Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

12 (170) 30 Декабрь 2025

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кыргызстанда биринчи жолу катуу тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча райондук программалар даярдалып, бекитилди

2025-12-30 / Мыйзам жаӊылыктары
Кыргызстанда биринчи жолу катуу тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча райондук программалар даярдалып, бекитилди

Нурбек ИМАКЕЕВ, ЖДКЖ Долбоорунун жергиликтүү деңгээлде иш алып баруу боюнча менеджери

Швейцария Өкмөтү каржылап, Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту аткарып келаткан “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбоорунун колдоосу менен Кыргыз Республикасынын алты максаттуу районунда биринчи жолу катуу коммуналдык калдыктарды (ККК) иштетүүнүн райондук программалары иштелип чыгып, бекитилди. Райондук программалар 2023-жылдын 15-августундагы “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” КР Мыйзамынын жоболоруна ылайык даярдалды.

“Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” КР Мыйзамынын 5-беренесинде калдыктар менен иштөө жаатындагы регионалдык программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, ошондой эле мамлекеттик программаларды аткаруу жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ыйгарым укуктарына кирери белгиленген.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондору, Жалал-Абад облусунун Аксы жана Ноокен райондору, Чүй облусунун Чүй району жана Талас облусунун Бакай-Ата райондору ЖДКЖ Долбоорунун максаттуу райондору болуп саналат.

Калдыктарды иштетүү жаатында регионалдык программалар үчүн бирдиктүү стандарт болбогондуктан, ЖДКЖ Долбоору өзүнүн программасынын формасын сунуштаган.

КККны иштетүү программасы жалпысынан райондун аймагында калдыктарды иштетүү чөйрөсүндөгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын биргелешкен ишинин негизги милдеттерин жана багыттарын аныктайт. Программанын максаты – катуу коммуналдык калдыктарды иштетүүнүн натыйжалуу, экологиялык жактан коопсуз жана экономикалык жактан максатка ылайыктуу системасын киргизүүнүн эсебинен калктын саламаттыгын чыңдоо жана калдыктардын айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин азайтуу. 

Программа өзүнчө ар бир муниципалитеттин жана жалпысынан райондун учурдагы абалына талдоону камтып, салыштырмалуу оңой чечилүүчү көйгөйлөрдү иретке салуудан баштайт жана КККны заманбап иштетүү системасын түзүү процессин карап чыгуу менен жыйынтыктап, андан ары өнүктүрүүнүн варианттарын сунуштайт.

Калдыктарды иштетүү чөйрөсүндө түзүлгөн кырдаалды талдап жатканда КККнын пайда болуусунун нормалары, башкаруу системасы, калдыктарды чогултуу жана эсепке алуу каражаттары, колдонуудагы полигондор жана бекитилген тарифтер каралды. Андан соң калдыктардын пайда болушунун болжолу эсепке алынган КККнын көлөмүнө, пайда болуусунун эсепке алынган нормасына жана райондун калкына негизделет.

Ушундан кийин КР мыйзамдарынын талаптарына, анын ичинде улуттук деңгээлдеги ченемдик-укуктук актыларына, калдыктарды иштетүү маселелерине тиешелүү мамлекеттик программаларга жана стратегияларга, Министрлер Кабинетинин тийиштүү актыларына жана калдыктарды иштетүүнүн жергиликтүү эрежелерине сереп жасалат.

Программада ошондой эле эл аралык тажрыйбаны жана практиканы, жеткиликтүү технологияларды жана КККны иштетүү системасынын компоненттерин эске алуу менен калдыктарды иштетүүнүн түрдүү ыкмаларына сереп жасалды. Алсак, калдыктарды иштетүүнүн жалпы тарабынан кабыл алынган иерархиясына ылайык пландоого жалпы мамиле калдыктарды иштетүү милдеттеринин артыкчылыктуулугуна негизделүүгө тийиш (1-сүрөттү караңыз).

