Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жашыл айыл – бул жөн эле кооздук эмес, ошону менен бирге ден соолук дагы

2017-10-26 / Актуалдуу тема
Жашыл айыл – бул жөн эле кооздук эмес, ошону менен бирге ден соолук дагы

Качандыр бир кезде, ондогон жылдар мурда Гроздь айылдык аймагы ушунчалык жашыл болчу. Атүгүл бак-дарактардын көптүгүнөн элеттиктердин үйлөрү да көрүнбөй калчу. Жыл сайын бак-дарактар отургузулуп, алардын көбү тамырын жайып, өсүп кетчү. Бирок бүгүнкү күндө көптөгөн дарактар картайып, куурап калса, калгандары деле жыргап кеткен жери жок. Эгерде айылдын көчөсүн бойлой бассаңыз, биринчи кезекте ээнсиреген, каралбай калган көчөлөр, дарактардын ордуна электр устундары жана кашаалар көзгө урунат.

Албетте бул жылдар бою ЖӨБО кызматкерлери жыл сайын айылдын көчөлөрүндө көчөт отургузуп, бирок сугарылбагандыктан жана арыктардын жоктугунан алардын бир тобу куурап калчу. Эптеп тамыр жайып кеткен бак-дарактарды уйлар жеп кетчү. Мал көчөттөрдү ырайымсыз жок кылып, өзүнөн кийин дээрлик жылаңач аймакты калтырып кетүүдө. Элеттиктер мунун баарын кайгырып байкап отурган чакта жалгыз гана Сергей Лазаревич КУЗЬМИН жергиликтүү кооздуктун көз алдында жоголуп баратканын мындан ары да кайдыгер карап отура берүүгө болбой турганын, кейий бергенден жыйынтык чыкпастыгын түшүндү. Кичи Мекенинин мурдагы кооздугу өзү эле кайтып келбейт, бул үчүн адамдардан конкреттүү аракеттер талап кылынат. Сергей Лазаревич көп кабаттуу үйлөргө жанаша турган аймакты көрктөндүрүү сунушу менен кошуналарына жана досторуна кайрылды. Алар чогулушка катышып, ага айыл өкмөтүнөн өкүл катары жер түзүүчүнү чакырып, минималдуу каражатка кыска мөөнөт ичинде кантип өз көчөсүн жашылдандырып, көрктөндүрсө болоорун талкуулашты. Ошентип үстүбүздөгү жылдын эрте жазында КУЗЬМИН өзүнүн жер участогунун беш сотигин коомдук муктаждыкка бөлүп берип, ошол жерге көчөт отургузмай болду. ЖӨБО жетекчилиги жердешинин демилгесин колдоого алып, бул беш сотикке Кузьминдин участогуна жанаша жайгашкан коомдук жерден дагы 15ин кошуп берди. Мындан тышкары теректин 100 көчөтү бөлүнүп берилди. Сергей Лазаревич өз акчасына 270 көчөт терек жана 30 түп түрдүү мөмө дарактарын сатып алды. Башка элеттиктер болсо жерди семиртүү үчүн тезек чогултуп келишти. Бак-дарак отургузууга КУЗЬМИНдин үй-бүлөсүнүн бардык мүчөлөрү жана Заводская көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн жигердүү жашоочулары катышты. Отургузулган дарактарды сактап калуу максатында С.Л. КУЗЬМИН өз эсебинен 37х60 метр болгон металлдан тосмо орнотту. Мындан тышкары ошол эле көчөдө жайгашкан соода түйүндөрүнүн тегерегинде Сергей Лазаревич таштанды үчүн төрт урна орнотту. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жетекчилиги жашоочунун мындай аракеттерине баа берип, демилгени колдоого алып, таштанды үчүн кошумча үч чоң контейнер орнотту.

Бул демилгени ишке ашыруу үчүн чыгашалардын жалпы суммасы 141 482 сомду түздү. Алардын ичинде С.Л. КУЗЬМИНдин өз каражаттары 71 700 сом болду, калктын эмгек салымы 52 500 сомго бааланды, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жетекчилиги 27 023 сом бөлүп берди. Ошентип 20 сотик жерде бак пайда болду. Дарактардын алты түрүнөн 400 көчөт отургузулду, мал оттоп кетпесин деп тосмо орнотулду, ал көп жылдар бою турчудай бекем орнотулду. Ал эми С.Л. КУЗЬМИНдин демилгеси айылдык аймактагы башка айылдардын жашоочуларын да үйлөрүнүн алдындагы аймакты көрктөндүрүүгө шыктандырды. “Гроздь айылында мен өмүр бою жашап келатам жана куурап калган, азыр кыйылып жаткан бак-дарактарды бир кезде өзүм отургуздум эле. Качанкы бир кездери гүлдөгөн жашыл айылдын көркү качып, кунарсыз болуп калганын карап отуруп, жүрөгүм ооруп кетет. Айылыбыз жөн жеринен эле Гроздь деп аталып калбаса керек, бул жерде көптөгөн жер-жемиштер, салаңдап жүзүмдөр өсүп тураар эле... С.Л.КУЗЬМИНдин демилгесинин жана эмгегинин жыйынтыгын көрүп абдан кубандым  биздин айылдын сырткы көрүнүшүнө кайдыгер карабаган адамдар дале бар экен. Бул өсүп келаткан муун үчүн үлгү болуп калса экен дейм. Демилгечиге жана анын жолун жолдоочуларга ыраазычылыгымды билдирем”, - деп айтты Гроздь айылынын жашоочусу, пенсиядагы Лариса ПРОХОРОВА. Азыр Гроздь ААнын аймагында көп кабаттуу 12 үй бар, алардын тегерек чети көрктөндүрүлгөн эмес. Эгерде утуп алсак, байге фондунун каражатын Заводская көчөсүндөгү балдар аянтчасын тосмолоого багыттоону пландап жатабыз. Калган акчага беш көп кабаттуу үйдүн аймагына көчөттөрдү отургузабыз. Ошентип айылдык аймакты жашылдандыруу жана көрктөндүрүү көйгөйү чечилет, экологиялык жагдай жакшырат. Натыйжада бул элеттиктердин саламаттыгына оң таасирин тийгизет.

КУЗЬМИН Сергей,

Гроздь айылдык аймагынын тургуну