Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Айылдык ден соолук комитеттеринин жеткиликтүү үнү. “АДК үнү” Долбоорунун кыскача жыйынтыктары

2017-09-13 / АДК жана ЖӨБ өнөктөштүгү
Айылдык ден соолук комитеттеринин жеткиликтүү үнү. “АДК үнү” Долбоорунун кыскача жыйынтыктары

“Айылдык ден соолук комитеттеринин үнүжана Кыргызстандагы элеттик жамааттардын саламаттык детерминанттары боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын социалдык жоопкерчилиги” Долбоору 2014-жылы башталган.

“АДК үнү” Долбоорунун 2014 жылдын июнь айынан 2017-жылдын сентябрь айына чейинки иши Кыргыз Республикасынын Айылдык ден соолук комитеттеринин (АДК) потенциалын жогорулатууга багытталган. АДК – бир айылдын же анын бир бөлүгүнүн деңгээлинде иш алып барган чакан жамааттык уюмдар. АДК элеттик жамааттарга өз саламаттыгынын абалын жакшыртуу үчүн өз алдын- ча иш алып барууга мүмкүнчүлүк берүү максатын көздөйт. Бул кеңири тарамга республика боюнча 1600дөн ашуун айылдык ден соолук комитеттери кирет, алар улуттук Айылдык ден соолук комитеттеринин ассоциациясына биригишкен.

Долбоор Өнүктүрүү саясат институту менен “Кыргызстан Айылдык ден соолук комитеттери” Ассоциациясынын биргелешкен иши болуп калды. Бул Долбоор Дүйнөлүк банкка караштуу “Социалдык отчеттуулук боюнча глобалдык өнөктөштүк” Трасттык фондунун (СОГӨ) колдоосу менен жүзөгө ашырылууда. 

“АДК үнү” Долбооруна кандай зарылчылык болгон? Көпчүлүк айылдардын жашоочулары айылдык ден соолук комитеттери жөнүндө угушкан жана алардын ишин колдоп келишет. Эмне үчүн? Себеби АДКга эрежеге ылайык, айылдагы жигердүү жана белгилүү адамдар киришет, алар жердештри арасында кадыр-баркка ээ. Ошол эле маалда жарандардан айырмаланып, жергиликтүү өз ал-дынча башкаруу органдары АДК менен кызматташууга жетиштүү деңгээлде даярдыгын дайыма эле көрсөтө беришкен эмес, алар айылдын өнүгүүсү боюнча өнөктөш катары потенциалын жакшы баалай албай жатышты. АДК жана КАДК Ассоциациясынын өкүлдөрү бүткүл жамааттын жакшы жашоосу үчүн ЖӨБ органдары менен АДК ортосундагы кызматташтыкты жакшыртуу керектигин, бул үчүн колдоо, окууларды уюштуруу талап кылынарын байкашты. Ошондуктан элет калкынын саламаттык детерминанттарына байланышкан көйгөйлөрдү чечүү үчүн бардык мүмкүн болгон ресурстарды мобилдештирүү максатында “АДК үнү” Долбоорунун иши АДК менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (ЖӨБ) ортосунда диалог курууга багытталган.

Бул иштин мааниси бир факт менен аныкталган: саламаттык детерминанттарына коопсуз ичүүчү сууга жеткиликтүүлүк, калктуу конуштун жалпы санитардык-гигиеналык абалы, коопсуз турак жай жана аймак ж.б. факторлор кирет. Саламаттык сактоо системасы канчалык өнүккөн болбосун, өлкө калкынын саламаттыгынын абалына болгону 25% гана таасирин тийгизет. Калган 75% - бул дарыгерлер олуттуу таасирин тийгизе албаган факторлор. Мисалы, мектепке чейинки жана мектеп мекемелеринде балдардын тамактануусунун сапаты билим берүү чөйрөсүнө караштуу. Ал эми бул балдар барган мекемелердеги физикалык шарттар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына кирет. Анткени мектептер жана бала бакчалар ЖӨБ органдарынын балансында турат. Саламаттык детерминанттары өзүнчө адамдын да, жалпысынан жамааттын да ден соолугуна чоң таасирин тийгизет. Саламаттык детерминанттарын жакшыртуу менен, жалпы жамааттагы турмуш шарттарын да жакшыртууга болот. Айылдык ден соолук комитеттери – элет жергесинде саламаттык детерминанттарынын көйгөйлөрү менен алектенген ыктыярчылардын бирикмелери – бул процессте маанилүү ролду ойноого жөндөмдүү. Ошондуктан Долбоор көйгөйлөрдү биргелешип чечүү үчүн бардык күчүн ЖӨБ менен АДКнын өз ара аракеттенүүсүн күчтөндүрүүгө багыттаган.

Бул максатта Кыргыз Республикасынын түрдүү аймактарынан 25 айыл пилоттук катары тандалып алынды. Калктын саламаттыгын сактоого жана бекемдөөгө багытталган тармактар аралык саясатты калыптандырып, өркүндөттүүгө умтулуу “АДК үнү” Долбоорунун уникалдуу айырмалуу белгиси болуп эсептелет.  Жергиликтүү жамааттын деңгээлинде бүтүндөй коомдун аракеттери талап кылынганы саламаттыкты коргоо боюнча секторлор аралык саясаттын маңызын түзөт. Бул процесске жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, АДК атынан жамааттын өзү, ошондой эле башкасекторлор жана биринчи кезекте саламаттык сактоо тармагы да катышууга тийиш. Узак мөөнөттүү натыйжага жетүү үчүн саламаттык сактоо тармагы коомдун түрдүү тармактары жана секторлору менен кызматташышы керек. Бул болсо тигил же бул шарттарды түзүүдө өздөрү кошкон салымын, ошол шарттарды жакшыртуу үчүн алган жоопкерчилигин баамдашы үчүн керек. Дал ушундай – секторлор аралык курс калктын саламаттыгынын абалын олуттуу түрдө жакшыртууга жол ачат. Аталган долбоордун алкагында жасалган иштер 25 пилоттук АДКга жергиликтүү бийлик органдары менен байланышты жакшыртып, өнөктөш мамилелерди түзүп, элет жергесинде саламаттык детерминанттарын жакшыртуу боюнча биргелешкен иштерди жасоого жардам берди.