Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Калктын АДКга болгон ишеними өстү

2017-09-26 / АДК жана ЖӨБ өнөктөштүгү
Калктын АДКга болгон ишеними өстү

2017-жылдын башында “АДК үнү” Долбоору 25 пилоттук айылдын калкы арасында өз күчү менен сурамжылоо жүргүзгөн. Алынган жыйынтыктар долбоордун прогрессине жасалган анализге иллюстрация болуп берди. Анткени 2015-жылы өткөрүлгөн ушундай эле сурамжылоонун жыйынтыктары менен жоопторду салыштырууга жол берди. Сурамжылоого 678 бенефициар – пилоттук АДК иштеген пилоттук айылдардын жашоочулары катышты.

Кыргызстанда элдин бийликке болгон ишеними тууралуу акыркы жылдары барган сайын катуурак айта башташты. Калктын пикирин эсепке алуу үчүн 2012-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети Калктын ишеним индексин эсептеп келатат жана динамика көрсөткөндөй, калктын бийлик органдарына болгон ишеними өсүүдө. 2012-жылдын этегинде 5,5 көлөмүндө болгон индекстин терс маанисинен бул көрсөткүчтү 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгынын соңунда 26,6га чейин көтөрүү мүмкүн болду. Калктын жергиликтүү бийлик органдарына болгон ишеними да өсүүдө. Айталы, 2012-жылы 15,4 деген чекиттен башталып, 2017-жылдын биринчи жарым жылынын соңунда көрсөткүчтү 42,9га чейин жогорулатуу менен жергиликтүү бийлик органдары калктын ишенимине ээ болушту. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өзгөчө элет жергелеринде калкка баарынан да жакын бийлик органы катары конкреттүү аймактын жана конкреттүү жамааттын социалдык жана экономикалык өнүгүүсү үчүн өз жамааттары алдында жоопкерчиликтин чоң жүгүн өздөрүнө алышкан.

Оң маанайдагы өзгөрүүлөр калк менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ортосундагы мамилелер өзгөргөнүн тастыктап турат. Өткөн жылдары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймактын жана жамааттын өнүгүүсү боюнча милдетенмелерди өзүнө алгысы келбегени негизги көйгөйлөрдүн бири болуп эсептелген. Бул жерде кептин баары жергиликтүү бюджеттин чектелүү болгонунда эмес. Анткени бюджети чакан болсо да жергиликтүү өз алдынча башкаруу оң динамиканы сактап келген мисалдар көп эле. Кептин баары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өзүн өзү идентификациялоосунда жатат. Алар өздрүн жамаатка кошушабы же мамлекеттик машинанын бир бөлүгү катары гана карашабы – кеп ушунда. Бул көйгөй аткаруучу органдарга – айыл өкмөтүнө жана мэрияга гана эмес, жергиликтүү кеңештерге да тиешелүү. Депутаттар айлык акыны жана мүмкүн болгон жеңилдиктерди талап кылуу менен, өздөрүн мамлекеттик кызматчылардын категориясына кошуу аракетин токтотпой келишти. Жамааттын үнүн жеткирүү үчүн депутатты өзүнүн өкүлү катары шайлоо менен жамаат аларга миссияны жүктөп жатканын түшүнбөстөн көптөр шайлоого барышат. Депутаттарды тандап алуу уруучулук же кландык тиешелүүлүгү принциби боюнча ишке ашууда.

