Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү кеңеш браконьерлик жана аракечтик менен кантип күрөшө алат

2017-10-25 / Депутаттык баяндар
Жергиликтүү кеңеш браконьерлик жана аракечтик менен кантип күрөшө алат

Байзак айылынын жашоочулары көптөн бери эле Байзак айылдык аймагынын чегинде жайгашкан Көлмө жайлоосундагы Жумгал дарыясында балыктын саны азайып баратканына даттанып келишкен.

Бул маселени жергиликтүү кеңештин сессиясында чечүү үчүн 2019-жылга чейин Байзак айылында аңчылыкка жана балык уулоого тыюу салуу жөнүндө токтом кабыл алынган. Бул токтомду аткаруу үчүн бир катар иш-чаралар талап кылынган. Биринчиден, токтомдун максаттарын түшүндүрүү үчүн жашоочулар арасында чогулуш өткөрүш керек болчу. Бирок учурда ар кандай чогулуштардын натыйжалуулугуна ишенгендер аз болуп, көптөр мындай иш-чараларды көңүл сыртында калтырганына байланыштуу калктын көңүлүн бурдуруунун башка түрлөрүн издөө чечими кабыл алынды. Ошондуктан жергиликтүү кеңештин депутаттары жаратылышты коргоо органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте микрофондун жардамы менен тикелей ошол жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзө башташты. Ошону менен бирге ар бир көчөнү машинеге орнотулган үн күчөткүч менен кыдырып, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп чыгышты. Ошондон кийин калктан жергиликтүү кеңешке сунуштар түшө баштады. Алар менен таанышып чыккандан кийин иш-чаралар планы түзүлдү. Социалдык тармактарда жүргүзүлгөн иш дагы жакшы жыйынтыгын берди. Бул жакта жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат сүрөттөр менен тиркелип жарыяланып турду. Белгилүү болгондой, азыр жаштардын көбү социалдык тармактарда “отурушат” жана бул ыкма алардын көңүлүн буруу үчүн өзгөчө натыйжалуу болуп калды. Аракеч адам менен жашаган үй-бүлөлөрдөн депутаттардын дарегине көптөгөн даттануулар түшүп турат. Айылдык кеңеш, айыл өкмөтү бул багытта калк менен биргелешкен иштерди жүргүзүп келет. Жашыруун кайрылган адамдар да болду. Бул адамдарда айыл өкмөтүнө жана айылдык кеңешке карата ишеним сезими пайда болгонунан кабар берүүдө. Анткени мурда элеттиктерде айыл өкмөтү калктын мүлкүн жок кылгандан башка эч нерсе менен алектенбейт, айылдык депутаттар эч нерсе чечпейт деген пикир калыптанып келген. Буга Советтер Союзу кулагандан кийин колхоз менен совхоздун мүлкүн менчиктештирүүнүн жүрүшүндө көп нерсе сатылып кеткени себеп болду. Айыл өкмөтү, ошондой эле жергиликтүү активисттер эл душманына айланып калган. Бүгүн болсо айылдык кеңештердин депутаттары айылдын коомдук жашоосуна жигердүү аралашып келет, тигил же бул тапшырмаларды аткарууда калк менен чогуу иш алып барат, муну менен элеттиктердин ишенимине ээ болуп жатышат. Мисалы, айылдык кеңештин депутаттары аракечтик менен күрөшүү жаатында өлкөдө көрүлүп жаткан чараларга анализ жүргүзүп чыгышты. Жергиликтүү соодагерлерден алкоголдук продукцияны сатып алып, аны андан ары жок кылуу боюнча акцияларды өткөрүү максатка ылайык келбейт деген чечим кабыл алынды. Биринчиден, бул чоң көлөмдөгү акчаны бекер эле жок кылуу дегенди билдирет. Экинчиден, ошону менен эле айылда эч ким ичпей калат дегенге кепилдик жок. Аракечтикти адамдардын аң-сезимин, өз жашоосуна болгон көз карашын өзгөртүү жолу менен гана жеңүүгө болот. Буга байланыштуу элеттиктер арасында “Аракечтикти кантип жеңсе болот?” деген сурамжылоо өткөрүлдү.

