Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Дени сак айыл – дени сак өлкө

2016-12-30 / АДК ЖАНА ЖӨБ ӨНӨКТӨШТҮГҮ
Дени сак айыл – дени сак өлкө

АДК менен Гроздь АА ЖӨБ органдарынын кызматташтыгынын тажрыйбасы журналисттердин да көңүлүн бурду. “Для вас” гезитинин кабарчысы Юлия ХИЖНЯКОВА алган таасири менен өз макаласында бөлүшкөн: (сүрөт авторго таандык. Макала биринчи жолу 2016-жылдын октябрь айында төмөнкү дарек боюнча жарыяланган: http://dv.kg/?p=21013 Журналда басып чыгарууга автор өзү уруксат берди).

Шаарларда спорт бизнеси кеңири кулач жайды. Туш тарапта машыктыруучу залдар, йога борборлору ачылууда. Көптөгөн адамдар туура тамактануу жана сергек жашоо маселелери боюнча кесипкөйлөргө кайрылып жатат. Бирок сергек жашоо үчүн бардык жеткиликтүү ресурстардын ичинен таза абадан башка эч нерсеси жок элеттиктер эмне кылат? Бул маселеде элет тургундарына Айылдык ден соолук комитеттери (АДК) жардамга келет. АДК айыл жамааттарына өз саламаттыгын жакшыртуу үчүн мүмкүнчүлүк берүү максатын көздөйт. Ден соолук комитеттери – бул бир айылдын же анын бир бөлүгүнүн деңгээлинде иш алып барган жамааттык уюмдар. Алар бүтүндөй республиканы камтыган кеңири тармакка биригишкен. Практика көрсөткөндөй, басымдуу бөлүгү аял активисттерден турган чакан элеттик комитеттер таасирдүү жыйынтыкка жетише алат. Мисалы, алар мектепке жеткирген жол коопсуз болушу үчүн жергиликтүү бийликти көпүрө куруп берүүгө; мектеп автобусун сатып алууга; айылдагы санитардык шарттарды жакшыртууга; коомдук жайларды жылуулатууга көндүрө алышат.
Көпчүлүк ден соолук комитеттери бул жолду басып өтүштү жана бүгүнкү күндө жашоону жакшыртуу боюнча долбоорлорду ишке ашырууда, бюджеттик маалыматты ачуу боюнча көрүлгөн чараларга байланыштуу өз жетишкендиктери менен сыймыктана алышат.Муну менен катар активисттер жаңы иштей баштаган комитеттерге оор ишинде жардам берип, тажрыйбасы менен бөлүшкүсү келет. Бул үчүн Бишкекте айылдык ден соолук комитеттеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 35 өкүлү жана жетекчилери чогулуп, мыкты практикалар, биргелешкен иштин ийгиликтери менен бөлүшүп, к ы з м а т т а ш т ы к т ы н эффективдүүлүгүн жогорулатууга бут тоскон көйгөйлөрдү талкуулап алышты. Далилсиз айтып жатпасын деген таризде Гроздь айылынын өкүлдөрү бардык катышуучуларды АДК менен ЖӨБдүн биргелешкен ишинин “жандуу” жыйынтыгын – машыктыруучу залды көрүүгө чакырышты. Бу зал Айылдык ден соолук комитеттеринин күчү менен аныкталган жарандардын керектөөлөрүнө жооп катары курулган. Кулжакуль КОЙЧУБЕКОВА, Гроздь айылындагы Айылдык ден соолук комитетинин төрайымы спорттук залды ачуу үчүн кандай жолду басып өтүшкөнүн мындайча баяндап берди. – 12 адамдан турган биздин комитет 2009-жылдан бери иштейт. Комитетте негизинен 50-60 жаштагы аялдар эмгектенет. Биз ыктыярдуу негизде иштейбиз. Залды ачуу демилгесин биздин комитет көтөрүп чыккан.
Бул айылда кыздар жана аялдар бий, йога, же спорттун башка түрлөрү менен алектениши үчүн Маданият үйү жок. Сурамжылоо жүргүзгөндө баары эле машыктыруучу зал же жөн гана гимнастика менен алектенүү үчүн жай сурашкан. Биз Тынчтык корпусуна өтүнмө жиберип, бизге АКШдан ыктыярчы келди. Аманда АНТОНИО 21 жашта болсо да абдан демилгечил экен.Биз ал менен чогуу долбоор жаздык.Залды ачууга кетчү чыгым көп болуп чыкты – 389 миң сом. Тынчтык корпусу бизге жардам бере алган жок. Анткени алар 300 миң сомго чейинки чыгашаларды гана көтөрөт экен. Ошондо Аманда дүйнөнүн туш тарабында жашаган досторуна кат жазды. Жалпынын аракети менен зарыл болгон суммы чогултуп, зал ачтык. Жергиликтүү мектеп бизге жай берип, ал жерди биз акробатика менен алектенүүгө ыңгайлаштырдык. Айыл өкмөтү да колдоо катары бир аз акча бөлүп, бул ишке катышты. Мен да гимнастика менен алектенем. Өзүмдү жакшы сезип калдым. 60 жашта болсом да өзүмдү 40 жаштагыдай сезем. Ушуну менен 7 айдан бери алектенип, салмак таштап, шпагатка отурганды үйрөндүм. Буга чейин ден соолугум начар болчу, дарыгерлер толтура дары жазып беришкен. Мен спорт менен алектенип, өзүмдү сонун сезем. Спорт болгон булчуңдарга да таасирин тийгизет экен. Мени көрүп алып башкалар да спортко кызыга баштады. Азыр бизде талаа иштери кызып турган маал. Ошондуктан көптөр бош эмес. Бирок кыш түшөөр замат баары машыктыруучу залга тартыла баштайт. Эми биздин максатыбыз – жаштар спорт менен алектене турган машыктыруучу залды ачуу.
Каалгасын ачып жатканда мен кадимки мектептин спорт залын көрөм деп ойлогом. Бирок Гроздь Айылдык ден соолук комитетинин кызматкерлери элеттик спорт кандай болушу керек деген менин стереотиптеримдин баарын бузушту. Жайлуу залда дубалдарга илинген чоң күзгүлөрдөн килемге отуруп алып йога менен алектенип жаткан кыздарга көзүм түштү. Бир бурчунда ар кандай шаймандар өз саатын күтүп жаткан экен. Бул жерден спорттук килемдерди, топторду, хулахуптарды көрүүгө болот. Бирок мен үчүн залда шыргый акробатикасы үчүн эки пилон эң күтүүсүз болду.Кооптонгонума карабастан башка айылдан келген коноктордун реакциясы жакшы болду. Спортчу кыздар түрдүү фигураларды көрсөткөн сайын туш тараптан дүркүрөгөн кол чабуулар жаңырып турду. Кызыга түшкөн айрым коноктор өздөрү да башка спорттук шаймандарды сынап көрүүнү чечишти. Ал эми Кулжакуль КОЙЧУБЕКОВА болсо бир нече айдын ичинде эмнелерге үйрөнгөнүн көрсөтүп, шпагатка оңой эле отурду. Көздүн жоосун алган оюндан кийин мен машыктыруучу Гульфия ИШИМБАЕВАны кепке тарттым. – Өз программабызга йогадан, дарылоочу-калыбына келтирүүчү гимнастикадан көнүгүүлөрдү, муундар үчүн атайын көнүгүүлөрдү коштук. Көп убакытты дал ушул мүчөлөрдү чоюуга, башка даярдоочу көнүгүүлөргө бурабыз. Көптөр шыргый акробатикасын оңой деп элестетишет. Бирок чындыгында андай эмес. Шыргый акробатикасы – өзгөчө элет тургундары үчүн тобокелге салган тандоо. – Ата-энелер, же мектеп администрациясы менен түшүнбөстүк болгон жокпу?
– Биздин адамдар пилон жана башка ушул өңдүү көнүгүүлөрдү бир өңчөй кабыл албайт. Бирок өзүңүз деле көрүп тургандай, бул акробатиканын башка түрлөрүндөй эле спорт. Мектеп администрациясы буга каршы эмес, анткени алар биз кантип тырышып машыгып жатканыбызды көрүүдө. Кыздардын ата-энеси да буга олуттуу мамиле жасап, интернеттен маалыматтарды издеп көрүшүп, бул аялдын дене бою үчүн абдан керектүү спорт болгонуна ынанышты, мелдештер кантип өтүп жатканын билишти. Натыйжада балдары ушундай оригиналдуу жана келечеги бар спорт менен алектенип жатканына кубанып турушат.Машыгуулар дайыма болуп турат. Кыздар аны токтоткусу келишпейт, себеби аларга абдан жагат. Бул жакка келгендердин жаш курагы да ар кандай: эң улуусу 60 жашта, ал эми кичүүсү 10-11 жаштарда. Эң жаш спортчу кыздардын бири Инна СЛОНОВА зал ачылганына кубанып турат. – Мен бул жерде 9 айдан бери машыгып жатам жана мага баары жагат. Мен буга чейин спорт менен алектенген эмесмин. Анткени эч кандай ийримдер же зал болгон эмес.Гроздь айылынын мисалы көрсөткөндөй, бардык кыялдар орундалат. Болгону бул үчүн бир аз аракет жасап, санаалаштарды табыш керек. Айылдык ден соолук комитеттери – бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн да, элет тургундары үчүн да чындап куткаруучу таякчага айланды. Анткени ден соолук маселеси спорт зал менен гана чектелбейт эмеспи. Дал ушинтип таза суу, мектептеги тамактануу жана башка айыл тургундарынын ден соолугуна байланыштуу маселелерди чече алабыз. Адамдар да өз миссиясынын маанисин түшүнүп калганы, баарын эле мамлекет чечип бериш керек деп күтүп отурбаганы кубандырат. Мындай активисттер менен чечилбей турган маселе болбойт.