Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Мыйзам жаӊылыктары
Пластиктин булганышы менен күрөшүүнүн жаңы тартиби
Бакыт БАЙСАКОВ, ӨСИнин консультанты
2025-жылдын 9-апрелинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети №193 “Кыргыз Республикасында пластик калдыктары менен иштөө тартибин бекитүү жөнүндө” токтомду (мындан ары – Тартип) кабыл алды. Бул документ пластик калдыктарын чогултуу, сорттоо, кайра иштетүү жана утилдештирүү сыяктуу процесстерди жөнгө салууга багытталган. Документ экологиялык коопсуздук жана туруктуу өнүктүрүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын бир бөлүгү болуп саналат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн Тартип кылдат иштеп чыгууну жана ресурстук камсыздоону талап кылган бир катар жаңы милдеттерди белгилейт. ЧУАнын мазмунун, анын ЖӨБО үчүн маанисин жана аны ишке ашырууга байланышкан негизги чакырыктарды талдап көрөлү.
Кабыл алынган ченемдик укуктук акт төмөнкү өңүттөрдү камтыган пластик калдыктарын иштетүүнүн комплекстүү тартибин белгилейт.
ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨР
- Чогултуу жана сорттоо системасын уюштуруу. ЖӨБ органдары пластик калдыктарын бөлүп-бөлүп чогултуу үчүн инфраструктураны түзүүгө, анын ичинде турак жай зоналарында, коомдук жайларда жана ишканаларда адистештирилген контейнерлерди орнотууга милдеттүү. Андан ары кайра иштетүү процессин жеңилдетүү үчүн калдыктарды жеринде баштапкы сорттоого талап киргизилип жатат. Пластик калдыктарды ташуу үчүн стандарттар, анын ичинде санитардык коопсуздукка жана экологиялык зыянды азайтууга коюлган талаптар аныкталды.
- Кайра иштетүү жана утилдештирүү. Тартип пластикти кайра иштетүү үчүн инфраструктураны өнүктүрүүгө, анын ичинде механикалык жана химиялык кайра иштетүү сыяктуу заманбап технологияларды колдонууга түрткү берет. ЖӨБ органдары кайра иштетүү менен алектенген жеке компаниялар менен байланышты координациялап, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) механизмдери аркылуу инвестицияларды тартууга көмөктөшүүгө тийиш. Ошондой эле кызмат көрсөтүүчүлөр (операторлор) “Өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги” операторунан1 утилдештирүү жыйымынын төлөмдөрүн чогултуунун эсебинен финансылык колдоо алууга укуктуу.
- Мониторинг жана отчеттуулук. ЖӨБ органдары чогултулган, сорттолгон жана кайра иштетилген пластик калдыктарынын көлөмүн эсепке алууга милдеттүү; ал эми үзгүлтүксүз отчеттуулук Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине берилиши керек, бул болсо эсепке алуу жана көзөмөлдөө системасын киргизүүнү талап кылат. Пластик калдыктары менен иштөө боюнча экологиялык стандарттар киргизилүүдө, ал стандарттардын сакталышын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары текшерүүгө тийиш.
- Агартуу иштери. ЖӨБ органдары калдыктарды өз-өзүнчө чогултуу жана пластиктен булгануунун зыяндуулугу жөнүндө маалымдоого багытталган калк үчүн маалыматтык-агартуучу өнөктүктөрдү уюштурууга тийиш; экологиялык маданиятты калыптандыруу үчүн мектептерди, коомдук уюмдарды жана ЖМКны тартууга өзгөчө көңүл бурулушу керек.
- Өзгөчөлүктөр жана чектөөлөр. Тартип радиоактивдүү, биологиялык жана медициналык калдыктарга жайылтылбайт, бул анын чөйрөсүн тактап, калдыктардын башка түрлөрү менен чаташтырууну жокко чыгарат.
ЧАКЫРЫКТАР
Анткен менен, Тартипти ишке ашыруу мамлекеттик органдардын комплекстүү мамилесин жана колдоосун талап кылган олуттуу чакырыктар менен байланышкан.
