Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жабдууларды жана машыктыргычтарды сатып алуу

2016-12-26 / АДК ЖАНА ЖӨБ ӨНӨКТӨШТҮГҮ
Жабдууларды жана машыктыргычтарды сатып алуу

Гроздь айылдык аймагы, Аламүдүн району, Чүй облусу конкурска катышканы үчүн 15 000 сом көлөмүндө шыктандыруучу байге.

Гроздь айылындагы АДК аймактын ЖӨБ органы менен тыгыз жана жемиштүү кызматташып келатат. Айталы, 2012-жылы АДК донордук каражаттардын эсебинен фельдшердик-акушердик пункт курган. Баары болуп курулуш иштерине бир миллион сомдон ашык акча сарпталган. Айыл өкмөтү тарабынан аянты 6 сотик жер участогу бөлүнүп берилип, тийиштүү документтерди жол-жоболоштурууга кеткен чыгымдар төлөнгөн. Калк да 63 000 сом салым кошсо, жергиликтүү демөөрчүлөр 28 000 сом бөлүп беришкен. Жаңы курулган фельдшердикакушердик пункттун кызмат көрсөтүүлөрүн 2 176 жергиликтүү тургун колдонууда. Айыл өкмөтү менен биргелешип, АДК кургак учук, тамеки тартуу, аракечтик менен күрөшүү боюнча акцияларды өткөрдү. Бул акциялар калкты сергек жана жигердүү жашоого үндөө максатында уюштурулду. Жарыштарга жана башка спорттук иш-чараларга тартылган акциянын жигердүү катышуучуларына байгелер ыйгарылды.
Айыл өкмөтү тарабынан ар бир иш-чарага 2 000 сомдон бөлүнүп турду. 2015-жылдын соңунда АДК тарабынан айылдын борборунда балдар аянтчасын орнотуу тууралуу сунуш киргизилип, бюджеттен 100 000 сом бөлүнгөн жана ушул тапта долбоор ишке ашырылды. Айыл өкмөтүнүн жана АДКнын демилгеси боюнча калк менен жолугушуулар жана чогулуштар өтүп турат. Ал чогулуштарда катышуучуларга социалдык-экономикалык өнүгүү планынын, бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы тууралуу маалыматтар берилип, долбоорлор жана АДК киргизген сунуштар каралат. АДК мүчөлөрү артыкчылыктуу көйгөйлөрдү аныктап чыгып, аларды чечүү жолдорун, каражатты издешет. 2015-жылы АДК ЖӨБО менен биргеликте ЖМБА усулун колдонуп, артыкчылыктуу көйгөйлөрдү аныктады. Гроздь айылынын жаштары жана жигердүү жашоочулары үчүн спорт менен алектенүүгө шарттардын жоктугу бул көйгөйлөрдүн бири болуп эсептелет.
Гроздь айылындагы АДК мектептерде билим алган элеттик жаштардын жана жамаат мүчөлөрүнүн бош убактысын пайдалуу өткөрүү ишин уюштуруу максатында айыл өкмөтүнүн карамагында турган имаратта машыктыруучу залга жабдуу алуу демилгесин колдоду. Айылда Маданият үйү жана башка инфраструктура жок. Бул көрүнүш жаштарды терс жолго түшүүгө түртүп жатат. Анткени бош жүргөн жаштар тамеки тартып, алкоголдук ичимдиктерди, насывайды колдонушууда. Натыйжада айылда кылмыштуулук да көбөйдү. АДК долбоор жазып, донордук уюмдун колдоосу менен аны ишке ашырды. Жыйынтыгында орто мектептеги гимнастика залы ремонттолуп, атайын спорттук шаймандар сатып алынды. Жалпысынан 387 084 сом сарпталса, анын ичинен айыл өкмөтү 96 800 сом бөлдү. Гимнастикалык залдын шаймандары айыл өкмөттүн карамагына өткөрүлүп берилди.
Учурда гимнастикалык залдын кызмат көрсөтүүлөрүн 1-класстан 4-класска чейинки окуучулары – 229 бала, ошондой эле 65 жашка чейинки 30 киши колдонууда. Негизинен булар аялдар. Себеби зал гимнастика менен алектенүү үчүн ыңгайлаштырылган. Анткен менен, Гроздь жана кошуна айылдардын калкы арасында машыктыруучу залга келүүнү каалагандардын саны көп. Бул зал жаштарды сергек жашоого үйрөтүп, элеттиктерге ден соолугун чыңдап алууга жардам берүүдө. Ушул тапта негизги тапшырма – жергиликтүү жамааттын эркектеринин бош убактысын өткөрүүсүн уюштуруу. Тагыраак айтканда, машыктыруучу залды оңдоо жана жабдуу киргизүү. Айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде ремонтту талап кылган жай бар. Бул үчүн бюджеттен 100 000 сом бөлүндү. Келечекте бул имаратта ремонт жасоо пландалып жатат. АДК жана ЖӨБ органы машыктыруучу залдын ачылышы айылдагы эркектердин бош убактысын спорт менен өткөрүүгө жардам берет. Спорт – ден соолуктун жана узак өмүрдү кепили. Бенефициарлар: тикелей – 60 киши, кыйып – айылдын 500 тургуну. Долбоор байге каражаттарына машыктыруучу зал үчүн гантелилерди сатып алып, айыл өкмөтүнө өткөрүп берди.