Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү маанидеги жаңы маселе – калкка консультациялык-укуктук жардам жөнүндө

2016-11-04 / Мыйзам жаӊылыктары

2016-жылдын 12-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек АТАМБАЕВ “КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР Мыйзамына кол койду. Бул Мыйзам “Кыргыз Республикасынын адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизет.

 Мыйзам калктын мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардамына жеткиликтүүлүгүн камсыздоого багытталган. Мисалы, “Кыргыз Республикасынын адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө” КР Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор: кепилденген юридикалык жардам системасынын алкагында квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөн Адвокаттардын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин тактайт; кепилденген юридикалык жардам системасында адвокатура институтуна катышуу жолдорун бекитет; жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тийиштүү макулдашуу түзүүнүн негизинде адвокатура институтунун калкка консультативдик-укуктук жардам көрсөтүү укугун аныктайт.

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр төм. караштырат: аталган Мыйзамга “консультациялык-укуктук жардам” терминин киргизет. Бул - Кыргыз Республикасынын укуктук системасы, укук субъекттеринин укуктары жана милдеттери, соттук жана соттон тышкаркы тартипте укуктарды ишке ашыруу жана пайдалануу ыкмалары жөнүндө маалымдоо; укук маселелери боюнча консультациялоо; укуктук мүнөздөгү документтерди түзүүгө жардам берүү; квалификациялуу юридикалык жардамдын аныктамасына туш келбеген, мазмуну «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган жардамдын башка түрлөрү; ЖӨБ органдарынын калкка консультациялык-укуктук жардам көрсөтүүсү тууралуу жобону жергиликтүү маанидеги маселелер тизмегине кошуу; калкка укуктук жардам көрсөтүү системасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча шаар мэриясына, айыл өкмөтүнө ыйгарым укуктарды берүү