2016-12-30 / АДК ЖАНА ЖӨБ ӨНӨКТӨШТҮГҮ
“Айылдык ден соолук комитеттеринин үнү жана Кыргызстандагы элеттик жамааттардын саламаттык детерминанттары боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын социалдык жоопкерчилиги” Долбоору туруктуу жергиликтүү өнүгүүгө жетүүдө ЖӨБ органдары менен эффективдүү кызматташу үчүн пилоттук Айылдык ден соолук комитеттеринин потенциалын жогорулатуу максатын көздөйт. Долбоордун ишинин жыйынтыктары тууралуу пилоттук айылдардагы жамааттардын пикирин билүү максатында “Айылдык ден соолук комитеттеринин үнү жана Кыргызстандагы элеттик жамааттардын саламаттык детерминанттары боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын социалдык жоопкерчилиги” Долбоорунун алкагында пилоттук айылдардын калкы арасында сурамжылоо жүргүзүлдү. Бул сурамжылоо долбоордун ишмердүүлүгүн баалоонун кошумча аспабы болуп эсептелет жана долбоордун соңку бенефициарлары – элет калкы пилоттук айылдык ден соолук комитеттеринин ишинин таасирин канчалык сезип жатканын көрсөтөт.
Сурамжылоо пилоттук АДК долбоордун алкагында бир жыл иштегенден кийин жергиликтүү жамааттарда болгон өзгөрүүлөрдү өлчөөгө багытталган. Долбоор соңку бенефициарлар катары жамааттын өзү АДКнын иши алардын жашоосун канчалык өзгөрткөнүн түшүнгүсү келди. Колдонулган аспаптар жергиликтүү жамааттарга канчалык түшүнүктүү жана кызыктуу болгонун билүү да маанилүү болчу. Жалпысынан сурамжылоонун жыйынтыктары оң динамиканы жана жамаат ичинде өзгөрүүлөр болгонун көрсөтүүдө. Долбоордун максаты – өлчөнө турган да, субъективдүү кабыл алына турган да өзгөрүүлөр. Сурамжылоо 25 пилоттук айылда “Кыргызстан айылдык ден соолук комитеттери” Ассоциациясы менен биргеликте өткөрүлдү. Бул айылдарда АДК иш-чараларды өткөрүп келген. Жалпысынан сурамжылоого пилоттук айылдардын 685 жашоочусу катышты. Сурамжылоого катышкандардын 63% аялдар түздү. Анкета толтуруу усулу колдонулгандыктан сурамжылоого катышкандардын айрымдары сунушталган жооптордун бирин да белгилеген эмес жана сурамжылоонун натыйжасында бул маалымат “жооп жок” деп белгиленген.
Сурамжылоо көрсөткөндөй, калк айылдык ден соолук комитеттери тууралуу жакшы маалыматка ээ жана АДК тууралуу толук кабары бар, же азыраак даражада кабары барлар 99% түздү
Муну АДК жамааттын турмушуна долбоордун алкагында гана эмес, ошондой эле негизги багыты – ооруларды алдын алуу жана калкка маалымат жеткирүү боюнча да бир кыйла жигердүү катышары менен түшүндүрсө болот. Эгерде мындай сурамжылоону республика боюнча жүргүзсө, анда бул пайыздык көрсөткүч төмөн болот. Анткени республика боюнча активдүүлүгү төмөн АДКнын пайызы көбүрөөк. Ал эми бул долбоорго жигердүү АДКлар гана катышат. Ошондой эле жогорку пайызды муну менен да түшүндүрсө болот: сурамжылоого өз айылынын турмушуна жигердүү катышкан жана бул сурамжылоого катышуу ниетин билдиргендер гана тартылды. Долбоордун 2014-2016-жылдар аралыгындагы ишинин жыйынтыктары да сурамжылоого таасиринтийгизгенин жана аларды бүтүндөй республика үчүн жалпылаштырууга болбой турганын эске алуу зарыл. Респонденттердин баасы боюнча, сурамжылоого катышкандардын 80% алардын айылында АДК иши оң таасирин тийгизгенин белгилешкен . АДКнын аракеттери менен бир топ жакшы жагына өзгөрүүлөр болгон. Мынчалык оптимисттик маанайда болбогондор 18% түзгөн. Мындан тышкары,респонденттердин 63% алардын айылында АДК жасаган иштерге мааниси жагынан жогорку даражаны ыйгарышкан 34% орточо баа беришкен.
