Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

11 (157) 2 Декабрь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

АЙМАКТАРДЫН ФОРУМУ-2024: аялдардын саясий укуктарын кеңейтүү маселеси – бул жалгыз гана теңдик жана адилеттүүлүк маселеси эмес. Бул ошондой эле прогресс, туруктуу өнүгүү жана бардыгы үчүн жалпы бакубатчылык маселеси

2024-09-19 / Актуалдуу тема
АЙМАКТАРДЫН ФОРУМУ-2024: аялдардын саясий укуктарын кеңейтүү маселеси – бул жалгыз гана теңдик жана адилеттүүлүк маселеси эмес. Бул ошондой эле прогресс, туруктуу өнүгүү жана бардыгы үчүн  жалпы бакубатчылык маселеси

Бакыт АЙТКУЛОВ, Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун 3-компонентинин координатору

Бишкекте салтка айланып калган “Аймактардын форуму 2024” өттү. Бул – Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырып жаткан USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун жыл сайын өтүүчү дем берүүчү жана жандуу иш-чарасы.  Форум жыл сайын долбоордун ар түрдүү тармактардагы өнөктөштөрүнүн башын бир жерге чогултуп турат. Форумга жергиликтүү өз алдынча башкаруудан, жергиликтүү жамааттан, мамлекеттик башкаруудан, эксперттик чөйрөдөн жана жарандык коомдон өкүлдөр келишет. Алар долбоордун ишинин жыйынтыктарын жана жергиликтүү өнүгүүдөгү тенденцияларды достук маанайда талкуулап, маалыматтар менен бөлүшүп, тажрыйба алмашып, байланыш түзүп, жетишкендиктерин көрсөтүү үчүн чогулушат. 2024-жылы USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору форумдун программасын жергиликтүү өнүгүүнүн актуалдуу темасынын жана жалпы эле өлкөнүн бакубатчылыгынын айланасында топтоду. Бул – жергиликтүү жамааттардын бакубатчылыгынын өсүшүнүн кыймылдаткыч күчү катары аялдардын лидерлигинин темасы. Ошол эле учурда жергиликтүү кеңештин аял депутаттарынын өзгөчө вазыйпасы форумдун катышуучуларынын назарын бурду.

Форумга 162 катышуучу, анын ичинде 59 аял катышты. Алар Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынан жана Министрлер Кабинетинен, Кыргыз Республикасында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиядан, ыйгарым укуктуу тармактык мамлекеттик органдардан (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктен, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинен) келишти. Коноктордун арасында Кыргыз Республикасынын Президентинин өнөктөш облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары – өнөктөш райондордун акимдери, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу жана өкүлчүлүктүү өнөктөш органдарынын башчылары – айыл өкмөт башчылары жана Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын жана Ош облустарынын жергиликтүү кеңештеринин төрагалары, жалпыга маалымдоо каражаттары, эл аралык уюмдар жана өнөктөш жергиликтүү коммерциялык эмес уюмдар болушту.

Форумга сыйлуу конок катары USAIDдин Кыргыз Республикасындагы Миссиясынын директору Кая АДАМС жана КР БШКнын төрайымы Нуржан ШАЙЛДАБЕКОВА катышты, алар салтанаттуу аземде Форумдун катышуучуларына эстелик белектерди жана байгелерди тапшырышты. 

