Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Көчөнү жарык менен камсыздоо

2016-12-23 / АДК ЖАНА ЖӨБ ӨНӨКТӨШТҮГҮ
Көчөнү жарык менен камсыздоо

Курама айылдык аймагы, Панфилов району, Чүй облусу – конкурска катышканы үчүн 15 000 сом көлөмүндө шыктандыруучу байге.

Көчөгө жарык берүү боюнча демилгеге караңгы көчөлөргө байланышкан көптөгөн көйгөйлөр себеп болду. Көчөлөр караңгы болгон үчүн бутун кокустатып алгандар өзгөчө пенсионерлер, кош бойлуу аялдар, балдар арасында көп болду. Бул көйгөй да “АДК үнү” Долбоорунун алкагында өткөрүлгөн ЖМБА-иш-чаралары маалында аныкталды. ЖМБА сессияларында жашылдандыруу иштеринин чабалдыгы, мектептеги жылуулуктун жетишсиздиги, жолдордун начар абалы жана ишембиликтердин өткөрүлбөй жатканы өңдүү башка да көйгөйлөр айтылган.
 
Айыл өкмөтү аныкталган көйгөйлөрдү чечүү максатында ички үч жолдун ремонтуна деп жергиликтүү бюджеттен каражат бөлгөн. Мектептин жылуулук системасын оңдоого каражаттын 60% демөөрчүлөр берген. Мындан тышкары айыл өкмөтү мектептин жана фельдшердик-акушердик пункттун аймагын жашылдандыруу үчүн 2000 түп терек сатып алган. Көчөттөрдү отургузуу жана аймакты көрктөндүрүү боюнча бардык уюштуруучулук иштерди АДК мүчөлөрү жамаат менен биргелешип жасаган. Өткөн жылдарга салыштырмалуу калктын жигердүүлүгү бир кыйла өстү. Айылдагы көйгөйлөрдү чечүүгө кызыгуу пайда болуп, айыл өкмөтү өткөргөн коомдук иш-чараларда активдүүлүк пайда болду. Бардык жыйынтыктар болсо маалымат такталарына илинүүдө.
 
Пландар боюнча, келечекте караңгы көчөлөрдүн көйгөйү чечилди. Бул үчүн 83 плафон, 83 лампа, 2480 метр кабель, 83 күйгүзүп-өчүргүч, 83 каптама изолента сатып алынган. Жарык берүүчү алеттерди орнотуу иштери айыл өкмөтүнүн каражатынын эсебинен жүргүзүлөт. Макулдашууга ылайык, жарык үчүн чыгымды бенефициарлар менен бирге жашоочулар өздөрү да көтөрүшөт. Көчөгө жарык орнотулгандан кийин АДК менен ЖӨБО кырсыктардын, ошондой эле кылмыштардын саны азайып, айыл көркүнө чыгат деп үмтөтүшөт. Бенефициарлар: тикелей – 280 киши, кыйыр – 680 киши. Байгенин каражатына зарыл болгон көлөмдө жабдуу сатып алуу мүмкүн болбогондуктан, АДК менен ЖӨБО бала бакча үчүн кир жуугуч машине сатып берүү өтүнүчү менен долбоорго кайрылды. Бул болсо бала бакчада зарыл болгон санитардык-тазалык нормаларын камсыздайт. Өз кезегинде айыл өкмөтү зарыл болгон коммуникацияларды өткөрүп, кир жуугуч машинени өз эсебинен орнотуп берүүнү убада кылды.