Бирок АДК өз ишин акысыз жана бош убактысында жасап жатканын эске алганда, бул орточо баа да АДКнын иши жамааттар үчүн канчалык маанилүү болгонун көрсөтүүдө.Сурамжылоого катышкандардын 78% 2015-жылы долбоор ишке ашырылган учурда АДК мындан дагы активдүү болгонун белгилешти. Бул АДК жамааттын артыкчылыктарын аныктоо жана аларды чечүү жолдорун издөө боюнча жамааттар менен биргеликте көп ишчараларды өткөргөнүнө байланыштуу болду. Долбоор сунуштаган механизм жергиликтүү жамааттар менен жигердүү иш алып барганда гана иштейт. Жамааттын артыкчылыктуу муктаждыктарын аныктоо процесси – Жамаат муктаж-дыктарын биргелешип аныктоо (ЖМБА) бул механизмдин негизги түзүүчүсүнүн бири болуп эсептелет. Долбоордун алкагында АДК ЖМБА өткөрүү техникасын өздөштүргөн жана ар бир АДК өз айылында ЖМБА-иш-чараларын өткөрүп чыккан. Бул ишчаралардын жүрүшүндө жамааттар баары үчүн артыкчылыктуу көйгөйлөрдү аныктап, аларды чечүү жолдорун издешкен. Муну жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен активдүү иш алып баруу аркылуу да жасашкан. Анкета толтурган жашоочулардын 87% жамаат муктаждыктарын биргелешип аныктоого да катышты. ЖМБА – бул пилоттук АДК долбоордун алкагында өздөштүргөн техника.
Мында дагы оң жооптун жогору пайызы сурамжылоого айылдын жигердүү тургундары катышканына байланыштуу болду. Жооп бергендердин көбү АДК өткөргөн ЖМБА-ишчараларына катышкан.ЖМБАга катышкан респонденттердин 84% кандай көйгөйлөр аныкталып, ЖМБА жыйынтыктары кандай болгонунан кабары бар экени да кубандырат. Бул болсо катышуучулардын көбү иш-чаранын жыйынтыктарына кызыкдар жана балким долбоордун алкагында чечим кабыл алуу прогрессине көз салышууда. Сурамжылоонун белгилей кетүүчү дагы бир жыйынтыгы – респонденттердин 89% аныкталган көйгөйлөр же толугу менен чечилди, же жакынкы мезгилде чечилет деген ишенимде турушат. Сурамжылоого катышкандардын 5% гана көйгөйлөр чечилбей калганын айтышкан. Негизинен мындай жооптор Баткен, Чүй жана Ош облустарынан (ылайыгына жараша 13%, 10% жана 9%) түшкөн жана жергиликтүү бюджеттерден тышкары каржылоонун кошумча булактарына жеткиликтүүлүктүн жоктугуна да, ЖӨБ органдарынын АДК жана жамаат менен кызматташтыкка кызыкдарлыгынын төмөндүгүнө да байланыштуу.
Сурамжылоо 2015-жылдын этегинде жана 2016-жылдын башында жүргүзүлгөндүктөн, ал маалда респонденттерде 2016 жылга бюджет тууралуу маалыматтын жоктугун (маалымат жарыяланаэлек болчу) жана жашоочуларда 2016-жылы ар тыкчылыктуу маселелерди чечүүгө ЖӨБ пландары тууралуу маалыматтын болбогонун унутпаш керек. Сурамжылоого катышкандардын көбү – дээрлик 87 пайызы – АДК айыл көйгөйлөрүн чечүүгө ЖӨБ менен биргеликте катышканын белгилешти. Бул адатта калкты мобилдештирүүгө жардам бергенде билинген. Оң жооп кайтаргандардын мындай жогору пайызын ушуну менен түшүндүрсө болот.Долбоордун алкагында АДК жасаган иштерге сурамжылоонун катышуучуларынын канааттануу деңгээли 58% түзгөн. 34% АДК өзүн көп жакшы көрсөтө албаганын билдирген. АДК ыктыярчылардан куралган жамааттык уюм болгондуктан долбоор бул жыйынтыкты жакшы көрсөткүч катары баалайт. Анын үстүнө долбоор тараптан консультациялык колдоо гана көрсөтүлгөн жана АДК көп учурда өз алдынча иш жүргүзүүгө мажбур болгон. Анын үстүнө АДКнын ишине такыр канааттанбагандар болгону 1% түзгөн.