Программа бери дегенде төмөнкүдөй максаттарга жетиши керек:  

  • калдыктарды болтурбоо боюнча жакшы мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу менен алардын пайда болушуна жол бербөө, жеткиликтүү техникалык ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана керектөөчүлөрдүн бул жааттагы туура жүрүм-турумуна узак мөөнөттүү көмөк көрсөтүү жолу менен калдыктардын жалпы көлөмүн олуттуу кыскартууну камсыз кылуу;
  • буга чейин пайда болгон калдыктарга карата:
    • калдыктар кооптуу болбогонун, ошондой эле айлана-чөйрөгө жана ден соолукка чоң коркунуч келтирбей турганын текшерүү;
    • калдыктардын басымдуу бөлүгү экономикалык жүгүртүүгө, кайра иштетүүгө жана айлана-чөйрөгө, мисалы, компост сыяктуу коопсуз формада кайтып келүүсүн камсыз кылуу;
    • көмүлгөн калдыктардын саны мүмкүн болушунча азайганына жана жок кылынганына же айлана-чөйрө жана адамдын ден соолугу үчүн коопсуз жол менен көмүлгөнүнө ынануу;
    • калдыктар, мүмкүн болсо, пайда болгон жерине жакын жерде кайра иштетилет.

Калдыктарды иштетүү системасын уюштуруу менен муниципалитеттер ачык жана текшерилген иерархия боюнча иш алып барууга тийиш: биринчи кезекте “таза” технологияларды жана аяр керектөөнү өнүктүрүү менен калдыктардын пайда болушун алдын алуу; андан ары – алардын көлөмүн жана коркунучун азайтуу; экинчи материалдарды жана энергияны алуу менен мүмкүн болушунча көбүрөөк кайра иштетүү; калган көлөмдөрдү адамдар, айлана-чөйрө жана мүлк үчүн коопсуз жерде көмүү; эски полигондорду жаап, ошол эле маалда полигондордун толтурулган карталарын кошкондо рекультивациялоону жүргүзүү зарыл. Ушунун негизинде программада болжолдуу сметалар менен техникалык жана технологиялык чечимдердин альтернативалары каралып чыгат, андан кийин – ЖӨБдүн жана райондун финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен – варианттарды салыштыруу жүргүзүлөт жана конкреттүү аймак үчүн эң ылайыктуусу тандалат. Буга кошумча, ири инвестицияларды талап кылбаган тез өзгөрүүлөр сүрөттөлөт жана баштапкы кадамдар реалдуу жана башкара алгыдай болушу үчүн тобокелдиктерге талдоо жасалат.

Катуу коммуналдык калдыктарды иштетүү боюнча бардык кабыл алынган алты регионалдык программага жасалган серептин негизинде өлкөнүн бардык аймактарында колдонулса боло турган төмөнкү тыянактарды жасоого болот. 

Аймактын географиялык өзгөчөлүгүнө жараша бир же эки гана таштанды полигону иштеши керек. Бардык уруксат берилбеген полигондор жана таштанды төгүлчү жайлар жабылып, рекультивацияланууга тийиш.

Ар бир муниципалитетте коммуналдык калдыктарды иштетүүнүн жергиликтүү эрежелери кабыл алынышы керек. Калдыктарды иштетүүнүн типтүү эрежелери КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин буйругу менен бекитилген.

Чогултулган жана көмүлгөн калдыктарды катуу эсепке алуу зарыл. Ошондой эле калдыктарга морфологиялык талдоо жүргүзүү жана калдыктардын пайда болуу нормаларын бекитүү зарыл.

КККны чогултууга, ташып чыгарууга жана жайгаштырууга тарифтер экономикалык жактан жүйөлүү болуп, кызмат көрсөтүүчүлөрдүн бардык чыгымдарын жабууга тийиш. Зарыл болгон учурда тарифтин бир бөлүгү жергиликтүү бюджеттен субсидиялардын эсебинен компенсацияланса болот.

Калдыктарды иштетүү, анын ичинде аларды сорттоо, таштандыларды чогултуу жана ташып чыгаруу боюнча абоненттик келишимдерди түзүү, тарифтерди өз убагында төлөө маселелери боюнча калкты маалымдап, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл.

 

Окшош материалы: