Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Үнүбүз жетсин. Жарандык коом ММК менен кантип иштеши керек?

2016-12-31 / АДК ЖАНА ЖӨБ ӨНӨКТӨШТҮГҮ

2016-жылдын 7-10-июнь күндөрү Бишкекте ММК менен жарандык коом уюмдарынын өз ара аракетине арналган бир катар иш-чаралар өттү. Бул иш-чараларды “Социалдык отчеттуулук боюнча глобалдык өнөктөштүк” Трасттык фондунун колдоосу менен ишке ашырылган “Социалдык отчеттуулук боюнча ММКнын демилгеси” Долбоору уюштурду. Долбоордун жетекчиси – белгилүү чет өлкөлүк маалымат агенттиктеринде жур-налист болуп иштеген жана дүйнө жүзү боюнча жарандык коом уюмдарына (ЖКУ) кеп-кеңеш берүү боюнча бай тажрыйбага ээ болгон Томас ЛАНСНЕР. Өнүктүрүү саясат институту иш-чараны уюштурууга жигердүү колдоо көрсөттү.

Бул иш-чаралардын алкагында 2016 жылдын 7-8-июнь күндөрү Бишкек шаарында социалдык отчеттуулукту илгерилетүүдө ЖКУнун байланыш көндүмдөрүн жогорулатуу максатын көздөгөн семинар өттү. Ага ЖКУнун жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты. 2016жылдын 9-июнунда ММК өкүлдөрү менен биргеликте журналисттер менен жарандык коом уюмдарынын өз ара аракеттенүү жолдору, мындагы кыйынчылыктар жана сунуштамалар талкууга алынды. Талкууга ММКнын 9 өкүлү катышып, ЖКУ менен иштешүүдөгү кыйынчылыктар жөнүндө айтып беришти. Өз кезегинде ЖКУ өкүлдөрү да журналисттер менен иштешүүдө кандай кыйынчылыктар болооруна токтолушту. Бул үч күндүн жыйынтыгында “тегерек стол” талкуусу өтүп, анда ММК, ЖКУ жана мамлекет өз ара мамилени кантип түзүшү керектиги жөнүндө сөз болду. Талкууда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Коррупцияга каршы туруу бөлүм башчысы Жибек ДҮЙШЕЕВА коррупция менен күрөштө ММК менен ЖКУдан эмнелерди күтөрүн айтып берди. ЖКУ өкүлдөрү колдоосун билдирип, ММК жана КР Финансы министрлигинин Коррупцияга каршы туруу бөлүмү менен өз ара аракеттенүүнүн жолдорун сунушташты.
Массалык маалымат каражаттары жана жарандык коом уюмдары ортосундагы өз ара аракеттенүү тууралуу дайыма эле көп сөз болот, бирок чындап келгенде алардын ортосунда байланыш канчалык? Адатта ММК менен ЖКУ ортосундагы мамиле тууралуу сөз болгондо эки тараптан тең жеме сөз угууга болот. ЖКУ журналисттерди жамаат пайдасына иштегиси келбейт деп айыптаса, журналисттер ЖКУ пропаганда менен гана алектенет деген таризде анын өкүлдөрү менен иштешкиси келбейт. Бул жерде мунасага келүү мүмкүн эместей көрүнөт. Бирок ММК менен ЖКУ жалпы максат үчүн ийгиликтүү иш алып барып, бириккен учурлар да болот. Мындай фактылар ММК менен ЖКУнун өз ара аракеттенүүсү мүмкүн экенин жана алар иште-ше алаарын тастыктоодо. Болгону орток тил таба билиш керек. Мунасага келип, өз ара мамилелерди жөнгө салуу үчүн ЖКУ ММК тууралуу буларды билиши керек: Ар бир журналист редактор алдында жооптуу. Сиз журналисттин өзүн кызыктырып, макала жазууга көндүрө алган күндө да, ал макаланы редактор окуп чыгып, сиз журналист менен көпкө даярдаган макала кандай көлөмдө жана кантип чыгарын редактор гана чечет. Натыйжада макала ЖКУ күткөндөн абдан айырмаланышы мүмкүн.
Редактор – бул иштеги өзөктүк фигуралардын бири. Кээде түз эле редакторго чыгыш керек. Эгерде сиз редакторду кызыктыра алсаңыз, анда ал өзү журналистти тандап, ага макала даярдоону тапшырышы мүмкүн. Басылманын же маалымат агенттигинин ээлери да эсепке алыш керек болгон факторлор болуп эсептелет. Эгерде сиз бийликтеги адамдарды кескин сынга алган жакшы материал даярдап, атүгүл журналистти ал тууралуу жазууга көндүрө алсаңыз дагы басылманын же маалымат агенттигинин ээси бийлик менен мамилесин бузуп албаш үчүн материалды басып чыгаруудан баш тартышы мүмкүн. Басылманы же маалымат агенттигин тандаган учурда муну да эсепке алыш керек. “Жаңы маалымат” – журналисттерди эч ким уга элек кабар абдан кызыктырат. Өлкөдө коррупция бар болгону тууралуу алар кезектеги макаланы жазбашы мүмкүн. Анткени бул маалымат эч ким үчүн жаңылык деле эмес. Анын окурмандар үчүн жаңы эч нерсеси жок, андыктан кызыктуу деле болбойт. Маалыматты бергенде макаланын же жаңылыктын өзөгүн түзө тургандай мүмкүн болушунча көбүрөөк жаңы фактыларды бериңиз. Макала жарыялангандан кийин андагы маа-лыматтардын ишенимдүүлүгү үчүн жоопкерчиликти журналист алат.
Ошондуктан журналистке колуңузда болгон маалыматты гана бербестен, ошону менен бирге фактылардын чын-бышыгына ынануу үчүн маалыматты башка булактардан да алуу мүмкүнчүлүгүн берүү керек.Мисалы, жергиликтүү тургундар, көз карандысыз эксперттер, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрү менен жолугушуулар болушу ыктымал. Башка жолдор менен тастыктоого мүмкүн болбогон маалымат журналисттин көңүл бурбашы мүмкүн. Ар бир адам жок дегенде бир жолу “жаңылыктарда негатив гана бар” деген сөздү укса керек. Тилекке каршы бул чындык. Адамзатынын кулк-мүнөзү ушундай экен, негативдүү маалыматты камтыган жаңылык позитивдүү маалыматка караганда көңүлдү көбүрөөк тар- тып, жакшыраак эсте калат. Журналисттер муну билет жана маалыматты окурмандардын же көрөрмандардын көңүлүн бура тургандай жеткиргенге аракеттенишет. Мисалы, айылдагы мектепте суунун жоктугунан улам окуучулар жугуштуу ооруларга чалдыгып жатканы тууралуу кабар буга чейин суу болбогон мектепке балдар үчүн суу өткөрүлгөнү тууралуу позитивдүү жаңылыкка караганда көбүрөөк көңүлдү бурат. Адатта донордун коммуникациялык саясатын карманган ЖКУ журналисттерге берген материалында долбоордун жана донордун аталышын биринчи сүйлөмүндө эле көрсөтүүгө, муну кайракайра кайталоого мажбур болот. Анан журналист жана редактор алардын материалын акысыз басып чыгаруудан баш тартканда катуу таарынышат.
ММКнын ишинин принциби ЖКУнун ишинен айырмаланат: бирөөлөр үчүн эдвокаси – бул укук үчүн күрөш болсо, экинчиси үчүн – бул өз долбоорун же уюмун жарнамалоо, ал эми жарнак – бул – акы үчүн кызмат көрсөтүү. Ошондуктан ортодо пикир келишпестиктер пайда болот. Ар бир коммерциялык басылма өз ишинен пайда табууга умтулат. Буга окурмандардын, же жарнактын санын көбөйтүүнүн эсебинен жеткиси келет. Гезиттин, журналдын бетине түшкөн, интернет ресурска чыккан, бирок окурмандардын санын көбөйтпөгөндүн баары жарнакка кирет. Адатта макала же жаңылык үчүн кызыктуу болчудай илинчекти журналист байкабай калышы мүмкүн. Күн сайын журналисттин көз алдынан абдан көп маалымат өтөт. Эгерде сиз журналистке электрондук дарек аркылуу кат жолдосоңуз, аны окуп отурганга убактысы бар деп ойлобоңуз. Журналистти карышкырдай эле буттары багат. Көп учурда журналистке же редакторго даректелген маалымат ушул өңдүү миңдеген кабарлардын арасында жоголуп кетиши мүмкүн. Кабарыңыз жеткенин билүү үчүн эң жакшысы телефон чалып, журналисттин өзү менен сүйлөшүңүз.Журналистке маалымат чогултуу үчүн кырдаал менен таанышып чыгууга мүмкүнчүлүк бериңиз. Бул үчүн аны “талаага” ээрчитип чыгып, маалымат чогултууга жардам берип, багыттап туруш керек.
Бул – баары утушта болгон өз ара ыңгайлуу кызматташтык. Эң эле натыйжалуу аспап – терең ойлонуштурулган жана уюштурулган пресс-сапар. Бул сапарда журналисттер каармандар менен сүйлөшүп, кырдаал менен жеринде тааныша алышат. Маалыматты тактоо үчүн журналистке көбүрөөк убакыт талап кылынарына даяр болуңуз. Эгерде журналистти бир жакка алып чыксаңыз, жеринде иштеши үчүн көбүрөөк убакытты пландаңыз. Андан да жакшысы, журналистте мүмкүнчүлүктөр көбүрөөк болсо, ал материал чогултуп, бир окуядан да көбүрөөк нерсени жаза алат. ЖКУ журналист менен долбоорду ишке ашырганда жана долбоор тууралуу көбүрөөк маалымат жеткиргиси келгенде гана иштешпеши керек. Журналист ага комментарий, статистика, түшүндүрмө, көз карандысыз пикир ж.б. сурап кайрылышы мүмкүн. Бул журналист менен ЖКУ ортосундагы байланышты бекемдеп, өз ара ишенимди пайда кылат. Адам табиятынан эле конкреттүү адамдын окуясына көбүрөөк көңүл бурат эмеспи. Абстрактуу кимдир бирөө же окуя тууралуу жаңылык, макала бизге кызык эмес. Өз уюмуңуздун, же долбоордун жетишкендиктери тууралуу маалыматты даярдап жатканда, сиздин ишиңиздин арты менен жашоосу жакшы жагына өзгөргөн реалдуу адамдын окуясын кошуш керек. Уюмуңуз же долбоор тууралуу маалыматты ошол реалдуу адамдын тегерегинде жазыңыз. Ошол адамдын сүрөтү окуянын маанисин жана баркын арттырат.
Анткен менен бул жерде да кыйынчылыктар бар. Журналисттердин өз этикасы бар.Алар адам менен макулдашпастан ал тууралуу маалыматты жаза алышпайт. Ошондуктан журналистти “талаага” ээрчитип алуу зарыл. Эсиңизде болсун, журналисттер – башкалардай эле жакшы мамилени баалашат. Эгерде сиз журналистти өз иш чараңызга чакырсаңыз, анда ага көңүл буруп, иши үчүн жагымдуу шарттарды түзүп бериңиз. Бир журналист тамашалап айтмакчы: “Журналисттин курсагы тойсо, мындан сизге эле пайда”. Мына, жогоруда айтылгандардын баарынан кандай жыйынтык чыгарса болот? ММК менен өз ара мамиле түзүүнүн эң жакшы жолу – өз ара ишенимди бекемдөө. Журналисттер баарынан да “сапаттуу” маалымат булагын баалашат. Сиз берип жаткан маалымат кызыктуу, түшүнүктүү, ишенимдүү болуп, тез жана жеңил текшериле турган фактыларды жетиштүү камтышы керек. Чындыгында көптөгөн журналисттик окуялар жана иликтөөлөр ЖКУдан алынган маалыматтарга негизделет. Атүгүл, ЖКУ маалыматтын көз карандысыз булагы катары эксперт да боло алышат. ММК ЖКУга кандай керек болсо, ЖКУ да ММКга ошончолук керек.