Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Мектепке карай коопсуз жол: жарандардын жана ЖӨБдүн жалпы жеңиши

2017-02-23 / АДК ЖАНА ЖӨБ ӨНӨКТӨШТҮГҮ
Мектепке карай коопсуз жол: жарандардын жана ЖӨБдүн жалпы жеңиши

Денис АНАРБАЕВ 12 жашта. Денис абдан жакшы окуйт жана муну көптөгөн ардак грамоталары менен дипломдор тастыктап турат. Үйдө болсо Денис ата-энесине чарба иштеринде жардам берип, эки карындашына камкор бир тууган. Бирок дайыма эле мындай болгон эмес.

Денис жана карындаштары Адашгүл менен Айнура мектепке барып келгенче көп кыйынчылыктарды башынан өткөрүшчү. Денистин айылы – Ноокен районунун Масы айылдык аймагындагы Кызыл Кыштак айылы район борборунан 10 километр аралыкта жайгашкан. Денис барган орто мектеп да ушул борбордо орун алган. Денис жана анын карындаштары үчүн күн таң агара электе башталчу. Мектепке жетиш үчүн өзгөчө кыш мезгилинде караңгы, ээн жерден, авариялык абалдагы көпүрөдөн өтүшчү. Жолдо баратканда алдынан чөөлөр же жолбун иттер чыга калышы мүмкүн деген да тобокелдик бар болчу.Бир жолу Денис катуу ооруп калып, дене табы көтөрүлгөндө атасы медициналык жардам алуу үчүн район борборуна чейинки жолду жөө басып өтүп, уулун колуна көтөрүп келген. Карындаштары Адашгүл менен Айнура да мектепке баратканда кырсыкка учурашкан. Бирде жолдо машине коюп кетсе, дагы бир жолу жолбун иттер талаган. Бактыга жараша, алар көп жабыркаган эмес. Мына ушундай окуялардан кийин ата-энеси үч баласын тең Кочкор-Ата шаарындагы интернатка киргизишкен.
Балдар ата-энеси менен эң жакшы дегенде аптасына бир жолу көрүшүп турчу. Балдардын окуусуна жана тарбиясына дайыма эле көз салып туруу мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Айсалкын САТАРОВА, Денистин апасы: “Балдарымдын жанымда болбогону мени абдан капа кылар эле. Жылдыз КЕРИМОВА, Кулубек ТУРГАНБАЕВ, “АДК үнү” Долбоорунун адистери Кимдир бирөө алардын көңүлүн оорутуп коёбу, же жакшы тамак ичпей калышабы деп тынчсыздана берчүмүн. Башка жерде жашаган балдар менден алыстап кетеби, же жүрүм-туруму начарлайбы деп ойлоно берчүмүн”. Мунун баары Кыргызстанда XXI кылымда болуп жатканына ишениш кыйын. Бирок – бул ачуучындык. 2014-жылы Кызыл-Кыштак айылынын Айылдык ден соолук комитети (АДК) “АДК үнү” Долбоорунун пилоттук катышуучусу болуп калды. АДК Долбоорун ишке ашыруу маалында жергиликтүү жашоочулар жамааттын көйгөйлөрүн аныктап, аларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жеткиришти. Денистин ата-энеси да айылдын көйгөйлөрүн чечүү боюнча бардык иш-чараларга жигердүү катышты.
Балдарды татыктуу билим берүү менен камсыздоо – бардык жашоочулардын эң башкы жана көйгөйлүү маселеси деп аныкталды. Кандалат ТОКТОСУНОВА, Кызыл-Кыштак айылынын АДК төрайымы: “Бир нече жыл мурда жергиликтүү жашоочулар өз көйгөйлөрүн өздөрү чече алаарын элестете да алышкан эмес. “АДК үнү” Долбоорунун иш-чараларына катышкандан кийин жергиликтүү тургундар бир нерсени түшүнүштү: эгерде жамаат маселелерди чечүү үчүн өзү демилге көтөрбөсө жана аны чечүүгө катышпаса, биз татыктуу шарттарды көрбөй, жакшы жагына өзгөрүүлөргө күбө болбойбуз”. ЖӨБ органдары көп жылдардан бери чечилбей келе жаткан маселени болгон күчү менен чечүүгө аракет жасашкан. Бир нече жылдардан бери мамлекет Кызыл-Кыштак айылындагы мектептин курулушун аягына чыгара албай келатат. Өз кезегинде Масы айыл өкмөт башчысы Махмуд МАМАТОВ өзүнө ишенген командасы менен биргеликте көп калктуу аймактын көйгөйлөрүн чектелүү жергиликтүү бюджеттин эсебинен, же болбосо сырттан инвестиция тартуу жолу менен чечкенге аракет жасап келет. 2016-жылы сырттан тартылган гранттык каражаттардын жардамы жана жергиликтүү бюджеттеги каражаттын эсебинен акыры жергиликтүү балдар үчүн “эң мыкты” микроавтобус сатып алынды. Эми балдар мектепке коркпой жана тез барып келишет.
Балдарды ата-энесинен ажыратууга муктаждык жок. Энелер болсо балдары үчүн коркпой калышты. Махмуд МАМАТОВ, Масы АӨ башчысы: “Кызыл-Кыштак айылынын АДКсы аймактын өнүгүүсүндө биз үчүн чоң жана өтө маанилүү чынжыр болуп калды. Акыркы жылы АДК менен кызматташып, калктын турмуш шартын бир кыйла өзгөртө алдык. Жергиликтүү жашоочулар аймактагы иш-чараларга мурдагыдан дагы жигердүү катышууда. АДК менен Кызыл-Кыштак айылынын жергиликтүү калкынын жигердүү катышуусу менен транспортту гана сатып албастан, ошондой эле айылдагы негизги жолго асфальт төшөп, жол боюна чатыры бар аялдама коюп, мындан тышкары авариялык абалда турган көпүрөнү оңдой алдык. Ошондой эле бул жылы ЖӨБ органдары ФАП жана АДК кабинети үчүн контейнерди орнотууга участокту бөлүп берди. Эми жергиликтүү тургундар өз айылында дарыланып, кеп-кеңештерди алып турушмакчы”. Жакшыртылган шарттарды жөн гана ийгилик катары баалоого болбойт. Бул – Масы айыл өкмөтүнүн, Кызыл-Кыштак айылынын АДК жана элет калкынын күчтүү, көп эмгекти талап кылган ишинин жыйынтыгы болду. Үч тарап тең жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуу менен, өз балдарынын гана эмес, ошону менен бирге бүтүндөй аймактын өнүгүүсү үчүн да чоң салым кошушту. Эми Денис, Адашгүл жана Айнура ата-энесинин жанында, өз үйүндө жашап жатышат. Кечкисин үй-бүлө бир дасторкон үстүндө чогулуп, сабактарга жана кийинки күнгө чогуу даярданышат.