Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү кеңештердин төрагаларынын эмгек акысын төлөө жөнүндө

2016-11-03 / Мыйзам жаӊылыктары

“Коомдук башталышта иштеген айылдык кеңештердин төрагаларынын бир жолку компенсациясы жөнүндө” Жобо бекитилди. 2016-жылдын 12-октябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин №01-24/166 буйругу менен “Коомдук башталышта иштеген айылдык кеңештердин төрагаларынын бир жолку компенсациясы жөнүндө” Жобо бекитилди. Ошондой эле бул буйрук менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү бюджеттеги каражаттардан айылдык кеңештин төрагаларына бир жолку компенсацияны төлөп берүү сунушталат.

Коомдук башталышта иштеген айылдык кеңештердин төрагаларынын бир жолку ком- пенсациясы жөнүндө ЖОБО Айылдык кеңештин сессиясы иштеген мезгилде, айылдык кеңештин төрагасынын бир жолку компенсациясын эсептөө үчүн айыл өкмөт башчысынын кызматтык эмгек акысы негиз катары болот. Эсептөө төмөнкүдөй жүргүзүлөт. Кызматтык эмгек акы тиешелүү айда иш күндөрдүн санына бөлүнөт, ошондо компенсациянын бир иш күндүк суммасын түзөт жана ошол сумма кеңеш иштеп жаткан сессиялык күндөргө көбөйтүлөт. Бир календардык айдын ичинде 23 жумушчу күнгө чейин болушу мүмкүн. Ошондуктан, айылдык кеңеште кайсыл айда сессия өткөрүлгөнүн жана ошол айда канча иш күн болгонуна ылайык эсептөө жүргүзүлөт. Коомдук башталышта иштеген айылдык кеңештердин төрагаларынын бир жолку компенсациясы төмөнкү формулага ылайык аныкталат: БКС=К1*СКС К1=КЭА/ИК(N) мында: БКС-сессия иштеген мезгилиндеги айылдык кеңештин төрагасынын бир жолку компенсациясынын суммасы; К1- айылдык кеңештин бир иш күнү үчүн компенсация; СКС - Сессиялык күндөрдүн саны; КЭА - Айыл өкмөт башчысынын кызматтык эмгек акысы; ИК(N)-тиешелүү айдагы иш күндөр. Бир жолку төлөнүүчү компенсация, киреше салыгын жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөрдү кармап калуу менен жүргүзүлөт. Мисалы: формулага ылайык, БКС=К1*СКС 14300=650*22: 650 * 1 = 650 (К1); К1=КЭА/ИК (N) К1=14300 / 22.