стандарттарды киргизүүнүн натыйжасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары иш-аракеттер үчүн так көрсөтмөлөрдү алышты, ал эми жарандар көрсөтүлгөн кызматтардын ачык-айкындуулугун көрө алышты.
Муниципалдык деңгээлде аймактардын санитардык абалы гана эмес, жашоонун сапаты, элдин саламаттыгы жана өлкөнүн экологиялык келечеги маселеси да чечилет. Ошондуктан, Типтүү эрежелерди ишке ашыруу – тазалык, ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу жана айлана-чөйрөгө кам көрүү ар бир адам үчүн кадыресе көрүнүшкө айланган жоопкерчиликтүү коомго карай кадам.
Окшош материалы:
-
№12 (170) / 2025-12-30 Кыргызстанда биринчи жолу катуу тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча райондук программалар даярдалып, бекитилди
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 Муниципалдык мүлктү менчиктештирүү методдорун колдонуу тартиби
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 КРнын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-июнундагы №337 “Муниципалдык мүлктү менчиктештирүү методдорун колдонуу тартибин бекитүү жөнүндө” токтому
-
№6 (164) / 2025-07-14 Муниципалдык кызматкерлер үчүн мамлекеттик тилди билүү деңгээли белгиленди
-
№6 (164) / 2025-07-14 Маалыматтар “Түндүк” тиркемеси аркылуу жеткиликтүү болгон учурда аларды кагаз форматында берүү жана суратуу токтотулат
-
№6 (164) / 2025-07-14 Пластик калдыктарын башкаруунун жаңы тартиби бекитилди
-
№5 (151) / 2024-06-08 Транспорт каражатын ижарага берүүнүн типтүү келишими
-
№5 (151) / 2024-06-08 Келишимдик мамилелер жергиликтүү маанидеги маселелерди ишке ашыруунун аспабы катары











