Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Башкаруунун бардык деңгээлдери камтылган шарттарда социалдык отчеттуулук натыйжалуу болот

2017-09-15 / АДК жана ЖӨБ өнөктөштүгү
Башкаруунун бардык деңгээлдери камтылган шарттарда социалдык отчеттуулук натыйжалуу болот

Эгерде кандайдыр бир көйгөйлөрдү чечүүдө жарандардын керектөөлөрү административдик тосмолорго кабылса, социалдык отчеттуулук натыйжалуу болбойт. Башкача айтканда, эгерде башкаруу системасынын бир бөлүгү отчеттуу, ал эми экинчиси андай болбосо, анда бүтүндөй башкаруу системасы отчеттуу болбойт. Ошондуктан “АДК үнү” Долбоору жергиликтүү деңгээлде гана иш алып баруу менен чектеле алган жок. Долбоор АДКга жана ЖӨБ органдарына өз ара да, айрым мамлекеттик органдарды кошкондо башкаруу системасынын башка бөлүктөрү менен да отчеттуулукту түзүүгө жардам берди. Иштин алкагында “АДК үнү” Долбоору мамлекеттик башкаруу органдары менен кызматташтыкта улуттук деңгээлде бир нече олуттуу жыйынтыктарга жетише алды.

Аны менен катар, Эсеп палатасы менен кызматташуунун алкагында КР Бюджеттик кодексинин жаңы редакциясына сунуштарды киргизүү боюнча иштер жасалды. Буга чейин долбоор бюджеттик угууларды өз убагында өткөрбөй калуу өңдүү көйгөйгө туш болгон. ЖӨБ органдарынын башчылары бул чөйрөнү жөнгө салган мыйзамдардагы кемчиликтерди колдонуп, бюджеттик угууларды өткөрүүнү каалаган эмес. Эсеп палатасы менен кызматташтыктын натыйжасында долбоор Бюджеттик кодекске айрым бир ченемдерди киргизүүгө көмөкчү болду. Ал ченемдер ЖӨБ органдарынан бюджет боюнча коомдук угууларды милдеттүү түрдө өткөрүүнү, ошондой эле социалдык-экономикалык өнүгүүнү пландоодо жана жергиликтүү бюджетти түзүүдө жергиликтүү жамааттардын артыкчылыктуу керектөөлөрүн эсепке алууну талап кылат. 2017-жылдын январь айынан тартып Бюджеттик кодекстин жаңы редакциясы күчүнө кирди. Бюджеттик угууларга коюлган жаңы талаптарды киргизүү зарылчылыгы тууралуу ЖӨБ башчылары арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө бир аз убакыт талап кылынат. Бирок натыйжада бюджеттик угууларды өткөрүү муниципалитет деңгээлинде бюджетти пландоонун милдеттүү элементи болуп калмакчы. Эми мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөрдүн  жардамы менен Эсеп палатасы бюджетти пландоо процесси бул жааттагы мыйзамдардын талаптарына канчалык шайкеш келгенин текшерүүнү финансы аудитине кошо алат.

АДКнын медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына байланышкан маселелер боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин түзүмдөрү жана КР Медициналык камсыздандыруу фонду менен өз ара аракеттенүү механизмин иштеп чыгуу Долбоордун дагы бир маанилүү жетишкендиктеринин бири болуп калды. Өз ишинин натыйжасында “АДК үнү” Долбоору АДК потенциалын дагы да жогору баалап, башынан эле долбо ордун фокусу катары аныкталган жергиликтүү маанидеги маселелердин чегинен тышкары да иштей алат жана өз ишмердүүлүгүн жалпы муниципалитеттин деңгээлинде кеңейте алат деген тыянакка келди. Ошентип 11 пилоттук АДК тандалып алынды. Алар муниципалитеттин деңгээлинде медициналык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чогултуу боюнча ЖМБА иш-чараларынөткөрүштү. АДК топтолгон тажрыйбаны сактап, жергиликтүү деңгээлде долбоордун жыйынтыктарынын туруктуулугуна жетүү үчүн өзөктүк жана келечеги бар институт болуп эсептелет. Ошол эле маалда ЖӨБ органдарында туруктуулук жана институционалдык эс тутум чөйрөсүндө бир катар көйгөйлөрү бар. Айталы, 25 пилоттук муниципалитеттин ичинен 14 (56%) муниципалитетте ЖӨБдүн мурдагы башчылары кайра шайланган эмес жана алардын ордуна жаңы жетекчилер келишкен. Мурдагы башчылардын иштен кетүүсү менен муниципалитеттер жергиликтүү жамаат менен иштөөдө топтолгон тажрыйбаны жоготушууда. Себеби адатта жаңы башчы өзү менен кошо жаңы команданы ала келет. Анткен менен долбоор ЖӨБ органдарына карата да туруктуулукту камсыздоо зарыл деп эсептейт. Бирок бул жерде башка усулдар талап кылынат. Эгерде АДКны алганда потенциалды жогорулатууга басым жасалса, ЖӨБго карата долбоордун жыйынтыктарын ченемдик укуктук базада бекитүү багытында чаралар көрүлдү. Бул болсо бюджеттин ачык-айкындуулугуна жана жарандардын бюджетти түзүү процессине катышуусуна карата талаптарды Бюджеттик кодекске кошуу аркылуу жасалды.

