Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Таштанды маселеси аутсорсинг менен чечилүүдө

2017-09-27 / АДК жана ЖӨБ өнөктөштүгү
Таштанды маселеси аутсорсинг менен чечилүүдө

Эгерде аймактын чегинде таштанды чыгаруу жана жок кылууга байланышкан маселе бар болсо, анда ал сөзсүз түрдө жамааттын артыкчылыктуу көйгөйлөрүнүн тизмесине кирет.

Айылдын аймагында тушкелди жаткан таштанды жайлары бардык жашоочуларга тоскоол болуп келет. Анткени жугуштуу оорулардын булагына айланып, жолбун иттерди тартат. Ал эми бул дагы адам үчүн коркунучтун булагына айланышы мүмкүн. Дарыялардын жана көлмөлөрдүн жээгиндеги таштандылар жакын аралыкта жайгашкан айылдарга гана эмес, жалпы районго, атүгүл облуска да коркунуч жаратат. Көпчүлүк элет тургундары таза сууга жеткиликтүүлүктүн жоктугунан улам дарыянын суусун колдонууга мажбур болушат. Бул болсо көп жылдардан бери чоң көйгөйгө айланып келүүдө. Таштанды жыйноо, чыгарып кетүү жана жок кылуу – бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары алектенчү иш. Анткени жергиликтүү маанидеги маселелерге кирет. Бирок бул көйгөй чечилбей келет. ЖӨБО муну оор техниканын жоктугу менен түшүндүрөт.

Адатта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары экскаваторлорду, жүк ташуучу машинелерди жана башка оор, кымбат баалуу техниканы сатып алууга миллиондогон сомду сурашат. Алардын айтымында, бул техника болмоюнча таштанды чыгаруу да, маселени чечүү да мүмкүн эмес. Эгерде муну жалпы өлкөнүн масштабынан карай турган болсок, анда таштанды көйгөйүн чечүү үчүн миллиарддаган акча каражаты талап кылынат.Бирок оор техниканы сатып албастан жана жалпы муниципалдык ишкананын ишин уюштурбастан көйгөйдү чечүү жолдорун табуу ушунчалык эле оорбу? Анткени көпчүлүк элеттик муниципалитеттер муниципалдык кызматчылардын маянасына жана коммуналдык чыгымдарга кеткен негизги чыгашаларды дайыма эле жаба беришпейт эмеспи. Мындай учурда эмне кылыш керек? Бул маселени чечүү механизмдери барбы? Бар деп ишенимдүү айтсак болот жана атүгүл “АДК үнү” долбоорунун Талас облусундагы эки пилоттук муниципалитети – Ак-Коргон айылындагы Өмүралиев айылдык аймагы жана Ынтымак айылындагы Шадыкан айылдык аймагы жете алган жыйынтыкты мисал катары көрсөтө алабыз.

АкКоргон жана Ынтымак айылдарындагы жамааттардын муктаждыктарын жана керектөөлөрүн аныктоого багытталган иш-чаралардын циклин аткару-унун алкагында таштанды чыгаруу, тагыраак айтканда мындай кызмат көрсөтүүнүн жоктугу өңдүү маселе көтөрүлдү. Жашоочулардын нааразылыгына айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү жооп беришти жана кырдаалды түшүндүрүп берүүгө аракет жасашты. Жеринде маселе кызуу талкууга алынып, эгерде жергиликтүү өз алдынча башкаруу чыгашалардын ордун толуктап берсе, жашоочулар, чиркөөчү бар тракторлордун ээлери таштанды чыгарууга жардам берүү демилгеси менен чыгышты. Айыл өкмөтү бул демилгени колдоп, Ак-Коргон жана Ынтымак айылдарында таштанды чыгаруу көйгөйүн Кыргызстандын элет жергелери үчүн азырынча жаңы түшүнүк болгон аутсорсингдин жардамы менен чечүү мүмкүн болду. Келгиле, Кыргызстандын алкагында аутсорсингге көз жүгүртүп көрөлү. Аутсорсинг – бул жалпак тил менен айтканда, өндүрүштүк же бизнес процесстердин бир бөлүгүн экинчи тарапка өткөрүп берүү процесси, ал эки жак үчүн тең пайда алып келет. Негизги иш-милдеттерине кирбеген, бирок жамаат үчүн маанилүү болуп эсептелген процесстерди өткөрүп берүү менен, ЖӨБО маселени чечүүгө да, аймактын жалпы өнүгүүсүнө көмөктөшүүгө да жөндөмдүү болот.

Аутсорсингди Кыргызстандын шарттарында колдонсо болот жана Бишкек шаарынын тажрыйбасы муну тастыктап турат. Айылдын деңгээлинде айыл өкмөтү оор жана кымбат баалуу техниканы сатып алуу жана тейлөө, муниципалдык ишкананын ишин уюштуруу жана күтүү боюнча милдеттенмелерди өзүнө албастан эле таштанды чыгаруу көйгөйүн чече алат. Жергиликтүү ресурстарды, биз карап жаткан маселеде жеке сектордун техникалык потенциалын колдонуу менен кыска мөөнөттүү негизде жана конкреттүү тапшырмаларды аткаруу үчүн жеке ишкерлерди тартса болот. Аутсорсинг учурунда ЖӨБО жасалган иш үчүн гана сыйакы төлөйт. Ал эми муниципалдык ишкана болгондо техниканы күтүүгө гана эмес, ошондой эле айдоочунун жана административдик персоналдын маянасын, ошондой эле имаратты күтүүгө жана коммуналдык чыгымдарга кеткен чыгашаларды да төлөшү керек болот. Бул жерде ЖӨБОнун өзү үчүн гана эмес, жеке сектор үчүн да экономикалык пайда бар.

Суроо-талап болбогонуна байланыштуу техникага керектөө төмөн болгон учурда жеке сектор үчүн мындай байланыштар жашап кетүүгө жардам берет. Чакан айылдык аймактар үчүн аутсорсингдин экономикалык максатка ылайыктуулугу өзөктүк мааниге ээ. Айыл өкмөтүнүн техникалык жана адамдык потенциалы чектелүү болгондуктан ЖӨБО жергиликтүү көйгөйлөрдү толук кандуу чече албагандыктан аутсорсинг принцибин ишмердүүлүктүн башка түрлөрүнө да кеңейте алса болоору маанилүү. Аутсорсингдин жардамы менен ЖӨБО өз мүмкүнчүлүктөрүн кеңейте алат, бул болсо натыйжада аймактын жана жергиликтүү жамааттын өнүгүүсүнө алып келет. Аутсорсингдин бир гана көйгөйү – ЖӨБО жамаат жана жеке сектор менен мамиле түзүшү керек. Көпчүлүк ЖӨБ органдары өзүн жергиликтүү жамааттан обочодо кармоого аракет жасашат. Мындай учурда аутсорсинг иштеп кете албайт.