сурамжылоого катышкандар АДКдан кандай түрдөгү маалымат алганын көрсөтүүдө. Респонденттердин 64% ооруларды алдын алуу жолдору тууралуу маалымат алышкан.Бул болсо АДК жүргүзгөн иштин негизги түрү болуп эсептелет. Дагы 47% АДКнын иши тууралуу маалымат алышкан. Респонденттердин 38% жергиликтүү бюджет тууралуу маалыматты АДКдан алган. Сурамжылоо жүргүзүлүп жаткан маалда пилоттук айылдардын бир бөлүгүндө долбоордун маалыматтык өнөктүгүнүн алкагында бюджетти талкуулообоюнча коомдук иш-чаралар өткөрүлө баштаган. АДК жамаатты коомдук бюджеттик угууларга катыштыруу процессине жигердүү тартылган. “АДК үнү” Долбоору жамааттын артыкчылыктуу муктаждыктарын аныктоо жана жеринде чечим кабыл алуу процессине катышууга шыктандыруу гана эмес, ошону менен бирге келечекте жергиликтүү жамааттар менен иштешүү практикасын улантууга да кызыкдар. Ошондуктан жергиликтүү жамааттар артыкчылыктуу көйгөйлөрдү аныктоо жана жергиликтүү маанидеги маселелерди аныктоо боюнча жамааттар менен мындан кийинки ишинде АДКны колдоп-колдобогонун билүү маанилүү. Респонденттердин 70% АДКны колдоп, мындан ары да АДК уюштурган иш-чараларга катыша берерин айтышкан. Ушул эле айылдарда 2014-жылы жүргүзүлгөн сурамжылоолордун жыйынтыктарына салыштырмалуу иш-чараларга катышууга макул болгондордун саны 8% өскөн. Ал эми катышпай турганын айткандардын саны 1% азайган.
Ошондой эле долбоор үчүн ЖӨБ органдары менен жергиликтүү жамаат ортосунда түзүлгөн мамилелерди өзгөртүү да маанилүү болду. Жергиликтүү жамаатка жеринде чечим кабыл алуу процессине катышуу үчүн аспап берүү, ал эми ЖӨБ органына жамаат – бул алардын бийлиги, күчү экенин түшүндүрүү зарыл эле. Бул үчүн ЖӨБ мындан дагы ачык болуп,өз жамаатынын пикирине кулак салышы керек. 2014-жылы ишин баштаганда долбоор пилоттук айылдарда жашоочулар арасында сурамжы-лоо жүргүзүп, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери канчалык деңгээлде ачык болгонун аныктаган.2014-жылдагы сурамжылоо менен 2015-жылды салыштырып көрүүгө болот. Айыл өкмөтү өз ишинде ачык дегендер- дин саны 14% өскөн. Айыл өкмөтү жарымжартылай ачык деп эсептегендердин үлүшү 11% өссө, айыл өкмөтү жабык дегендердин саны бир кыйла азайган. Ошондой эле 2015-жылы суроого жооп бере албаган респонденттердин саны дээрлик 10% кыскарган. Бул болсо респонденттер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ачыктыгы жана айкындуулугу өңдүү түшүнүктөрдү көбүрөөк биле баштаганынан кабар берет.
Сурамжылоонун соңунда мындай суроо берилген: респонденттер алардын айылындагы АДК менен ЖӨБ органдарынын кызматташтыгынын деңгээлин кандай баалашат Сурамжылоо эки жолу жүргүзүлгөн – долбоор башталган 2014-жылы жана 2015-жылдын ортосунда.Респонденттерге кызматташтыктын деңгээлин беш баллдык шкала боюнча баалоо сунушталган. Мында 1 – кызматташтыктын жоктугун билдирсе, 5 – кызматташтыктын эң жогорку деңгээлинен кабар берет. Долбоор ишке ашырылган жыл ичинде бул көрсөткүчтүн өсүшү 0,6 пунктту түзгөн. Бул болсо кызматташтык шарттуу орточо деңгээлден жакшы деңгээлге өткөнүн билдирет. Бул сурамжылоо көрсөткөндөй, долбоордун алкагында жүргүзүлгөн АДК иши жамаат үчүн маанилүү. Жамаат АДКнын ишинин натыйжасында айылдагы турмуш жакшы жагына өзгөргөнүн көрүүдө. Айыл өкмөтү менен АДК ортосундагы кызматташтык өсүүдө, демек муну менен тараптар ортосундагы ишеним да артып баратат. Долбоордун таасири тууралуу айта турган болсок, ал бар жана оң деп бааланууда. Долбоор баш- ка йылдарга механизмди жайылтууну сунуштаган учурда ал жактарда да ушул өңдүү жакшы өзгөрүүлөрдү көрүүгө мүмкүн. Бул болсо АДК тараптан механизмди жана жигердүү ишти адекваттуу колдонуп, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кызматташуу ниетин билдирген шарттарда мүмкүн болот.