АДК катарында орун алмашуулар тууралуу айта турган болсок, ал чанда гана болот. Себеби АДК мүчөлүгүнө айылдын туруктуу жашоочулары өтөт. Долбоор иштеген мезгил аралыгында 25 АДКнын ичинен төртөөндө гана жетекчилик алмашкан жана мунун эки учуру АДК төрагалары көз жумганына байланыш-туу болгон. Бул эки жетекчи тең акыркы күнгө чейин өз ишин аткарып келишкен. Алардын ордуна ишке жигердүү тартылган АДК мүчөлөрү келгендиктен топтолгон тажрыйбаны өткөрүп берүү АДКда мыкты сакталып калды. ЖӨБ башчыларынын иштен кетүүсү менен адатта ошол орган жүргүзгөн саясат да кошо өзгөрөт. Ошентип прогрессивдүү жана жигердүү башчылардын ордуна аларды бул кызматка жылдырган саясий жана административдик күчтөрдүн (мисалы, саясий партиялардын же жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын) кызыкчылыктарында иш алып барган жетелеме жана чабал башчылар келиши мүмкүн. Дээрлик дайыма эле АДК өз жамааттарынын кызыкчылыктарында иш алып барат жана башка максаттарды көздөбөйт. Алар калктын ишенимине ээ болушат. Себеби ресурстарга жеткиликтүүлүгү жок жана жергиликтүү бюджетти чыгымдоо, жергиликтүү ресурстарды (аны менен катар жерлерди) тескөө боюнча чечимдерди кабыл алалышпайт. Жеринде мындай жарандык коом уюмдарын күчтөндүрүү ЖӨБ органдарынын отчеттуулугун камсыздоо үчүн зарыл. Алар тиешелүү аспаптар болгон учурда ЖӨБ органдарынын социалдык отчеттуулугунун планкасын жогорку деңгээлде кармай алышат. Пилоттук АДК менен иш көрсөткөндөй, потенциалды жогорулатуу жана андан ары ЖӨБ органдары менен тыгыз иш алып баруу саламаттык детерминанттарына таасирин тийгизген жергиликтүү маанидеги маселелерге байланышкан көйгөйлөрдү чечүүдө жакшы жыйынтыктарды берет.

Жергиликтүү бюджетте жетиштүү каражат болбогон учурда да башка булактардан (республикалык бюджет жана донордук каражаттар) каржылоонун жардамы менен жамааттын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүү мүмкүн экенин пилоттук ЖӨБ органдары тастыктай алышты. Бул болсо ЖӨБ башчылары тарабынан жигердүү позициянын болушун жана АДК өңдүү жергиликтүү жарандык активисттердин процесске активдүү тартылуусун талап кылат. Анткени АДКда тажрыйба, мүмкүнчүлүктөр жана ЖӨБ менен биргеликте аймакка инвестиция тартуу менен алектенүүгө каалоо бар. Адатта ЖӨБ органдары күнүмдүк иштен баштары чыкпай калат жана жетиштүү билими болбойт. Дал ушундай учурда аларга АДК жардам бере алат. Бирок АДКнын потенциалы жетиштүү деңгээлде жогору болушу керек. Долбоордун байкоолорунун бири көрсөткөндөй, муниципалитеттеги иштердин абалы көп учурда ЖӨБдүн башында ким турганына көз каранды болот. Жигердүү жана прогрессивдүү башчылар жамааттын көйгөйлөрүн тезирээк чечишет, ал эми пассивдүү, жетелеме башчылар процессти токтотуп, зарыл болгон чечимдерди кабыл алышпайт. Муниципалитеттин аймагында АДК өңдүү жарандык коом уюмдарынын болгону ушундай пассивдүү башчылардын ишин активдештирүү үчүн стимул болуп бере алат. Анткен менен бул бардык эле учурда ишке аша бербегендиктен мамлекет жергиликтүү жамааттар жергиликтүү кеңешке кайрылгандан тышкары “иштебеген” башчыларга түз таасир эте ала турган жолдорду ойлонуштуруп көрүшү керек.