Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Балдардын жана жаштардын бош убактысын өткөрүүсү

2016-12-14 / АДК ЖАНА ЖӨБ ӨНӨКТӨШТҮГҮ
Балдардын жана жаштардын бош убактысын өткөрүүсү

Он бир-Жылга айылдык аймагы, Чүй району, Чүй облусу – конкурста ээлеген бешинчи орун үчүн 20 000 сом көлөмүндөгү байге.

Аймак дотацияда турат, өз бюджети болгону 3 миллион 80 миң сомду түзөт. Бул бюджеттик каражат муниципалдык объекттерди күтүүгө өп-чап жетет. Айылдык чогулуштарда адамдар көптөгөн башка маселелерди чечүү үчүн айыл өкмөтүнө кайрылышат. Бирок аймак дотацияда болуп, акча жетишсиздигинен улам жергиликтүү бийлик дайыма эле колдоо көрсөтө бербейт. Маданият айылында таза сууга жетимдүүлүк маанилүү көйгөйлөрдүн бири болуп эсептелет. 1999-жылы айыл жашоочуларынын аракети менен 4 000 АКШ доллары көлөмүндө грант утуп алынган жана бул каражатка узундугу 4 км келген труба төшөлгөн. Бардык жумуштарды элеттиктер ашар жолу менен бүтүрүшкөн. Бүгүнкү күндө айыл таза суу ичип жатат. Элеттиктер айылдын өнүгүүсүнө дайыма жигердүү катышып келишет. Айылдын бизнесмендери маданий комплекстин курулушуна акча бөлүшкөндө жашоочулар мында да четте карап турушкан жок жана өз күчү менен комплексти тургузушкан.
2014-жылы ЖӨБ органдарынын жана АДКнын демилгеси боюнча көчөлөрдүн бирине жарык берилген.2015-жылы демөөрчүлөрдүн каражатына сугат сууну бөлүштүрүү үчүн шлюздар курулганАлардын жардамы менен сугат суунун чыгымын 20% кыскартуу мүмкүн болду. Айыл өкмөт башчысынын ишениминде, эгерде долбоор жашоочулардын колдоосуна ээ болсо, анда бардык жумуштар толук көлөмдө жана өз мөөнөтүндө аяктамакчы. Айылдык мектепте 130 окуучу билим алат. Бул айылда клуб бар. Клубда иш-чараларды жана майрамдарды өткөрүү үчүн жаштар чогулуп турат. Бирок клубда аппаратура жок. Айылдык чогулуштарда АДК өкүлдөрү, активисттер бул маселени бир нече жолу көтөрүшүп, чечүүгө аракет жасашкан. ЖӨБ органдары болсо жабдуу сатып алгысы келгени менен, каражат дайыма жетишсиз болуп келген. Байге утуп алган учурда каражаттар видеожабдууну, проекторду, үн күчөткүчтөрдү сатып алууга багытталат.
 
Ошондой эле клубга караштуу бий ийримин уюштуруу мүмкүнчүлүгү пайда болот.Жаштар уюштуруу иштерине тартылып, пайдалуу көндүмдөргө ээ болушат жана жаңы демилгелерди көтөрүп чыгышат. Мындан тышкары АДК ЖӨБ органы менен биргеликте тамеки тартуунун, алкоголдук ичимдиктердин, баңгизаттардын зыяны, балдарга карата зомбулук тууралуу материалдарды басып чыгарууну пландоодо. Бул материалдар жаштарга жана калган элеттиктерге чоң таасир тийгизет. Бенефициарлар: тикелей – 130 бала, кыйыр – айылдын 863 жашоочусу. Он бир-Жылга айылдык аймагы үчүн байге каражаттарына проектор сатып алынып, айыл өкмөттүн карамагына өткөрүлүп берилди. Проектор коомдук иш-чараларда маалыматтарды жайылтуу үчүн колдонулуп жатат.