- Финансылык чектөөлөр. Инфраструктураны түзүү (контейнерлерди сатып алуу, кабыл алуу пункттарын уюштуруу, транспорттук системаларды модернизациялоо) олуттуу капиталдык салымдарды талап кылат; би-рок айыл өкмөтүндө финансылык каражаттардын таңкыстыгы бар, бул болсо кошумча каржылоосуз талаптарды аткарууну кыйындатат; ал эми оператор (ЖӨБ органы жана кызмат көрсөтүүчү) менен “Өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги” Операторунун ортосунда каржылоонун так механизмдеринин жоктугу кырдаалды курчутууда.
- Уюштурууга байланышкан кыйынчылыктар. Элет жергесинде калдыктарды чогултуу жана кайра иштетүү системаларын башкаруу үчүн квалификациялуу кадрлардын тартыштыгы байкалууда. ЖӨБ органдарынын, жеке компаниялардын жана мамлекеттик органдардын ортосунда координациялоо зарылдыгы ишке киргизүү процессин татаалдаштырып жатат; ал эми методикалык сунуштамалардын жана стандартка салынган жол-жоболордун жоктугу Тартипти бир калыпта эмес колдонууга алып келиши мүмкүн.
- Калктын экологиялык маданиятынын төмөндүгү. Көпчүлүк аймактарда калк калдыктарды өз-өзүнчө чогултууга көнө элек, бул болсо жүрүм-турум адаттарын өзгөртүү үчүн олуттуу күч-аракеттерди талап кылып жатат. Ошол эле учурда масштабдуу агартуу өнөктүктөрүн жүргүзүү үчүн ресурстардын жетишсиздиги чаралардын натыйжалуулугун төмөндөтүшү мүмкүн.
- Инфраструктуралык чектөөлөр. Көптөгөн айыл өкмөттөрүндө калдыктарды чогултуу жана ташуу үчүн негизги инфраструктура жок, бул болсо талаптарды аткарууну кыйындатат. Региондордо пластикти кайра иштетүү технологияларына жеткиликтүүлүктүн чектелүү болушу калдыктарды утилдештирүүнүн ордуна алардын топтолушуна алып келиши мүмкүн.
СУНУШТАМАЛАР
Тартипти ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкү багыттар боюнча ишти азыртадан баштоо сунушталат.
- Каржылоо пландарын иштеп чыгыңыз. Бул үчүн инфраструктураны түзүү жана кызматкерлерди даярдоо үчүн субсидиялоо же гранттарды тартуу маселеси боюнча мамлекеттик органдар менен байланыш түзө баштоо зарыл. Пландар жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоонун көлөмүн жана тышкы ресурстарды издеп, тартуу үчүн жетпей жаткан финансылык каражаттардын көлөмүн аныктоого тийиш.
- Инфраструктураны түзүү. Пластик калдыктарын кайра иштетүүчүлөр менен байланыш түзүү боюнча иштерди башташ керек. Мисалы, пластик калдыктарын чогултуу пункттарын ачуу боюнча макулдашууларды түзүү, кызмат көрсөтүүчүлөрдүн пластик калдыктарын өз алдынча чыгарып кетүү маселелерин чечүү зарыл.
- Пилоттук долбоорлорду демилгелеңиз. Пластик чогултуу жана кайра иштетүү моделдерин сыноо максатында чакан калктуу конуштар менен тестирлөөдөн баштаңыз, андан кийин алардын масштабын кеңейтсе болот. Пилоттук тестирлөөнүн алкагында пластик таштандыларды чогултуу/кабыл алуу пункттарын уюштуруу үчүн жеке секторду тарта аласыз. Пластик калдыктарды иштетүү процессине жеке секторду тартуу жана өз ара аракеттенүүнүн башка ыкмаларын карап чыгуу зарыл.