Бул көйгөй азыркы күнгө чейин курч турат жана адамдар кантип жана кимге өз добушун берип жатканын түшүнө тургандай калктын аң-сезимин өзгөртүү зарыл. Өз кезегинде айыл өкмөтүнүн башчылары жана кызматкерлери өз жамааттары алдында жоопкерчиликти сезишпейт. Алар өз жамаатынын көйгөйлөрүн чечүү үчүн шайланганын жана дайындалганын эстеринен чыгарып коюшат. Өз жамааты тарабынан нааразылыкка караганда, аларды мамлекеттик органдар алдындагы жоопкерчилик көбүрөөк кооптондурат. Анткени дайыма эле оолак болуп, калк менен өз ара аракеттенүүнү таптакыр эле токтотуп коюу тактикасын тандап алса болот да. Тилекке каршы, дал ушундай мамиле үчүн калк кызматкерлерди жана атүгүл айыл өкмөт башчысын да жоопкерчиликке тарта албайт. Өз кезегинде мамлекеттик органдар да айыл өкмөтүнө барган сайын көбүрөөк иш-милдеттерди жүктөп, муну менен башчылардын аң-сезиминде башаламан артыкчылыктарды бекитип коюшат. Анткен менен калктын ишеним индексиндеги өзгөрүүлөр жергиликтүү бийлик органдарынын ишинде бир нерсе өзгөргөнүн көрсөтүп турат. Салыштырмалуу анализ биз эмнелерди жакшыраак жасап, бул иштерди уланта беришибиз керектигин түшүнүү үчүн зарыл. Анткени калктын ишеним индексин жогорулатуу коомчулукта чыңалуу азайганын кыйыр түрдө тастыктап турат.

Бул болсо ыңкылаптардан жана элдик толкундоолордон чарчаган Кыргызстан өңдүү чакан өлкө үчүн өтө маанилүү. Эмесе, биз мындан кандай пайдалуу сабак алсак болот жана эмнелерди жакшыраак жасай баштаганыбызды кантип түшүнө алабыз? Мындан ары да кайсы иштерди уланта алабыз? “АДК үнү” долбоорунун алкагында орун алган өзгөрүүлөрдү мисал катары кароо менен бул суроолорго жоопторду таба алабыз. Айылдык ден соолук комитеттеринин – бир айылдын же анын бир бөлүгүнүн деңгээлинде элеттик жамааттын ден соолугунун кызыкчылыгында иш алып барган жамааттык уюмдардын потенциалын жогорулатуу бул долбоордун максаты болду. Долбоордун иш-чараларын ишке ашыруунун алкагында тандалып алынган АДК саламаттык детерминанттары маселелери боюнча өз жамаатынын кызыкчылыктарын илгерилетүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүнү үйрөнүштү. Иштин бардык этаптарында АДК менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары биргелешип иштешти. Экөөндө тең бул процессте бирибиринин ролун түшүнүү пайда болду. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары да, тандалып алынган АДК да биргелешип көптөгөн артыкчылыктуу жергиликтүү көйгөйлөрдүчече алышты. Мунун натыйжасында калктын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына болгон ишеними артты. Бул тууралуу калктын пикириндеги өзгөрүүлөр айтып турат.

Себеби калк жа- мааттардагы оң өзгөрүүлөрдү өз көзү менен көрүп турду. Эгерде 2015-жылдын башында пилоттук муниципалитеттердеги калк арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыктары боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жамаат алдында ачык жана алардын иши айкын жүрөт деп 39% гана айтса, 2017-жылдын башында бул көрсөткүч 10% өстү. АДК менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эки жылдан берки биргелешкен ишинин жыйынтыгы мына ушундай олуттуу өзгөрүүлөргө алып келди. Бул өзгөрүүлөргө долбоордун иш-чаралар цикли көмөктөштү. Алар жамааттын муктаждыктарын жана керектөөлөрүн аныктоого, коомдук талкууларга жана акыр-аягы жергиликтүү бюджеттеги каражаттын, тартылган каражаттын жана жамааттын өзүнүн катышуусунун эсебинен жамааттын көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган. Өз кезегинде АДК процесстин демилгечиси болду жана калк менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ортосундагы көпүрө катары роль ойноду. Эң негизгиси, калк бардык этаптарга катышты. Жамаат муктаждыктарын аныктоого катышуу менен, калк процесстин жигердүү каты-шуучусу да болуп калды. Калк өзү артыкчылыктуу көйгөйлөрдү аныктап, аларды чечүү жолдорун иштеп чыгууга катышты. Сурамжылоонун жыйынтыктары боюнча АДК пилоттук айылдардагы калктын арасында жүргүзгөн иштерди колдоо деңгээли бир кыйла жогору болду. Айталы, АДК ишине канааттануу 2015-жылга салыштырмалуу 9% өстү.

