Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Мыйзам жаӊылыктары
Муниципалдык кызмат жөнүндө
2016-жылдын 30-майында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КР Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2016-жылдын 21-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты – мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга кадрларды тандоо системасын жана кызматчылардын натыйжалуу,жемиштүү жана жоопкерчиликтүү иштөөсүнө түрткү болуучу материалдык жана материалдык эмес мотивдештирүү механизмдерин жакшыртуу. Жыйынтыгында бул мамлекеттик башкаруу системасын жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртууга көмөктөшөт. Кабыл алынган Мыйзамда мамлекеттик жана муниципалдык кызмат өтөөнүн бирдиктүү укуктук негиздери аныкталган. Кызматкердин ишмердигинин жыйынтыктары, сиңирген эмгегине жараша баа берүү жана кызматка көтөрүү бири-бирине тыгыз байланыштырылган. Бул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тарта 2004-жылдын 11-августундагы №114 “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” КР Мыйзамы жана 2004-жылдын 21-августундагы №165 “Муниципалдык кызмат жөнүндө” КР Мыйзамы күчүн жоготту
Окшош материалы:
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 Муниципалдык мүлктү менчиктештирүү методдорун колдонуу тартиби
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 КРнын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-июнундагы №337 “Муниципалдык мүлктү менчиктештирүү методдорун колдонуу тартибин бекитүү жөнүндө” токтому
-
№6 (164) / 2025-07-14 Муниципалдык кызматкерлер үчүн мамлекеттик тилди билүү деңгээли белгиленди
-
№6 (164) / 2025-07-14 Маалыматтар “Түндүк” тиркемеси аркылуу жеткиликтүү болгон учурда аларды кагаз форматында берүү жана суратуу токтотулат
-
№6 (164) / 2025-07-14 Пластик калдыктарын башкаруунун жаңы тартиби бекитилди
-
№5 (151) / 2024-06-08 Транспорт каражатын ижарага берүүнүн типтүү келишими
-
№5 (151) / 2024-06-08 Келишимдик мамилелер жергиликтүү маанидеги маселелерди ишке ашыруунун аспабы катары
-
№5 (151) / 2024-06-08 Саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын ишин уюштуруу маселелери жөнгө салынды