- Агартуу иштерин күчөтүү абзел. Өнөктүктөрдү, анын ичинде мектеп программаларын жана коомдук иш-чараларды өткөрүү үчүн билим берүү мекемелери жана коммерциялык эмес уюмдар менен кызматташуу зарыл.
- Методикалык сунуштамаларды даярдаңыз. Мамлекеттик органдар менен биргеликте Тартипти ишке ашыруу боюнча так нускамаларды, анын ичинде контейнерлерге, ташууга жана отчеттуулукка коюлган стандарттарды түзүңүз.
- Жеке секторду тартыңыз. Кайра иштетүүгөжана инфраструктураны модернизациялоого инвестицияларды тартуу үчүн МЖӨ механизмдерин жигердүү колдонуу абзел. Ошондой эле калктын жигердүү катмарын: коммерциялык эмес уюмдарды, жаштарды жана аялдарды тартуу зарыл.
ТЫЯНАКТАР
Белгилей кетсек, Тартиптин кабыл алынышы Кыргыз Республикасында пластиктик булгануу көйгөйүн чечүүдө маанилүү кадам болуп саналат. Тартип жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына инфраструктураны түзүүдө, жеке сектор менен координациялоодо жана элдин экологиялык маалымдуулугун жогорулатууда өзөктүк ролду өткөрүп берет. Анткен менен, ийгиликтүү ишке ашыруу финансылык, уюштуруучулук жана башка чакырыктарды жеңүүнү талап кылат. Бул үчүн кошумча ресурстар, методикалык колдоо жана координациялоонун так механизмдери зарыл. Туура мамиле кылуу менен бул Тартипти ишке ашыруу пластик калдыктарын туруктуу иштетүү жана өлкөдөгү экологиялык абалды жакшыртуу үчүн негиз боло алат, муну менен бул процесстин негизги катышуучулары катары ЖӨБ органдарынын ролун бекемдейт.
__________
1 Кыргыз Республикасындагы Кеңейтилген өндүрүүчүнүн жоопкерчилиги оператору (КӨЖ) КР Өкмөтүнүн 2025-жылдын 9-июнундагы (2025-жылдын 17-июнунда күчүнө кирген) № 325 токтому менен түзүлгөн Жаратылыш ресурстар министрлигине караштуу «Эко оператор» мамлекеттик ишканасы болуп саналат. 2025-жылдын 1-январынан тартып өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар же товарлардын жана таңгактардын бекитилген тизмелери боюнча кайра иштетүү стандарттарын сакташат (2024-жылдын 19-июнундагы № 322 токтом; тизме 24 категорияны камтыйт) же Жаратылыш ресурстар министрлигине кайра иштетүү үчүн төлөм төлөшөт; чогултулган каражаттар КӨЖ операторуна өткөрүлүп берилет, ал аларды пайдаланууну жана кайра иштетүү инфраструктурасын каржылоону көзөмөлдөйт.
Окшош материалы:
-
№12 (170) / 2025-12-30 Коммуналдык калдыктарды иштетүүнүн типтүү эрежелери: тазалыкка жана жоопкерчиликке системалуу мамиле
-
№12 (170) / 2025-12-30 Кыргызстанда биринчи жолу катуу тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча райондук программалар даярдалып, бекитилди
-
№9 (167) / 2025-09-21 Коммуналдык калдыктар менен иштөөнүн Типтүү эрежелери бекитилди
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 Муниципалдык мүлктү менчиктештирүү методдорун колдонуу тартиби
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 КРнын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-июнундагы №337 “Муниципалдык мүлктү менчиктештирүү методдорун колдонуу тартибин бекитүү жөнүндө” токтому
-
№6 (164) / 2025-07-14 Муниципалдык кызматкерлер үчүн мамлекеттик тилди билүү деңгээли белгиленди
-
№6 (164) / 2025-07-14 Маалыматтар “Түндүк” тиркемеси аркылуу жеткиликтүү болгон учурда аларды кагаз форматында берүү жана суратуу токтотулат











