Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Бардыгы үчүн жашоонун жана саламаттыктын коопсуз шарттары: көчөлөрдү жарыктандыруу, балдар аянтчасы, жашылдандыруу жана спорт

2016-12-30 / АДК ЖАНА ЖӨБ ӨНӨКТӨШТҮГҮ
Бардыгы үчүн жашоонун жана саламаттыктын коопсуз шарттары: көчөлөрдү жарыктандыруу, балдар аянтчасы, жашылдандыруу жана спорт

Гроздь айылдык аймагы туура башкаруунун арты менен 2015-жылы дотациядагы аймактардын катарынан чыккан муниципалитеттердин бири. 3542 адам жашаган аймак беш айылдан турат. 2015-жылы Гроздь Айылдык ден соолук комитети “АДК үнү” Долбоору менен кызматташа баштаган. Аталган Долбоордун алкагында Гроздь айылындагы АДК үчүн жамааттын муктаждыктарын биргелешип аныктоо (ЖМБА) боюнча ишчараларды өткөрүү жана жергиликтүү жамааттын өзгөчө артыкчылыктуу көйгөйлөрүн аныктоо негизги тапшырма болду.

Талкуулай келгенде көйгөйлөр көп болуп чыкты жана АДК бул маалыматтардын баарын чогултуп, анализдеп чыгып, Гроздь ААнын ЖӨБ органдарына өткөрүп берди. Артыкчылыктуу көйгөйлөргө жасалган анализдин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана Айылдык ден соолук комитетинин Биргелешкен аракеттер планы (БАП) иштелип чыкты. Айыл өкмөт башчысы Сыргак КЫДЫКЕЕВ жана депутаттык топ АДКнын демилгелерин көңүл сыртында калтырып койбостон, жамааттын көйгөйлүү маселелерин чечүү үчүн каржылоо булактарын издөөгө киришти. Бүгүнкү күндө Гроздь айылында 2015-жылы аныкталган жана БАПка кирген бардык артыкчылыктуу маселелер дээрлик чечилип калды. Чогулушта балдар ойной турган коопсуз жердин жоктугу,караңгы көчөлөр, айылда бак-дарактардын аздыгы, өсүп келаткан муундун бош убактысын өткөрүүсүн уюштуруу өңдүү маселелер артыкчылыктуу деп табылган. Бул маселелерди жергиликтүү бюджеттин, донорлордун жана жамааттын өзүнүн күчү менен чечүү үчүн балдарга оюн аянтчасы курулуп, айылдагы эки ички көчөгө жарык берилип, бак-дарактарды отургузуу боюнча иш-чаралар өткөрүлүп, жергиликтүү жамааттын сыймыгына айланган спорттук-ден соолукту бекемдөөчү борбор уюштурулган.Албетте, улуу муундун балдарга карата негизги жоопкерчилиги – бул балдарды ээн-эркин ойноп, өнүгө ала турган коопсуз чөйрө менен камсыздоо.
Анткени ар бир ата-эне анын баласы жакшы өнүгүп, татыктуу билим алуусун каалайт эмеспи. Балдар аянтчасы – бул эрте куракта жоопкерчиликти өнүктүрүү, ошондой эле бош убактысын ар түрдүү пайдалуу иштер менен өткөрүү, таза абада көбүрөөк ойноо үчүн мыкты вариант. Гроздь айылынын АДК төрайымы, айылдык кеңештин депутаты Кулжакуль КОЙЧУБЕКОВАнын демилгеси көп жылдан бери чечилбей келе жаткан маселени ордунан козгоого түрткү болду. Бул маселенин маанисин түшүнүү менен АДК АӨ башчысы, АК депутаттары менен биргеликте өзгөрүүлөргө себепчи болушту. Айталы, 2015-жылы балдар аянтчасы үчүн ЖӨБ органдары участок бөлүп беришип, аянтча үчүн зарыл болгон шаймандарды – күүлөнчөктөрдү, селкинчектерди, дөбөнү, турниктерди 100 миң сомго сатып беришти. Өз кезегинде жамаат да 30 миң сом көлөмүндө эмгек түрүндө салым кошту. Жергиликтүү тургундар бала бакчаны талапка ылайык келтиришти. Ушул тапта балдар аянтчасы курулуп бүтүп, жергиликтүү наристелерге кубаныч тартуулай баштады. Гроздь айылынын жашоочусу: “Балдар аянтчасы – жакшы иш болду. Буга чейин балдарыбыз ойной турган жер болбогондуктан көчөдө, жол боюнда ойношчу. Эми балдарыбыз коопсуз жерде ойной алышат”. Гроздь айылында элүүдөн ашык үй-бүлө жашаган жаңы конуштагы дагы бир көйгөйлүү маселе электр жарыгы болду. Конуш түшкөндөн бери жарык өңдүү цивилизациянын белгилеринин бири жок болчу.