Ошондой эле “Мен аракечтикке каршымын” деген акция өттү. Анын алкагында жаш элеттиктер милиция кызматкерлери, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана активисттер менен биргеликте “Биздин келечек – арак ичпеген жаштар” деген ураан менен айылдын көчөсүн аралай жөө жүрүшкөчыгышты.

Жүрүш жергиликтүү бийликтин имаратынын алдында жыйынтыкталып, депутаттар, милиция кызматкерлери жана айыл өкмөттүн өкүлдөрү жаштарга кайрылуу жолдошту. Акциянын экинчи этабы чакан футбол боюнча турнирди өткөрүү менен белгиленди жана ага сегиз команда катышты. Алгачкы үч байгелүү орунду ээлеген командаларга Ардак грамоталары жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Бул иш-чара сүрөткө жана тасмага тартылып, интернетке жайгаштырылды. Атүгүл биздин акцияны телевидениеден да көрсөтүштү. Мындан тышкары, эмгекке, сергек жашоого, билимге жана адамдар ортосундагы тил табышууга үндөгөн тарбиялык мүнөздөгү кыскаметраждуу тасма үчүн мыкты сценарийге конкурс уюштурулду. Ошондой эле райондук маданият башкармалыгы аркылуу айыл жашоочулары арасында тасмада роль ойной тургандарга кастинг жарыяланды. Анын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, алгачкы үчөөнө сыйлыктар тапшырылмакчы. Бул тасмаларды республикалык масштабда көрсөтүүнү уюштуруу пландары да бар. Аракечтикке каршы иште маалымат такталары да натыйжалуу болот деп ойлойбуз. Бул жерге аракты көп ичкен элеттиктердин сүрөттөрүн, мын-дай жарандарга таасир этүү чаралары, ошондой эле айылдын санитардык абалын жакшыртуу жана кирдетип жаткандарга көрүлгөн чаралар тууралуу маалыматтарды жайгаштырса болот. 15-августта Байзак айылында жергиликтүү кеңештин депутаттары арасында өз ара мамилени бекемдөө максатында спорттук иш-чара өткөрүлдү. Ал албетте райондогу депутаттар арасында өз ара мамилелерди бекемдөөдө маанилүү ролду ойноду. Ишчаранын алкагында Байзак айылдык кеңешиндеги кагаз өндүрүшү менен тааныштыруу өтүп, анын токтомдору талкууга алынды. Райондогу сегиз айылдык кеңешинен алты команда футбол боюнча беттешип, үч жеңүүчү айылдык кеңештин грамоталары, медалдары жана турнирдин кубогу менен сыйланды. Ушул эле күнү сый тамак уюштурулуп, анда да депутаттар кызматташуунун мындан аркы пландары тууралуу пикир алмашты. Жогорку Кеңеш менен кызматташтыктын алкагында биздин эки жаш депутатыбыз “Жаштар платформасы” деп аталган акцияга катышышты. Бул иштердин баары элет калкынын жергиликтүү бийликке болгон ишенимин кайтарууга, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн аянтча түзүүгө багытталды. Эң негизгиси – калкта талкууланып жаткан маселелер ар бир жашоочуга тийиштүү деген ой калыптанып, ал эми иштерди пландоого жеке катышуу жергиликтүү калк тарабынан активдүүлүктү шарттады. Биздин демилгени ишке ашыруу үчүн, башкача айтканда жаратылыш коруктарында маалыматтык такталарды, таштанды таштоого тыюу салынганы тууралуу табличкаларды орнотуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 30 000 сом, сүрөт жана видеого 8000 сом сарпталды. Спорттук иш-чаралар жана акциялар үчүн плакаттарды жана ураандарды даярдоого депутаттардын жеке каражаттарынан 15 000 сом бөлүндү. Чогулуштарды өткөрүү үчүн жергиликтүү кеңеш ташып жүрмө такталарды жана видеокамераны, үн аппаратурасын сатып алууну пландоодо. Бул болсо жергиликтүү башкаруу органдарынын жана кеңештин иш-аракеттеринин айкындуулугун пайда кылуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү өркүндөтүүгө көмөктөшүп, элеттиктерге мындан ары көйгөйлөрдү жергиликтүү депутаттарга талап коюу жолу менен чечүүгө жардам берет.

Таалайбек КҮЧМУРАТОВ,

Байзак айылдык кеңешинин төрагасы

Окшош материалы: