Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү башкаруу – мамлекеттин негизи

2021-11-02 / Актуалдуу тема
Жергиликтүү башкаруу – мамлекеттин негизи

Аймактык өнүгүү мамлекеттик Агенттигинин директору Эльчибек Джантаевдин куттуктоосу

Урматтуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери жана жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрү! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттигинин жана жеке өзүмдүн атымдан Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун 30 жылдыгы менен куттуктайм!

1991-жылдын 19-апрелинде мамлекетибиздин тарыхында биринчи жолу “Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзам кабыл алынып, ошондой эле 2003-жылдын 6-мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен ар жылдын октябрь айынын акыркы жекшембиси Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү жамааттар күнү” деп белгиленген. Мындай жагдай жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасы өлкөбүздө конституциялык түзүлүштүн бирден бир негизи экени белгиленип, Кыргыз Республикасынын Конституциясында атайын берене менен тастыкталган.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу – бул биздин тарыхый байлыгыбыз, ата- бабаларын унутпаган, алардын элесине таазим этип, мурасын сактап келген ар бир кыргызстандыктын жан дүйнөсүнүн тереңинде орун тапкан, кыргыздар үчүн салттуу болуп калган башкаруу формасы. Кыргыз элинин жол башчылары ар бир маанилүү маселени кеңешип отуруп чечкенин “Манас” эпосунан улам билебиз. Согуш жана тынчтык, жортуулдар жана Мекенди коргоо маселелери чечилген кеңештердин орду өзгөчө болгон. Ошол эле учурда мындай кеңештерге жалаң гана аксакалдар эмес, төбөсү көрүнгөн баатырлар, элдик жомокчулар катышып, кээде суроолор жалпы талкууга чыгарылчу. Эпосто, мисалы, жол башчыларды тандап алуу өңдүү чыныгы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун толук мисалдары да берилген. Биздин өз алдынча башкаруунун тамыры өтө терең – көчмөндөр жана уруулар түптөлө баштаганда элдин ар бир структуралык бирдигинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыйзамдары күчүндө болгон. Кыргыздын жергиликтүү өз алдынча башкаруусу демократиялык кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн биринчи көрүнүшү болгону тарыхый далилденген чындык. Биз азыр жергиликтүү маанидеги маселелер деп атап жүргөндөрүбүз, тиричиликтин түзүлүшү, жамаатта жашоо эрежелери, жайыттарды башкаруу жана жер талаштары – мунун баарын урууларга ар бир мүчөсү катышкан кеңештер чечип келишкен. Чечим кабыл алуу жараянында аялдар да добуш берүү укугуна ээ болгонун эсибизден чыгарбашыбыз керек. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун принциптери “кадыресе” кыргыз укугунда чагылдырылган, башкача айтканда бул укук каада-салттарга негизделген тарых менен түптөлүп калган. Бул “кадыресе” укук ушунчалык туруктуу, тең салмактуу жана максатка ылайыктуу болгондуктан, ал тургай Орусия империясы да көчмөн элдин жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна өтө этияттык менен кийлигишкен.

Совет мезгилинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун формасы жана мазмуну олуттуу түрдө өзгөрдү, себеби советтик башкаруу системасынын негизиндеги демократиялык централизмдин принциптери жергиликтүү деңгээлде саясий чечимдерди кабыл алууга көп жакшы шарт түзгөн эмес, бул өзгөчө кадр саясатында абдан билинген. Бирок баштапкы, табигый жергиликтүү өз алдынча башкаруу ошол маалда да күчүн жоготкон эмес – адамдар турмуш-тиричилигине тиешелүү маселелерди кеңешип, акыл калчап чече беришкен, көптөгөн кеңештер иштеп, коллегиалдуу түрдө бардык пикирлерди эске алуу менен жамаатта жашоонун эрежелерин аныктап, багыт берип турушкан.

Ошондуктан, Кыргыз Республикасы бүгүнкү күнгө чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруу принциптерин карманып келе жаткандыгында таң калыштуу эч нерсе жок. Дал ушул принциптер чыныгы элдик бийликтин формасын жана жарандардын күнүмдүк тиричилиги үчүн маанилүү болгон маселелерди чечүүгө катышуу жөндөмдүүлүгүн тастыктап турат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү жамааттар түзүлгөн күндөн тартып бардык жарандарда өз аймактарында социалдык-экономикалык маселелерди чечүүгө, коомдук демилгени көтөрүп, аймактык кызыкчылыктарды коргоого мүмкүнчүлүк пайда болду. Бүгүнкү күндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу жарандык коомдун ажырагыс бир бөлүгүнө айланды.

Бүгүнкү күндө жергиликтүү өз алдынча башкарууну мындан ары да өнүктүрө берүү актуалдуулугу буга чейин болуп көрбөгөндөй зарыл маселе. Жарандардын муктаждыктарына жана учурдун чакырыктарына талаптагыдай жооп берүүгө жөндөмдүү болгон күчтүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу – бул биздин мамлекеттүүлүгүбүздүн пайдубалы. Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун отуз жылдык тарыхындагы маанилүү тыянак – мамлекет менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ортосундагы мамиле комплекстүү түрдө, үндөшүп, ырааттуу түрдө өнүгүшү керек. Дал ушундай комплекстүүлүк жана ырааттуулук бирдиктүү башкаруу процессинин эки катышуучусуна тең зарыл.

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун келечеги мамлекетибиздин, улутубуздун келечеги менен тең уланат. Кыргызстандын ар бир бурчу гүлдөгөн бакка айланышы үчүн жан үрөп, жергиликтүү маселелерди өз жоопкерчилиги астында чече алган жана чече турган адамдар өлкөнүн ичинде, ар бир айылда көп. Келечек муун ар бир шаардагы же айылдагы ар бир көчө менен сыймыктана ала тургандай жергиликтүү өнүгүүнү башкарганды чогуу үйрөнөбүз. ЖӨБ органдарынын келечектеги ийгилиги төмөнкүлөрдөн куралат: жетиштүү ыйгарым укуктар, жетиштүү ресурстар, жарандардын алдындагы эң жогорку жоопкерчилик жана мамлекет менен натыйжалуу өз ара аракеттенүү.

Урматтуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери!

Сиздерди дагы бир жолу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун 30 жылдык мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктап, элдин көйгөйлүү маселелерин жеринде чечип, өлкөнү өнүктүрүүгө кошуп жаткан чоң салымыңар үчүн ыраазычылык билдирем.

Баарыңыздарга чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана ишиңерге ийгиликтерди каалайм.

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу
Аймактык өнүгүү
мамлекеттик агенттигинин директору
Эльчибек ДЖАНТАЕВ