Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

9 (155) 11 Сентябрь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Окуучуларга тамактанууну уюштуруу

2016-12-22 / АДК ЖАНА ЖӨБ ӨНӨКТӨШТҮГҮ
Окуучуларга тамактанууну уюштуруу

Жаңы-Жол айылдык аймагы, Токтогул району, Жалал-Абад облусу – конкурска катышканы үчүн 15 000 сом көлөмүндө шыктандыруучу байге.

Айылдагы орто мектепте 241 бала билим алат. Алардын ичинен 97 бала 2012-жылы донордун жардамы менен курулган мектеп ашканасында тамактанат. Айыл өкмөтү муздаткыч, 6 стол жана 12 отургуч сатып берген. Өз кезегинде окуучулардын ата-энелери дагы ашканага идиш-аяктарды белек кылган. АДК өз фондунан белек берүүнү чечти – жаңы меш сатып берди. Бирок мештин кубаттуулугу жетпегендиктен ал тамак үчүн суу бир нече саат бою ысытчу. Ашкананын ашпозчусу тамакты убагында даяр кылуу үчүн өтө эрте келүүгө мажбур эле. Ашканада зарыл шарттар түзүлгөн эмес: шкафтар болбогондуктан идиштер көрүнгөн жерде турчу. Колдорду жана идиш аяктарды жууш үчүн шарт да жок. Мындан улам сууну ашканадан 150 метр алыстыктагы булактан ташып келишчү. Ушунун айынан балдар тамак алдында дээрлик колдорун чайкашчу эмес. Айрым балдарга ата-энеси сумкасына самын жана суу толтурулган бөтөлкөнү кошо салып берчү. Мына ушулардын баары ЖМБА-сессияларында да айтылды. АДК жана ЖӨБ органдары бул демилгени биргелешип колдоп берүү менен, электр меши колго тийгенден кийин ашпозчуларда ысык, толук кандуу тамакты өз убагында даяр кылуу үчүн мүмкүнчүлүгү көбүрөөк болот деп ишенишет. Жуунгучтар болсо, балдар тамак алдында колдорун чайкап алмак, бул болсо жугуштуу оорулардын санын бир кыйла кыскартмак эле. Идиш-аяктар болсо ирээти менен, таза түрүндө сакталмак. Бенефициарлар: тикелей – 97 бала, кыйыр – 144 окуучу. Колго тийген байге каражатына окуучуларды ысык тамак менен өз убагында камсыздоо үчүн мектеп ашканасына электр меши өткөрүлүп берилди.