2015-жылы долбоордун алкагында АДК активдүүлүгү өтө жогору болгонун эсепке алганда, бул өтө жакшы жыйынтык. Бул болсо пилоттук АДК өз активдүүлүгүнүн деңгээлин пилоттук айылдарда долбоордун активдүү ин- тервенциясы учурундагыдай деңгээлде сактап калгандан да тышкары, ишинин ыргагын жана көлөмүн көбөйткөнүн тастыктап турат. Бул болсо жарандардын канааттануу деңгээлинде чагылдырылды. Ошондой эле 2015-жылга салыштырмалуу ЖМБА-ишчараларына катышуу тууралуу суроого оң жооп кайтаргандардын саны 4,5% өстү. Калктын аныкталган артыкчылыктуу көйгөйлөрү тууралуу маалымдуулугу 2015-жылдагыдай жогорку деңгээлде кала берүүдө – 83%. ЖМБА алкагында аныкталган жергиликтүү маанидеги маселелер толук чечилдиби деген суроого карата олуттуу өсүш байкалды – 17% жакын болду (2015-жылдагы 34 пайыздан 2017-жылы жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыктары боюнча 51% чейин). Эгерде 2015-жылы сурамжылоого катышкандардын 55% көйгөйлөр жарым-жартылай гана чечилгенин же чечилип  жатканын айтса, 2017-жылы 43% гана көйгөйлөр чечилип жатканын айткан. Башкача айтканда, көйгөйлөр аягына чейин чечилбей калганын айткан бенефициарлардын саны 12% кыскарды. Бул болсо жашоочулар көйгөйлөр чечилип жатканынан кабардар дегенди билдирет. Көрсөткүчтөгү өсүш ЖӨБ органдары акыркы эки жыл ичинде кабыл алынган Биргелешкен аракеттер планын карманып, бул үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүп жатканын ырастайт.

2015-жылы ЖМБАнын алкагында аныкталган артыкчылыктуу көйгөйлөрдүн статусу жөнүндө маалыматтарды чогултуунун натыйжасында алынган долбоордун маалыматтары да ушуну тастыктап турат. Учурда чечилген көйгөйлөрдүн саны 87% түзөт. Алардын ичинен 7% чечүү процессинде, ал эми 6% ушул күнгө чейин чечилген эмес. Бир жыл мур-да чечилген иштердин саны 64% түзгөн. Башкача айтканда, бул көрсөткүч боюнча өсүш 23% түзгөн. Саламаттык детерминанттары жаатындагы жамааттын көйгөйлөрүн чечүү үчүн 2015-жылы жергиликтүү бюджеттен 24 874 097 сом же 360 500 АКШ долларына жакын акча багытталган. Артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүүгө башка булактардан 16 700 827 же 242 000 АКШ доллары багытталган. Негизинен бул донордук уюмдардан алынган каражаттар болгон. Тыштан каржылоо тартууда пилоттук АДКлар да маанилүү ролду ойношот. Айрым бир учурларда аларга өтүнмөнүн үстүнөн иштөө тапшырмасы берилет. Себеби аларда “АДК үнү” Долбоорунда иштөөнүн алкагында алынгантажрыйба бар.Ошондой эле АДКдан жергиликтүү бюджет тууралуу маалымат алганын ырастаган бенефициарлардын саны да 14% өскөнүн белгилей кетүү зарыл. Сурамжылоого катышкандардын 52% жакыны жергиликтүү бюджет тууралуу маалыматты АДК аркылуу алганын билдиришкен. 2015-жылы бул көрсөткүч болгону 38% түзгөн. 2015-жылдагы жана 2017-жылдагы сурамжылоолорду салыштыра келгенде АДК активдүүлүгү жогорку деңгээлде кала бергенин көрүүгө болот – 77%.

