Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Ийгиликтүү тажрыйба өлкөдө жайылууда

2017-09-16 / АДК жана ЖӨБ өнөктөштүгү
Ийгиликтүү тажрыйба өлкөдө жайылууда

Долбоордун тажрыйбасын пилоттук эмес АДК жана республиканын аймагындагы Райондук ден соолук комитеттери арасында жайылтуу боюнча иш-чаралар жыйынтыктардын туруктуулугун камсыздоого багытталган дагы бир маанилүү кадам болуп калды. Бул иш-чараларгаКыргыз Республикасынын бүтүндөй аймагынан АДКнын 285 өкүлү катышты. Бул ишчаралардын алка гында “тең-теңге” мисалы боюнча тажрыйба алмашуулар жүрдү.

Пилоттук АДКлар башка муниципалитеттердеги кесиптештерине кеп-кеңештерин берип, долбоордун практикасын жайылтууга көмөк көрсөтүп жатышат. Мисалы, Гроздь, Кочкор, Улахол, Кыргызстан, Онбир-Жылга, Ак-Чий, Савай жана башка айылдык аймактардын АДКлары башка аймактардын айылдык ден соолук комитеттерине барып жеринде же телефон аркылуу кеп-кеңештерин берип турушат. Иштин бул бөлүгү үчүн жоопкерчиликти КАДК Ассоциациясы өзүнө алган. КАДК Ассоциациясы долбоор баштаган ишти улантып, башка АДКларда практиканы жайылтууга жигердүү көмөктөшө берүү ниети бар. “АДК үнү” Долбоорунун багыттары жана усулдары жаңы долбоордун дизайнынын өзөгүн түзүп калганын ийгилик катары бааласа болот. Бул долбоорду КАДК Ассоциациясы Швейцариянын Өнүгүү жана кызматташтык боюнча башкармалыгынын (Швейцария Өкмөтү) колдоосу алдында аткарат. Жаңы долбоорду КАДК Ассоциациясы Ысык-Көл облусунун үч районундагы бардык элеттик муниципалитеттерде жайылтмакчы. Мындан тышкары өз ишинин алкагында КАДК Ассоциациясы “АДК үнү” Долбооруна параллель түрдө кошумча 28 пилоттук муниципалитетте төмөнкү схема боюнча окшош иштерди жасаган: “АДК үнү” долбоору өз иш-чараларын 25 пилоттук муниципалитетте ишке ашырса, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттеринин ачык-айкындуулугу” долбоору ушул эле ишчараларды өзүнүн пилоттук муниципалитеттеринде 2-3 айга кечигүү менен жасады. Ошентип долбоордун практикасы дагы кошумча 28 муниципалитетке кеңейди жана долбоордун механизмин колдонгон муниципалитеттердин жалпы саны 53 болду.