Бүгүнкү күндө бул маселе дагы жергиликтүү жамааттын күчү менен чечилди: трансформатор сатып алынып, электр устундары орнотулуп, жогорку вольттогу электр зымдары өткөрүлдү. Мунун баарына, эсептөөлөр боюнча, 1 млн. 100 миң сом керек эле. Бул оңой эмес акча. Бирок жалпынын аракети менен жамаат бул сумманы чогултуп берди. Мындан тышкары ар бир үй-бүлө өз акчасына үйүнө линияны өз алдынча өткөрүп алууга милдеттендирилди. Эки ички көчөнү жарыктандыруу маселесин чечүүгө айыл өкмөтү 90 миң сом бөлдү. Бул акчага көчө чырактары сатып алынып, орнотулмакчы. Жашылдандыруу көйгөйү башка аймактардагыдай эле, бул айылда да курч турат. Бирок жашылдандыруу – бул биринчи кезекте жашоочулардын ден соолугу, таза аба, жакшы эс алуу жана жайлуулук эмеспи. Гроздь айыл өкмөтү жергиликтүү тургундар үчүн жашылдандыруунун өзгөчө маанисин түшүнүү менен, аймактын экологиялык абалын жакшыртууга чакан, бирок өтө маанилүү салым кошту. Айыл өкмөтү 37 миң сом бөлүп, анын 12 миң сомуна Павлония1 дарактарынын көчөттөрү сатып алынды. Дарактар мектептин жана айыл өкмөттүн аймагында отургузулду. Атүгүл жергиликтүү бийлик элет көчөлөрүн жашылдандыруу үчүн калкка 2 500 сомго теректин 1 510 көчөтүн сатып алып, калкка таратып берди.Спорттук-ден соолукту бекемдөөчү борборду уюштуруу маселесин чечүү демилгеси бир нече жолу көтөрүлгөн. Келечекте дени сак муунду тарбиялап, жаштарды, балдарды, негизи эле калктыден соолугун бекемдөөгө тартуу маселесин чечиш керек болчу. АДК айыл өкмөтү менен биргелешип бул маселени 2015-жылы чечти. Жергиликтүү бийлик айылдын мектебинде гимнастикалык залды уюштуруу үчүн чоң кабинет бөлүп берди. Ошондой эле залдын ремонтуна 389 миң сом көлөмүндө каражат бөлүндү.
Болгондо да Кулжакуль КОЙЧУБЕКОВА 289 200 сом көлөмүндө финансы каражатын эл аралык уюмдан тарта алды. Айыл өкмөтү да өз салымын кошуп, 96 800 сом, ал эми жергиликтүү жамаат 12 миң сом беришти. Эми залда 20га жакын аял жана кыздар күн сайын гимнастика менен алектенишет. Мындан тышкары айылдагы мектептин кенже класстары үчүн дене тарбия боюнча сабактар өтүп турат. Кошумча чогултулган 12 700 сомго жергиликтүү жамаат зал үчүн шаймандарды сатып алды. Гроздь айылындагы АДКнын жана жергиликтүү тургундардын кийинки кадамы – гимнастикалык залды андан ары өнүктүрүү. Билял КЫДЫКЕЕВ, Гроздь АӨ башчысы: “Биз үчүн аймакты өнүктүрүүдө негизги принцип ЖӨБ органдарынын Айылдык ден соолук комитети (АДК), ошондой эле жергиликтүү жамаат менен туруктуу өз ара кызматташуу болуп эсептелет. Биз бардык тараптардын ырааттуу ишинин арты менен гана мыкты жыйынтыкка жете алдык. Гроздь айылындагы АДКнын Кулжакуль КОЙЧУБЕКОВАнын жетекчилиги алдындагы ишинин натыйжасында, айылды жакшыртуу жана өнүктүрүү боюнча көптөгөн долбоорлор ишке ашты”. Кульжакуль КОЙЧУБЕКОВА, Гроздь АДК төрайымы: “АДК үнү” Долбоору бизди жергиликтүү тургундардын үнүн угууга, аларды жалпысынан аймактын турмушуна катышууга тартканды үйрөттү.ЖӨБ органдары ар тараптуу өз ара аракетти бекемдөө канчалык маанилүү болгонун түшүнүп, өнүгүү жолунда ишин улантып жатышат”.