Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Көчөгө жарык берүү

2016-12-09 / АДК ЖАНА ЖӨБ ӨНӨКТӨШТҮГҮ

Арал айылдык аймагы, Түп району, Ысык-Көл облусу – конкурста ээлеген төртүнчү орун үчүн 30 000 сом көлөмүндө байге.

Кош-Дөбө айылынын калкы ынтымактуу жана жигердүү. Айылдагы дээрлик бардык имараттар жана инфраструктура жашоочулардын күчү менен тургузулган. Мисалы, мектеп, фельдшердик-акушердик пункт, мечит жана суу түтүк тармагы ашар жолу менен оңдолгон. Эгерде жергиликтүү тургундар болбогондо, бул айылда ыңгайлуу шарттар тууралуу сөз да жүрмөк эмес. Жамаат аймактагы жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө дайыма жигердүү катышып келет. 2014 жылы АДК күчү менен калктын саламаттык детерминанттарына тиешелүү көйгөйлөрдү аныктоо боюнча ЖМБА-иш чаралары өткөрүлгөн. Анда төмөнкүдөй көйгөйлөр аныкталган: мектепке чейинки курактагы балдардын, спорттун өнүгүүсүнө шарттардын жоктугу, жарык өткөрүлбөгөн караңгы көчөлөр жана ички жолдордун адам кейитээрлик абалы.Бул көйгөйлөрдүн басымдуу бөлүгү жамаат менен ЖӨБ органдарынын Биргелешкен аракеттер планына жана аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасына кирди.
Айыл өкмөтү жарандардын демилгесин колдоп, көчөлөрдө жарыктын жоктугу жана жолдорду оңдоо көйгөйлөрүн жарым-жартылай чечип, элеттиктердин турмушун бир аз да болсо оңдой алды. Жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн 17 000 сомго ички жолдордун 600 метри оңдолуп, 32 000 сомго 4 жарык берүүчү чырак орнотулду. Мунун баары-на ЖӨБ органдарынын, АДКнын жана жергиликтүүжамааттын биргелешкен жана тыгыз кызматташуусу аркылуу жетишти. Көйгөйлөрдү чечүү менен ЖӨБ органдарында жана жамаатта келечекке ишеним пайда болуп, жалпы көйгөйлөрдү чечүүдө активдүүлүк күчөдү. Бүгүнкү күндө айылдын башка бөлүктөрүнө жарык берүү маселеси калды. Ошондой эле ушул кезге чейин жергиликтүү бюджеттен каражат жетпегендиктен чечилбей келген жолдордун ремонтун бүтүрүү зарыл. Жарыктандыруу жана жолдорду оңдоо маселесинин чечилиши менен айыл тургундарынын турмуш шарты да бир кыйла жакшырат. Жарык келип,жолдор оңдолгондо жол кырсыктарына байланыштуу көйгөйлөр да азайып, ошондой эле айылда кылмыштуулуктун саны да кыскарат. Муну менен бирге айылдын бакубатчылык деңгээли өсөт. Ыйгарылган байгенин алкагында айыл өкмөтүнүн балансына жети көчө чырагын орнотуу үчүн жабдуулар өткөрүлүп берилди.