Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

АДКнын ЖӨБ органдары менен өз ара аракеттенүүсү: алгачкы кадамдар жана бири-бирин таанып билүү

2017-09-14 / АДК жана ЖӨБ өнөктөштүгү
АДКнын ЖӨБ органдары менен өз ара аракеттенүүсү: алгачкы кадамдар жана бири-бирин таанып билүү

Пилоттук аймактардагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын социалдык жоопкерчилигинин деңгээлин жогорулатуу “АДК үнү” Долбоорунун негизги милдеттеринин бири болуп калды. Социалдык жоопкерчиликти өнүктүрүү үчүн долбоор жергиликтүү да, улуттук да деңгээлдерде иш алып барды. Муну менен долбоор төмөндөн жогору карай – жергиликтүү жамааттардан баштап, саламаттык сактоо маселелери боюнча өлкөдөгү жогорку башкаруу органдарына чейин социалдык отчеттуулукту түзүүгө аракет жасады.

Жергиликтүү деңгээлде социалдык отчеттуулукка карата “АДК үнү” Долбоору бир катар ишчараларды өткөрдү. Мисалы, Жамаат муктаждыктарын биргелешип аныктоо (ЖМБА). Анын жүрүшүндө жергиликтүү жамааттын эң артыкчылыктуу, өтө көйгөйлүү маселелери аныкталат, ошондой эле бул көйгөйлөр артыкчылыктуу болгонуна жараша бөлүштүрүлөт. Жалпак тил менен айтканда, бир катар көйгөйлөрдүн ичинен биринчи кезекте чечилиши керек болгон, эң маанилүү көйгөй тандалып алынат. Андан соң ЖӨБ органы менен жергиликтүү жамааттын биргелешкен ишинин жүрүшүндө ЖМБА жыйынтыктары АДК менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын Биргелешкен аракеттер планы болуп өзгөрөт. Бул план аныкталган көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган. Мында жергиликтүү бюджеттерди аткаруу жана түзүү боюнча коомдук угууларды өткөрүү милдеттүү элемент болуп эсептелет. Коомдук угуулар аныкталган көйгөйлөрдү чечүү бюджетте кантип чагылдырылганын жана жалпысынан бюджет жарандардын керектөөлөрүнө канчалык жооп берээрин аныктоо үчүн өткөрүлөт. Бул иш-чаралардын цикли долбоорду аткаруу мезгилинин олуттуу бөлүгүн ээледи. ЖМБА өткөрүүгө, БАПты иштеп чыгууга жана коомдук угууларга 10246 киши тартылды. Алардын арасында жергиликтүү жамааттардын жана ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү, жергиликтүү депутаттар бар. Жалпысынан иштин бул баскычында тараптар – ЖӨБ органдары менен АДК бири-бирин тааный баштады. Алар бири-биринин ишиндеги өзгөчөлүктөр менен таанышып, биргелешкен иштин жана өз ара пайдалуу кызматташтыктын потенциалын жакшыраак баалай алышты. Бирок азырынча бул болгону потенциал эле, туруктуу мамилелерди түптөө үчүн чоң иштер алдыда жаткан. Долбоордун жыйынтыктарынын туруктуулугун камсыздоо андан да маанилүү тапшырма болуп калды.