Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

АДКнын ЖӨБ менен өз алдынча иштөөгө өтүүсү: “Менин аймагым – саламаттыктагы аймак” жергиликтүү саясаты

2017-09-15 / АДК жана ЖӨБ өнөктөштүгү
АДКнын ЖӨБ менен өз алдынча иштөөгө өтүүсү: “Менин аймагым – саламаттыктагы аймак” жергиликтүү саясаты

Долбоордун пилоттук АДКлары ЖӨБ органдары менен өз ара аракеттенүү аспаптарын канчалык өздөштүргөнүн жана аларды “АДК үнү” Долбоорунун катышуусуз өз алдынча колдонууга канчалык жөндөмдүү болгонун текшерүү маанилүү эле.

Практика көрсөткөндөй, пилоттук АДКлар 2017 жылдын башында долбоордун тикелей катышуусуз ЖМБАөткөрүү боюнча  ,буга чейин алган тажрыйбасын ийгиликтүү кайталай алышты. Мындан тышкары 25 пилоттук АДКнын ичинен өзгөчө туруктуулары жана күчтүүлөрү тандалып алынды. Алар 2017-жылдагы ЖМБА- иш-чараларында алган жыйынтыктардын негизинде “Менин аймагым саламаттыктагы аймак” жергиликтүү саясатын иштеп чыгууга киришти. Буга чейин долбоордун пландарында он айыл үчүн (ЖӨБ органдары, курамына бир нече айыл кирген муниципалитеттер эмес) жергиликтүү саясатты иштеп чыгуу боюнча тапшырма бар болчу. Анткен менен пилоттук АДКлардын жогорулаган потенциалын эсепке алуу менен, пилоттук АДК жайгашкан бир айыл үчүн гана программаларды иштеп чыккандын ордуна курамына бир нече айыл кириши мүмкүн болгон бүткүл муниципалитеттин деңгээлинде кеңейтүү чечими кабыл алынды. Тандалып алынган АДК алдыга коюлган тапшырманы аткара алышты. Бул болсо пилоттук АДКлар өз таасирин жалпы аймактындеңгээлинде таратууга жөндөмдүү болгондой деңгээлге чейин өсө алганынан кабар берет. Мындан тышкары алар чыныгы жергиликтүү лидерлерге айланышты. Анткени АДК иш чараларына буга чейин долбоордун ишине тартылбаган, аймактын курамына кирген башка айылдар да кошулду.

Иштин жыйынтыгы боюнча, “Менин аймагым – саламаттыктагы аймак” жергиликтүү саясаты курамына АДК жана ЖӨБ кирген жумушчу топтор тарабынан иштелип чыкты. Жергиликтүү саясатты айылдык чогулуштарда жергиликтүү жамаат да, бардык 12 пилоттук муниципалитетте жергиликтүү кеңеш да бекитти. Жергиликтүү саясат элеттик муниципалитетти өнүктүрүүнүн негизги стратегиялык документи болуп эсептелген аймактын социалдыкэкономикалык өнүгүү Программасынын бир бөлүгү болуп калды. 2017-жылдын январь айынан тартып,КР Бюджеттик кодекси колдонууга берилгенине байланыштуу Кыргыз Республикасынын бардык муниципалитеттери программалык бюджет түзүүгө өтүштү. Башкача айтканда, мындан ары жергиликтүү бюджетти пландоо жана аткаруу кабыл алынган социалдык-экономикалык өнүгүү программаларга негизделиши керек. Ушундай жаңы талаптарды эсепке алуу менен, иштелип чыккан жана кабыл алынган жергиликтүү саясат кийинки жылдарга жергиликтүү бюджетти иштеп чыгуу үчүн негиз болуп берет деген ишеним долбоордо пайда болду. Пилоттук АДКлар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аймактын стратегиялык документтерин иштеп чыгууга жана илгерилетүүгө катышуу тажрыйбасына ээ болушту. 

Мында алар жергиликтүү жамааттын муктаждыктарын жана керектөөлөрүн аныктоодон баштап, жамааттын бюджетке байланган стратегиялык документи катары “Менин аймагым – саламаттыктагы аймак” программасын кабыл алууга чейинки иштерди жасашты. Ошондой эле “АДК үнү” Долбоору жергиликтүү саясатты ишке ашырууну АДКнын жигердүү катышуусунун уландысында да көрүүдө: ЖӨБ менен биргеликте айрым тапшырмаларды тикелей ашырууда да, ЖӨБ өткөргөн иш чаралардын аткарылышына мониторинг жүргүзүүгө катышууда да. Кабыл алынган жергиликтүү саясаттар 2020-жылга чейинки орто мөөнөттүү мезгилге эсептелинген. Саясатка киргизилген ишчаралар аймак боюнча өткөрүлгөн ЖМБА жыйынтыктары боюнча түзүлгөнү жана пилоттук гана эмес, бардык айылдарды камтыганы да бул саясаттардын өзгөчөлүгү болуп эсептелет. Бул болсо пилоттук АДКлардын гана кызыкчылыктары басымдуулук кылганын болтурбай, жамааттагы бардык топтордун кызыкчылыктарын акыйкат эсепке алууну камсыздайт. Жергиликтүү саясаттарды иштеп чыгууга жарандык коомдун өкүлдөрү жана жергиликтүү эксперттер катышты. Адатта мындай документтер калктын катышуусуз жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кызматкерлери же чакырылган эксперттер тарабынан иштелип чыгат, коомдук талкуу өтө сейрек өткөрүлөт жана жергиликтүү жамааттардын артыкчылыктуу керектөөлөрү көп жакшы эсепке алынбай калат. Ал эми азыркы учурда саламаттык маселелери боюнча кеңири коомдук талкуу жана калктын артыкчылыктарын эске алуу камсыздалды.

Жергиликтүү саясатты иштеп чыгуу пилоттук айылдардын жана аймактардын деңгээлинде социалдык отчеттуулукту өңүктүрүү багытына шилтенген кадам болуп калды. Буг чейин Биргелешкен аракеттер планы АДК жана ЖӨБ иши үчүн негизги документ болчу, бул аспап өзүн жакшы көрсөтө алганы менен, аткаруу үчүн милдеттүү болбой келген. Айталы, 2015-жылы ЖМБАнын негизинде Биргелешкен аракеттер планына кошулган иш-чаралар 87% толугу менен аткарылды жана 7% боюнча иштер башталып калды. Долбоордун башында жамааттардын кызыкчылыктарын сүрөп, Биргелешкен аракеттер планынын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү үчүн АДК бир кыйла күч жумшоого мажбур болчу. “Менин аймагым – саламаттыктагы аймак” жергиликтүү саясатына карата кырдаал башкача болот. Анткени алар Социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын курамына киришет. Ал эми бул Программа жергиликтүү бюджеттерди түзүүдө негизги жетектөөчү документ болуп эсептелет. Ошентип АДК менен ЖӨБ ортосундагы кызматташтыктын деңгээлинин институционалдык өсүшү көз көрүнөө болуп турат. Эгерде мурда бул кызматташтык толугу менен муниципалдык жетекчилердин саясий эркине көз каранды болуп келсе, азыр аткаруу үчүн милдеттүү мүнөзгө ээ болгон программалык документтерде бекитилген.