Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Маалыматтык бюллетень

2016-12-22 / АДК ЖАНА ЖӨБ ӨНӨКТӨШТҮГҮ
Маалыматтык бюллетень

Александровка айылдык аймагы, Москва району, Чүй облусу – конкурста ээлеген бешинчи орун үчүн 20 000 сом көлөмүндөгү байге.

Буга чейинки долбоорлордун алкагында акыркы үч жылда ЖМБА-иш-чаралары өткөрүлүп, алардын алкагында төмөнкүдөй көйгөйлөр аныкталды:
 
  •  таштанды чыгаруу үчүн транспорт сатып алуу;
  •  Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун процедуралык кабинетинде жана лабораториясында капиталдык ремонт жасоо;
  • көчөлөргө асфальт төшөө;
  • эки орто мектептин морлорун оңдоо;
  • көйгөйлөрдү чечүү боюнча маалымат өнөктүгү.

Бул маселелердин баары жамааттын жана ЖӨБ органдарынын бекитилген Биргелешкен аракеттер планына кирген. ЖӨБ органдары демөөрчүлөрдү тартып, таштанды чыгаруу үчүн транспорт сатып алып, ошондой эле жолдорго асфальт төшөөгө грант утуп алышты. Айыл өкмөтү өз каражатына Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратында ремонт жасап, мектептеги трубаларды оңдоп чыгышты. Аймактын жетишкендиктери жөнүндө маалыматты жайылтуу маселеси техникалык-материалдык камсыздоонун жоктугунан улам чечилбей келе жаткан. Бенефициарлар – тикелей – 6 735 киши. Маалымат бюллетенин чыгаруу үчүн Александровка айылдык аймагына байге каражатына сатып алынган түстүү принтер берилди. Бул принтер маалымат бюллетенин чыгарууга жардам берет.