АДК иши айылдын жашоосуна оң таасирин тийгизип жатат деген пикир кеңири жайылган – 81% түзөт. Калк арасында АДК жана анын ишмердүүлүгүн колдоо деңгээли жогору болгону кубандырат. Айталы, сурамжылоого катышкандардын 74% АДК өткөргөн иш-чараларга каты-шарын тастыкташкан. АДК иши канчалык маанилүү болгонун тастыктаган көрсөткүчтүн деңгээли да жогору. Анын өсүшү 2015-жылдан бери 3% гана түзгөн, бирок ошол эле маалда калктын 66% жакыны же үчтөн экиси АДК иши алардын айылы үчүн маанилүү деп эсептейт. Ал эми бул болсо айыл деңгээлинде иш алып барган чакан жамааттык уюм үчүн абдан жакшы көрсөткүч болуп эсептелет. Жамааттардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карата мамилесинде өзгөрүүлөр болду. Айталы, ЖӨБ органдары ачык жана айкын болуп калды деп эсептеген респонденттердин сан 10% өстү. Ошону менен бирге бул суроого жооп бере албагандардын саны кыскарды – 2015-жылы 9% болсо, 2017-жылы 3% түзгөн. Бул болсо адамдар ЖӨБдүн жарандар алдындагы жоопкерчилигин жакшыраак билип калганынан жана анын жабык же ачык болгонун баалай алаарынан кабар берип турат. Ал эми долбоордун башында адамдар ЖӨБдүн ачыктык жана айкындуулук деңгээлин көп жакшы баамдай албай жаткан. Сурамжылоого катышкандардын жарымынан бир аз азыраагы (43% жакыны) ЖӨБ менен АДКнын өз ара аракеттенүү деңгээли аларды толугу менен канааттандырарын айтса, 46% жарым-жартылай канааттандырат деп айтышкан. АДК менен ЖӨБдүн өз ара аракеттенүүсү аларды канааттандырбайт дегендердин саны 5% кыскарган.АДК менен ЖӨБдүн кызматташтык деңгээли жогору бойдон кала берүүдө – баалоонун 5 баллдык шкаласы боюнча 4,2 балл деңгээлинде турат.

2015-жылга салыштырмалуу өзгөрүүлөрдүн жоктугу долбоордун жыйынтыктарынын туруктуулугунан кабар берет. Анткени 2015-жылдан тартып долбоор пилоттук АДКларга активдүү жардам бергенден ийгиликтүү тажрыйбага байкоо салып, аны жайылтууга өттү. Долбоордун башынан тартып көрсөткүчтүн өсүшү баалоонун беш баллдык шкаласы боюнча 0,6 баллды түздү (2014-жылы 3,6 балл болсо, 2017жылы 4,2 баллды түздү). Жергиликтүү жамааттар умтулган жана жалпысынан мамлекетке пайдалуу нерсе болду: жамааттар өзүн өзү жөнгө сала баштады. Жамааттарга өз укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу ишке ашырууга чоң ыйгарым укуктарды берген Кыргыз Республикасынын Конституциясы жол ачкан даражада эмес. Бирок жол туура багытта тандалып алынды. Албетте буга чейин жасалган ишөаракеттер жакшы жагына кескин өзгөрүүлөрдү жасоо үчүн дагы жетишсиз жана жетишилген жыйынтыкты жайлатып же атүгүл жокко чыгарышы ыктымал көптөгөн көйгөйлөр бар. Бирок АДК аркылуу жергиликтүү жамааттар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ортосундагы өз ара мамилелерди түзгөн бул жол – иштиктүү жана натыйжалуу жол. Ал калктын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карата пикирин, эң негизгиси мамилесин өзгөртүп, ишенимин арттыра турган жол. Бул жерде эң негизги принцип – бийлик менен элдин ачык диалогу. Мында эл өз күтүүлөрү тууралуу айтса, бийлик ким үчүн иштеп жатканын билет. АДКнын ордунда башка уюмдар жана атүгүл кандайдыр бир конкреттүү көйгөйлөрдү чечүү үчүн жамааттар түзгөн жөн гана демилгелүү топтор болушу мүмкүн. Бул маанилүү эмес. Маанилүүсү – жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуу механизми иштеп жатат жана натыйжалуу жыйынтык берүүдө.