Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жасалгандан да көбүрөөк иштерди аткаруу

2017-09-18 / АДК жана ЖӨБ өнөктөштүгү
Жасалгандан да көбүрөөк иштерди аткаруу

Жалпысынан “АДК үнү” Долбоору жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде гана эмес, негизинен эле АДКга оюндагысын эркин айтууга жол берди. АДКнын эволюциялык өнүгүүсү көрсөткөндөй, бул чакан, бирок жашап кетүүгө жөндөмдүү жана ийкемдүү жамааттык уюмдар жергиликтүү көйгөйлөрдү да, мамлекеттик маанидеги маселелерди да чечүү чөйрөсүндө башкаруу системасына олуттуу колдоо көрсөтүүгө жөндөмдүү. Анткен менен бул аз эмес потенциалды толук ишке ашыруу үчүн өзүнчө АДКнын да, жалпысынан тарамдын да институционалдык өсүшү жана өнүгүүсү боюнча мындан ары аракеттер талап кылынат. Ал эми КАДК Ассоциациясынын жигердүү иши жана мамлекеттик органдар менен кызматташтык бул өнүгүү уланат дегендин кепили болуп берет. Муну болсо журналдын ушул санына кирген башка материалдар да тастыктап турат.

МААЛЫМАТ үЧүН “Социалдык отчеттуулук” деген эмне? Отчеттуулуктун түрлөрү ортосунда өтө кыска жана жөнөкөйлөштүрүлгөн айырма төмөнкүдө камтылган: ДЕМОКРАТИЯЛЫК ЖАНА ВЕРТИКАЛДУУ ОТЧЕТТУУЛУК түшүнүгүнө жарандардын саясатка карата өз талаптарын формулировкалай алууга жөндөмдүүлүгү да, кызмат адамдарынын мындай керектөөлөргө реакция жасоо жоопкерчилиги да кирет. Бул өзүнө САЯСИЙ ЖАНА СОЦИАЛДЫК ОТЧЕТТУУЛУКТУ камтыган жалпылаштырган түшүнүк. Бийликтин САЯСИЙ ОТЧЕТТУУЛУК концепциясы өз ара мамилелердин өзгөчөлүү формасы болуп эсептелет. Мында шайланган адам өзүнүн мамлекеттик иштери үчүн, анын ичинде, бирок муну менен чектелбестен коомдук жыргалдарды берүү үчүн шайлоочулар алдында тикелей жооп берет. Бул жагынан алып караганда саясий отчеттуулук идеясы шайлоочулар менен өкүлдөр ортосундагы вертикалдуу байланышка карайт. Бийликтин саясий отчеттуулугун ишке ашыруу механизмдерине парламентти таратуу, парламентарийлерди чакыртып алуу, өкмөттүн отставкасы, сын айтууга укук кирет. Бирок коомдук келишимдин алкагында жарандардын бардык кызыкчылыктарын камсыздоо үчүн саясий отчеттуулук жетишсиз болот. Мисалы, саясий отчеттуулук кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөргө карата милдеттенмелерин аткарууну талап кылууга жарандарга мүмкүнчүлүк бербейт. Мына ошондо СОЦИАЛДЫК ОТЧЕТТУУЛУК кошулат.

Ал формалдуу жол-жоболор (шайлоо) же үзгүлтүксүз интервалдар (шайлоо цикли) менен чектелбейт, бирок жарандардын ыйгарым укуктарга ээ болгон адамдарга тикелей таасир тийгизүү боюнча үзгүлтүксүз процессти түзүп турат. Бул болсо социалдык аудитти (элдик көзөмөлдү) өткөрүү, маалыматка жеткиликтүүлүк, коомдук талкуулар, коомдук угуулар, нааразылык акциялары, демонстрациялар, журналисттик иликтөөлөр, кызмат көрсөтүүлөргө, даттанууларга, кайрылууларга мониторинг жүргүзүү ж.б. жолу менен ишке ашат. Социалдык отчеттуулукту күчтөндүрүүнүн жыйынтыктары ар түрдүү болот. Мисалы, коррупциянын азайышы, башкаруунун жакшыруусу жана саясатты иштеп чыгуу, бийлик жарандардын үнүнө кулак төшөйт, аярлуу топтордун мүмкүнчүлүктөрү кеңейет, кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөр жана жарандардын муктаждыктарына багытталган саясат үчүн жооп берген органдар реакция жасайт, укуктар, ден соолук сакталып, өнүгүү максаттарына жетүү мүмкүн болот. Саясий жана социалдык отчеттуулук отчеттуулуктун вертикалдуу тибине кирет. Отчеттуулуктун вертикалдуу механизмдери жарандарга – ишеним көрсөтүүчүлөргө (шайлоочулар, уюшкан жамаат, ММК) жана иш-аракеттерине реакция күтүлгөн мамлекеттик агенттер (мыйзам чыгаруучулар, шайлоо өкүлдөрү, аткаруучу бийлик жана ЖӨБ органдары) карайт.

АДМИНИСТРАТИВДИК ОТЧЕТТУУЛУК деңгээли боюнча дагы да жогору турган органдын алдында баштапкы администрациялык органдын отчеттуулугун билдирет. Бул мурдагы СССРге кирген өлкөлөрдө жана Чыгыш Европада коммунисттик мезгилде административдик укукта отчеттуулуктун негизги формасы болчу жана ушул кезге чейин бул региондо административдик укуктун айырмалуу белгиси бойдон кала берүүдө. Административдик отчеттуулук жалпысынан башкарууну камсыздаган мамлекеттик органдардын ичиндеги башкаруунун натыйжалуу системасынын зарыл атрибуту болуп эсептелет. Жарандар үчүн административдик отчеттуулуктун күчөтүлүшү кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүккө карата өзгөчө маанилүү болот. Административдик отчеттуулук горизонталдык типке карайт – мындай мамилелерде бийликтин түрдүү түзүмдөрү бири-бирин жоопкерчиликке тартат. Бул болсо алардын эч кимиси башкалардын укуктарынан жана кызыкчылыктарынан ашпашы үчүн жана укук үстөмдүгүнөн жогору турбашы үчүн жасалат. ГОРИЗОНТАЛДЫК ОТЧЕТТУУЛУК өзүнө бийлик органдары ортосунда бири-бирин кармап туруу, тең салмактуулук системасын гана эмес, ошондой эле Акыйкатчы институту, Прокуратура, Эсеп палатасы өңдүү контролдук-көзөмөл органдарын да камтыйт.