Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЫРААЗЫЧЫЛЫК

2017-09-30 / АДК жана ЖӨБ өнөктөштүгү

Өнүктүрүү саясат институту "АДК үнү" Долбоорунун чакан, бирок өтө натыйжалуу командасына мыкты иши үчүн ыраазычылыгын билдирет.

Ар бир долбоордун ийгиликтүү ишинин жана жетишилген жыйынтыктардын артында дайыма бир команданын – долбоордун бенефициарларынын жашоосун жакшыртуу максатында бириккен адамдардын чоң эмгеги жатат. "АДК үнү" Долбоорунун ийгилиги көп учурда дал ушул аз сандагы адамдардын командалык ишине байланыштуу болду. Долбоор өлкөнүн жети аймагындагы 25 айылды камтыган кеңири географиясынан улам, анын көп сандагы түрдүү катышуучулары менен өз ара аракеттенүү зарылчылыгына байланыштуу да долбоорду ишке ашыруу татаал болду. Долбоор айылдык ден соолук комитеттери, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, жергиликтүү активисттер жана карапайым элет тургундары менен иш алып барды. Мындай кеңири чөйрөдө багытты жоготуп албоо үчүн өтө көп күч жумшалды.

Долбоордун башында АДК жана ЖӨБОтараптан түшүнбөстүктөр болду. Бирок АДК менен ЖӨБО орток тил табуу жөндөмдүүлүгүнүн натыйжасында, долбоордун адистеринин ар бир тараптын тилин таап, өз ара диалог түзө билүү жөндөмүнөнулам татыктуу жыйынтыктарга жетүү мүмкүн болду. Долбоордун командасы ар бир этапты баштаар алдында колдогу аспаптарды жаңы чөйрөдө кантип колдонсо болоорун үйрөнүп, адаптация процессте- ринен өтүп турушту. Долбоордун адистеринин чыныгы өзгөрүүлөргө жетүү каалоосу, тырышчаактыгы, алдыга койгон максатка умтулуусу процесстин ийгилигин камсыздады. Жамаат ичиндеги командалык иш дагы маанилүү көрсөткүчтөрдүн бири болуп эсептелет. Мында команданын ар бир мүчөсү тапшырманын бир бөлүгүн аткаруу үчүн өзүнө жоопкерчилик алат. Бул болсо акыр аягында жалпы бир көрүнүштү пайда кылат. Жамааттар менен иштешүү боюнча адистер Жылдыз КЕРИМОВА жана Кулубек ТУРГАНБАЕВ, ошондой эле "Кыргызстан айылдык ден соолук комитеттери" Ассоциациясынын адистери долбоордун ишин аткаруу боюнча негизги жүктү көтөрүшкөнүн белгилей кетүү зарыл. Алар айлап иш сапарларында жүрүп, долбоордун жыйынтыктарына жетүү үчүн болгон убактысын жана күчүн жумшашты.

Алар Айылдык ден соолук комитеттеринин да, айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин да тилин таап, алардын башын бириктирип, диалог түзүүгө жардам беришти. Буга тренингдердин сериялары көмөкчү болду. Бул тренингдерде адистер тренерлердин ролун аткарышып, ошол эле маалда өздөрү да процесс учурунда көп нерсени үйрөнүштү. "АДК үнү" долбоорунда иштегенге чейин Жылдыз КЕРИМОВА түрдүү долбоорлордо иштөө тажрыйбасына ээ болуп калган жана жаңы долбоордогу ишке билек түрө киришти. Жылдыз долбоордун кеңири географиясынан корккон жок. Ал тренингди өткөрүш үчүн жүздөгөн километрди кабагым-кашым дебей өтүп, бир күндө Таластан Жалал-Абадга жетип, ошол эле күнү кечинде Баткен облусуна жол тартып кетчү. Бешенеси жарык жана ачык мүнөз Жылдыз пилоттук Айылдык ден соолук комитеттеринин өкүлдөрүнүн тилин тез эле тапты. Көп өтпөй Жылдызды аймактарда жакын адамындай эле тосуп ала башташты. Жылдыздын дал ушундай ачыктыгынан улам АДКнын долбоорго ишеними жогорку деңгээлде болду. Кулубек ТУРГАНБАЕВ долбоордо иштегенге чейин эле аймактарда тренингдерди өткөрүү тажрыйбасына ээ болгон.

Бирок жамааттар менен иштөө тажрыйбасы бир аз жетишпей турган эле. Ошентсе да бул жагдай ага долбоордун ишине жигердүү аралашып, өзүнүн кесипкөй көндүмдөрүн кеңейтүүгө тоскоол болгон жок. Кулубек бизге таланттуу тренер катары таанылды. Ал угуучуларгажөн гана окуу материалдарын жеткирип бербестен, ошол эле маалда аларда жумушчу маанайды пайда кылып, шыктандырууга да жөндөмдүү болду. Кулубектин көптү билүүгө умтулуусунун натыйжасында ал долбоордун алкактары менен белгилеген компетенциясынын чегинен чыга алды. Кулубек жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдар менен таанышып чыгып, пилоттук айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кеп-кеңеш берип, долбоордун алдындагы өз милдеттенмелери менен гана чектелип калган жок. Мунун натыйжасында ал пилоттук айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин ишенимине жана урматына ээ болду. Долбоордун менеджери Айнура ЖУНУШАЛИЕВА бекем таяныч болуп берди. Ал жумуштарды пландоо, уюштуруу жана аткаруу, сатып алуулар жана отчеттуулук үчүн болгон жоопкерчиликти өзүнө алып, Дүйнөлүк банктын долбоорун башкаруу боюнча татаал жол жоболорду өздөштүрүп кетти.