Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жай – кийинки жылдын бюджетин талкуулоо үчүн эң ыңгайлуу мезгил

2014-06-04 / Актуалдуу тема
Жай – кийинки жылдын бюджетин талкуулоо үчүн эң ыңгайлуу мезгил

Ушул жайда коомдук бюджеттик угууларды (КБУ) өткөрүү практикасына Кыргызстандагы 13 айыл өкмөтү тартылды. Биринчи жолу адамдар өз айылындагы өтө зарыл көйгөйлөрдү талкуулоого катышып, жергиликтүү казынаны толтуруу боюнча чечимди биргелешип издешти. Ал эми июнь айынын үч аптасында эле Өнүктүрүү саясат институтунун ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун консультативдик жана техникалык колдоосу менен 2015-жылдын бюджетине арналган, кайсы бир түрүндө элдик жыйналыш Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарындагы 29 пилоттук айылдык аймакта (АА) өттү.

Жарандарга бюджет тууралуу маалымат эмне үчүн керек жана аны качан бериш керек?

Баары болуп угууларга 2,5 миңге жакын киши, анын ичинде 1043 аял катышты. Орточо эсеп боюнча, ушундай ар бир чогулушка 90дун тегерегинде элет тургуну катышты. Эксперттердин баамында, бул ушул аймактардын калкынын аң-сезиминин өсүшүн гана эмес, жергиликтүү казынаны түзүүдө жана толтурууда жарандардын катышуусунун маанисине болгон кызыгууну жана түшүнүүнү тастыктап турат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча адистердин баамында, мезгилдин үмүт чырагын жандырган белгиси – бул каржылык борборлоштурууну азайтуу мүмкүнчүлүгү милдеттүү шарттардын бири. Мында ЖӨБ органдары каржы ресурстарын башкарууда эркин болуу менен, жарандардын жашоо шартын жакшыртуу үчүн өзүнө жоопкерчилик алышат. Алардын негиздүү сөзү эң эле маанилүү маселелер боюнча чечим кабыл алууда жаңырып турат. Ал эми бюджеттик процесс ошондой маселелердин бири. Ушуну менен бирге бул башкы каржылык документти түзүүдө жана аткарууда айкындуулук жана отчеттуулук дегенди түшүндүрөт.

Белгилүү болгондой, ким маалыматка ээ болсо, ал дүйнөнү башкарат. Биздин заманда бул санат сөз өзгөчө актуалдуу болуп калды. Билбестик, бейкабардык эрежеге ылайык ушак кептерди, жоромолду жаратып, окуяларды бурмалап чечмелөөгө түртөт.

Ошондуктан Өнүктүрүү саясат институту ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун алкагында КБУну өткөрүү демилгесин көтөрүп, бюджет долбоору боюнча угуулардын географиясын кеңейтүү менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү казынанын абалы тууралуу эл алдында отчет берип, калкка көрсөтүлгөн кызматтар тууралуу айтып берип, болочок бюджеттин баштапкы варианты жана анын артыкчылыктары менен тааныштыра алышы үчүн аянтча түзүү максатын көздөдү. Ал эми элеттиктер өз кезегинде маалыматка ээ болуп, аткаминерлердин аракеттерине сереп салуу, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына гана баа берүү эмес, жергиликтүү жетекчилердин көңүлүн эң көйгөйлүү маселелерге буруу, атүгүл бюджеттин болочок долбооруна өз сунуштарын киргизүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушмак. Бүгүнкү күндө мындай мамиле жана өз ара аракеттешүү колдоого гана алынат, анткени күндүн талаптарына жооп берүүдө.

Долбоор боюнча угууларды өткөрүүнү жөнгө салган мыйзамдардагы нормаларга ылайык жана бюджеттик календарды эсепке алуу менен бюджет долбоору боюнча коомдук угуулар үчүн эң ылайыктуу учур – 1-июндан 20-июнга чейинки мезгил. Эмне үчүн угууларды ушул убакыттан эрте же кеч өткөргөн муниципалитеттер өз максаттарына жете алышкан жок? Биринчиден, мыйзам боюнча, Каржы министрлиги 30-майга чейин ЖӨБ органдарына бюджеттик циркулярды, теңдөөчү гранттар жана жалпы мамлекеттик салыктарды бөлүүнүн пайыздарын берет – булар болбосо, бюджет долбоорун даярдоо мүмкүн эмес. Ошондуктан 1-июнга чейин шаарлар да, айылдар да эрежеге ылайык, талкуунун предмети болуп эсептелген өз кирешелерин эсептей албайт, анткени ошол маалда каржылык маалыматтар түшө элек болот.

Тапшырма: бюджет тууралуу маалыматты ар бир адамга жеткирүү

Угууларга даярдык бюджет долбоорунун өзүн иштеп чыгуудан тышкары угууларга “чейин”, угуулар “маалында” жана “андан кийин” маалымат өнөктүгү өңдүү маанилүү элементти камтыйт. Иштин ийгилиги жарандарды маалымдоо кантип уюштурулганына жараша болот. Бул жылы бардык айыл өкмөттөрү калкка маалымат жеткирүүдө алардын колунда болгон аспаптардын жана усулдардын кеңири палитрасын колдонушту: адамдар көп жүргөн жерлерге түрдүү форматтардагы жарыя-баракчаларды чаптап чыгышты, жарыя жазылган чоң баннерлерди жайгаштырышты, жашоочулар арасында чакыруу барактарын таратышты. Бирок муну менен гана чектелип калышкан жок. Активисттер машинеге отуруп алып, же ат минип бардык көчөлөрдү кыдырып чыгышты, үн күчөткүчтүн жардамы менен элеттиктерге угуулар өтө турган саатты жана күндү эстетип турушту. Райондун жана облустун массалык маалымат каражаттары, ошондой эле республикалык телевидение, “Эркин-Тоо”, “Кыргыз-Туусу”, “Аймак” ж.б. гезиттер пайдаланылды. Бирок бул да жетишсиздей көрүндү. Ошондуктан айыл өкмөттүн кызматкерлери жамааттын лидерлерине жана актив мүчөлөрүнө телефон чалып чыгышты. Бирок, биздин баамыбызда, Бостери АА (Ысык-Көл облусу) жасагандай, калкты даярдоо жана мобилдештирүү маселелери боюнча аймактын лидерлеринин жана аксакалдарынын атайын жумушчу жолугушуусу адамдарга эң натыйжалуу үгүт таасирди тийгизди. Бул жерде окуялар башталганга бир апта калганда жергиликтүү депутаттардан, мекемелердин жана уюмдардын, бейөкмөт уюмдардын, комитеттердин жетекчилеринен, айыл аксакалдарынан, демилгелүү топтун жана Биргелешкен мониторинг жана баалоо топторунун өкүлдөрүнөн турган жамааттын бардык лидерлерин чогултушуп, аларга бюджеттик угуулардын максаттарын жана тапшырмаларын түшүндүрүп беришти. Түшүнүктүү болуш үчүн баарына маалыматтарды камтыган материалдардын пакетин таратып беришти.

 Ошол күндөрү айылдарды баннерлер орнотулган таштанды ташыган машинелер кыдырып жүрдү. Албетте мындай аракеттер сөзсүз натыйжасын бермек. Бостери АА угууларга 170тен ашык адам катышты. Курорттук мезгил башталып, Бостеринин тургундарын жайкы жумуштардан жана эс алуучуларды тейлөө иштеринен алагды кылуу кыйын болгонун эске алганда, бул абдан жакшы көрсөткүч. Иш-чара конструктивдүү нукта өттү: бир топ суроолор жана сунуштар болду (Бостери АА коомдук бюджеттик угуулар тууралуу кеңири маалыматты Ысык-Көл облусуна жасалган тажрыйба алмашуу тууралуу макаладан окуй аласыз).

Бүгүн жыйынтык чыгарып жатып, бардык айылдык аймактарда угуулар зарыл болгон деңгээлде уюштурулду деп ишенимдүү айтса болот: эл көрө турган жерлерде пландалып жаткан кирешелер жана чыгашалар тууралуу инфограмма түрүндөгү маалыматтар жана бюджет тууралуу башка пайдалуу маалыматтар жайгаштырылды. Көптөгөн уюштуруучулар пайдалуу менен жагымдуу иштерди айкалыштыра алганын белгилеп коюу керек. Угууларда залдан жаңырган эң мыкты жана эң кызыктуу суроолор үчүн активдүү катышуучуларга сыйлыктар ыйгарылды.

ЖӨБдүн бюджетиндеги беренелерди көрүнүктүү чечмелеп берүү үчүн (кайсы жакка, эмне үчүн жана канча) Ивановка айыл өкмөтү (Чүй облусу) буга чейин болуп көрбөгөндөй ыкманы тандап алышты. Алар кийинки жылга жергиликтүү бюджетти бөлүштүрүү тууралуу театралдаштырылган күлкүлүү оюн көрсөтүштү. Анда жетекчи орун басарынан тарта тазалык үчүн жооп берген кызматчыга чейин айыл өкмөттүн ар бир кызматкери кандайдыр бир ролду аткарып беришти. Оюндун каармандары кирешелер жана чыгашалар, айылдын көйгөйлөрү – ичүүчү жана сугат суунун таңсыктыгы, талкаланган жолдор, жарыктандыруу, мектептин, бала бакчалардын, клубдардын ремонту тууралуу айтып жатышты. Мындай чыгармачыл жаңы нерсе адамдарга абдан жакты. Угуулардын катышуучуларынын пикирлери боюнча, бул оюн алардын маанайын көтөрө алды, ал эми айылдык аймактын жергиликтүү бюджети дагы да түшүнүктүү жана жеткиликтүү болуп калды.

Жыйынтыгында бардык нерсе туура жасалды: угуулар өз маалында өттү, бардык 29 пилоттук муниципалитетте маалымат өнөктүктөрү натыйжалуу иштелип чыгып, ишке ашырылды. Максат ишке ашты жана жыйынтыгы – калк талкууларга активдүү катышып, бюджет дагы да айкын жана түшүнүктүү болуп калды, жашоочулар артыкчылыктуу маселелерди аныктап, башкы каржылык документтин долбооруна өз түзөтүүлөрүн жана сунуштарын киргизишти. Эми калган иш ЖӨБ органдарына калды. Алар кеңештин сессиясында түшкөн сунуштардын жана кеп-кеңештердин баарын талкуулап чыгып, 2015-жылга бюджет долбоорундагы маалымат өнөктүгүн өткөрүш керек.

Бюджеттин кыскача сүрөттөлүшү – аны түзүүнүн өзөгү

Ар бир бюджет – олуттуу документ, аны баары эле башынан аягына чейин окуп чыга албайт. Каржыны көп жакшы түшүнө бербеген адамдар үчүн бюджеттин кыскача сүрөттөлүшү (БКС) иштелип чыкты. Аны калкка жеткиликтүү формада бюджеттик маалыматтарды берүү үчүн ЖӨБ органдары даярдашты. БКСта негизинен кирешелердин булактары сүрөттөлөт, каражаттар (чыгашалар) кантип жана эмнеге сарпталаары айтылат. ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун адистери БКСтын макетин иштеп чыгышты. Анын жардамы менен ЖӨБ органдары бюджеттин  кыскача сүрөттөлүшүн оңой эле даярдай алганын айта кетүү керек.

Ошондой эле ЭҮЖӨБОЖ Долбоору муниципалитеттерге техникалык колдоо көрсөттү: 13 пилоттук АА угууларды өткөрүү боюнча кеп-кеңештерди берип, 29 айыл үчүн зарыл болгон санда көчүрмөлөрдү чыгарууга, бюджеттин киреше жана  чыгаша бөлүктөрүнүн диаграммасы менен баннерлерди, афиша-жарыяларды, чакыруу баракчаларын ж.б. чыгарып  берди.

БКСтын статистикасы жана натыйжалары

15 пилоттук муниципалитет кимдир бирөөнүн жардамысыз эле бюджет долбоору боюнча коомдук угууларды өткөрдү. Мыкты натыйжа деп угуулардын жыйынтыктарын атаса болот: 29 пилоттук муниципалитетте калктан 225 сунуш түштү, алардын ичинен бюджеттин долбооруна 132 сунуш киргизилди (1-таблицаны караңыз). Калк жергиликтүү бюджетти көбөйтүү зарылчылыгын түшүнө турганы кубандырды. Айталы, 21 аймактагы угууларда адамдар жергиликтүү бюджеттин кирешелерин көбөйтүү боюнча 70тен ашык түрдүү сунуштарды киргизди (2-табл. караңыз). Чыгашаларга карата айтсак, толтура көр тиричилик көйгөйлөрдүн арасында элеттиктер маданиятты жана спортту өнүктүрүү зарылчылыгын да унутушкан жок: 16 айылдык аймакта адамдар бул чөйрөнү өнүктүрүү боюнча 22 сунушту беришти.

1-таблица. Калктын 2015-жылга жергиликтүү бюджеттердин долбоору боюнча угууларга калктын катышуусу жана жарандардан түшкөн сунуштардын саны

АА

Райондор

Катышуучул-ардын саны

Түшкөн сунуштардын саны

Эсепке алынган сунуштардын саны

1.                

Кара-Жал

Ак-Суу

64

15

7

2.                

Кум-Бел

Ысык-Көл

110

5

3

3.                

Жети-Өгүз

Жети-Өгүз

184

10

6

4.                

Тогуз-Булак

Түп

79

8

7

5.                

Мамбетов

Тоң

83

9

4

6.                

Биринчи май

Ала-Бука

214

18

6

7.                

Авлетим

Аксы

81

6

4

8.                

Кеңеш

Базар-Коргон

85

8

6

9.                

Масы

Ноокен

142

12

10

10.             

Курманбек

Сузак

81

7

4

11.             

Торкен

Токтогул

44

10

3

12.             

Көк-Ирим

Тогуз-Торо

92

5

3

13.             

Ала-Бука

Ала-Бука

135

5

4

14.             

Улахол

Тоң

46

5

2

15.             

Липенка

Жети-Өгүз

50

7

6

16.             

Ак-Чий

Ак-Суу

113

12

9

17.             

Арал

Түп

62

9

4

18.             

Бостери

Ысык-Көл

171

10

6

19.             

Жаңы-Жол

Токтогул

62

4

2

20.             

Жаңы-Жол

Аксы

44

3

2

21.             

Сумсар

Чаткал

55

10

0

22.             

Көк-Таш

Ала-Бука

63

6

4

23.             

Багыш

Сузак

89

6

4

24.             

Сакалды

Ноокен

65

9

7

25.             

Бешик-Жон

Базар-Коргон

74

5

3

26.             

Тогуз-Торо

Тогуз-Торо

58

9

4

27.             

Төрт-Күл

Тоң

30

4

4

28.             

Тоң

Тоң

35

2

2

29.             

Ивановка

Чүй

63

6

6

Баары:

2474

225

132

 

2-таблица. Түшкөн сунуштардын даражасы

Тема

АА саны

Түшкөн сунуштардын саны

 
 

1

Элеттин жолдору жана көпүрөлөрү

10

16

 

2

Ичүүчү суу

10

12

 

3

Бала бакчалар

10

11

 

4

Жарыктандыруу

2

2

 

5

Таштанды

7

8

 

6

Мектептер

11

17

 

7

Жашылдандыруу

6

7

 

8

Маданият жана спорт

16

22

 

9

Башкалар (электрификациялоо, социалдык жардам, сугат суу, долбоорлорду кошо каржылоо, айыл чарбаны өнүктүрүү ж.б.)

22

60

 

10

Жергиликтүү бюджеттин кирешесин көбөйтүү боюнча сунуштар

21

70

 

 

БААРЫ:

225 сунуш

 

Жарандар эмне тууралуу айтышууда жана эмнелерди сунуштап жатышат?

Угуулардын жүрүшүндө ЖӨБдүн элеттик органдары талкуунун катышуучуларынан бир топ кызыктуу, аткарылчу жана ишке ашпай турган сунуштарды алышты. Сереп салып отуруп, биз адамдар биринчи кезекте жергиликтүү бюджеттин чыгашалар бөлүгүн көбөйтүүнү сунушташаарын, башкача айтканда, тиги же бул маселени чечүүгө көбүрөөк акча коротууну сунуштай турганын байкадык. Ал маселелер – элет жолдорун оңдоо, бала бакчаларды жана клубдарды куруу жана реконструкциялоо, суу менен камсыздоону жакшыртуу, жашылдандыруу, көчөлөрдү жарыктандыруу жана таштанды чыгаруу. Мисалы, Биринчи май, Ала-Бука, Багыш, Б.Мамбетов, Арал айылдык аймактары жашылдандырууга, жарыктандырууга, элет жолдорун оңдоого, суу менен камсыздоого жана катуу тиричилик калдыктарын жыйноого көбүрөөк акча каражатын бөлүүнү сунуштаса, Тогуз-Торо, Масы, Сакалды, Тогуз-Булак айылдык аймактардын жашоочулары бала бакчанын, коомдук мончолордун жана клубдун курулушуна акча бөлүүнү өтүнүшөт. Электрификациялоо зарылдыгын Төрт-Күл, Жети-Өгүз жана Арал айылдык аймактардын жашоочулары айтышты.

Бир жагынан адамдарда чыгашаларды бөлүштүрүүгө таасир этүү мүмкүнчүлүгү болгону жакшы деңизчи. Бирок экинчи жагынан адамдар айылдын бардык керектөөлөрүн канааттандырууга акчаны кайдан алуу керектигин дайыма эле ойлоно беришпейт. Ошондуктан киреше бөлүктү көбөйтүү боюнча сунуштар өзгөчө баалуу жана маанилүү болуп турат. Ал эми кирешелерди кантип көбөйтсө боло турганы тууралуу кеңештерди  ЖӨБ органдарына коомчулук берет. Мисалы, адамдар бардык жерлерди, анын ичинде саяжай жана короо-жай жер участокторун инвентаризациялоо маселелерин карап чыгууну суранышты. Анткени эч кандай укукту тастыктоочу жана укукту орнотуучу документтерсиз, салык төлөбөстөн бир гектарга чейин жерлерди мыйзамсыз басып алган үй-бүлөлөр да бар (Ак-Чий, Авлетим, Кара-Жал АА). Калкка акыга кызмат көрсөткөн айыл чарба техникасын, такси, жүк ташуучу машинелерди, бильярддарды, жеке мончолорду, дүкөндөрдү, чач тарачтарды патентке өткөрүү зарылчылыгы тууралуу маселе көтөрүлдү (Масы, Төрт-Күл, Көк-Ирим, Б.Мамбетов АА). Ак-Чий АА жашоочулары кой кыркуу үчүн атайын жай түзүүнү, ал эми акыга кызмат көрсөткөнү үчүн жергиликтүү бюджетке салык төлөөнү сунушташты. Транспортко салык төлөө боюнча так көзөмөлдү жана эсепти жүргүзүүнү Липенка АА жашоочулары сунушташты. Эми жергиликтүү кеңештердин депутаттары жаңыртылган толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилген бюджет долбоорун сессияларда талкуулашы керек. Ал эми биз болсо бардык 29 аймактын бюджеттери адамдардын каалоолорун жана сунуштарын эсепке алуу менен бекитилет деп үмүт артабыз.

29 пилоттук айылдык аймакта 2015-жылга бюджет долбоору боюнча угууларды өткөрүү боюнча өнөктүктүн жыйынтыгын чыгарып жатып, төмөнкүдөй оң өзгөрүүлөрдү белгилесе болот: ЖӨБ органдарынын жамаат менен өз ара мамилелеринде сапаттуу өзгөрүүлөр болду, ЖӨБ органдары менен калк ортосунда конструктивдүү жана бир кыйла натыйжалуу диалог жүрдү, кийинки жылдын бюджет долбооруна түзөтүүлөрдүн киргизилиши мунун натыйжасы болуп калды. Адамдар жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө активдүү катыша баштады, айылдык аймактардын бюджети дагы да айкын жана ачык болду.

 Катышуучулардын өздөрү өткөн угууларды төмөнкүдөй баалашты. Курманбеков айылдык аймагынын жашоочусу М. СУЛТАНБЕКОВ: “Бюджет долбоору боюнча толук маалымат берген айыл өкмөттүн кызматкерлерине жана биздин депутаттарга чоң рахмат. Бул иш-чара биринчи жолу өткөрүлүп жатат. Биз ар бир жашоочу үчүн зарыл жана маанилүү болгон теманы ачык талкуулай алдык. Эми мындай иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүп туруш керек”. Ушундай эле маанайдагы пикирин Б.Мамбетов АА жашоочусу К. ЖАНГОРОЗОВ айтат: “ЖӨБ органдары бизге кийинки жылдын бюджет долбоорун талкуулоого катышуу мүмкүнчүлүгүн түзгөнү жана акча кайдан алынып, эмнеге сарпталып жатканын түшүнүүгө жардам бергени абдан туура”.

Азамат МАМЫТОВ, Гуляим ШАМШИДИНОВА,

ӨСИ ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун адистери