Иш-чаранын катышуучуларына кайрылуусунда КР БШКнын төрайымы Нуржан ШАЙЛДАБЕКОВА буларды айтты: “Аялдардын саясий укуктарын кеңейтүү маселеси – бул маанилүү жана актуалдуу маселе. Биздин коомубуз үчүн бул жөн гана теңдик жана адилеттүүлүк маселеси эмес. Бул ошондой эле прогресске, туруктуу өнүгүүгө жана бардыгы үчүн жалпы бакубатчылыкка тиешелүү маселелер. Кыргызстандын тарыхында өлкөнүн өнүгүүсүнө эбегейсиз салым кошкон лидер аялдар өтө көп болгон. Мисалы, Курманжан ДАТКА, Токтогон АЛТЫБАСАРОВА, Зууракан КАЙНАЗАРОВА, Уркуя САЛИЕВА! Тарых көрсөткөндөй, аялдарга тең укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү берген коом күчтүү болуп, өнүгүп-өсөт. Аялдар саясий турмушка эркектер менен тең укукта катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондо, алар калктын бардык катмарынын кызыкчылыктарын эске алган жыйнактуу жана даанышман чечимдерди кабыл алаарын көрүп жатабыз. БШК бийликтин өкүлчүлүктүү органдарына, анын ичинде жергиликтүү кеңештерге адилеттүү шайлоонун маанилүүлүгүн баамдап, аялдардын лидерлигин илгерилетүүдө өзүнүн өзгөчө ролуна ээ. Алдыда боло турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо лидер аялдар татыктуу орунду ээлеши үчүн ушундай шарттарды түзүп берүү – биздин колубузда”.

Иш-чаранын катышуучуларына расмий кайрылуусунда КР КМ МКЖӨБМАнын директору Кудайберген БАЗАРБАЕВ Форумдун темасынын маанилүүлүгүн белгиледи: “Бүгүнкү Форум Кыргызстандагы жергиликтүү өз алдынча башкаруудагы аялдардын лидерлиги темасына арналганы символикалуу болуп турат. Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2024-жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарындагы саясий мамлекеттик кызматтардагы аялдардын үлүшү 28 пайызды, административдик кызматтарда 41 пайызды түзөт. Чечимдерди кабыл алуунун жергиликтүү деңгээлинде жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын 37,8 пайызы – аялдар. Аялдардын чечимдерди кабыл алууга катышуусу жана лидерлиги коомдун адилеттүү жана тең укуктуу өнүгүүсүн камсыз кылуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат. 2024-жылдын 7-мартында КР Президентинин Жарлыгы менен 2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин колдоо боюнча Мамлекеттик программа кабыл алынган. Бул Программада жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына чоң роль бөлүнгөн. Аталган Програм-ма өлкөнүн саясий, коомдук жана экономикалык турмушунда аялдар үчүн тең укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү, ресурстарга бирдей жеткиликтүүлүктү, мамлекеттик башкаруунун бардык деңгээлдеринде чечимдерди кабыл алууга катышууну камсыз кылууга багытталган. Аял талапкерлердин дараметин жогорулатуу мамлекеттик башкарууга ийгиликтүү катышуу үчүн зарыл болгон көндүмдөрдү калыптандырууга багыт алган окутуунун адистештирилген программаларын даярдап, ишке киргизүү аркылуу жүзөгө ашырылмакчы. Ошондой эле аялдардын кесиптик өсүшү үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүүгө жана алардын мүмкүнчүлүктөрүн чектеген ыктымалдуу стереотиптерден арылууга көмөктөшчү чаралар каралууда”.

USAIDдин КРдагы Миссиясынын директору Кая АДАМС айым Аймактардын форумунун катышуучуларына кайрылуусунда төмөнкүлөрдү белгиледи: “Бүгүн Форумда биз аялдардын жетишкендиктерин лидерликтин чыныгы окуялары менен тастыктап жатабыз. Лидер аялдар өз жамааттарын инновациялык идеялар жана уникалдуу көз караштар аркылуу өзгөртүп, туруктуулукту, көрөгөчтүктү жана боорукердикти көрсөтүп жатышат”.

Форумдун соңунда блиц-сурамжылоо өтүп, анын катышуучуларынын 67% аялдардын лидерлиги жөнүндө сөз жүргөндө пайда болушу мүмкүн болгон эмоциялардын сунушталган тизмесинен оптимизмди жана шыктанууну тандашты. Мындай жыйынтык аялдардын лидерлигин ийгиликтүү сүрөп, шаарларда жана айылдарда жашоону жакшы жакка өзгөртүп жаткан лидер аялдарды чындап колдоо болот деген ишенимди жаратат.  

Форумда тартылган сүрөттөрдү, видеолорду, анын материалдарын, лидер аялдардын окуяларын жана башка маалыматтарды бул шилтеме аркылуу таба аласыз: https://bit.ly/3yjRh62 же QR-код аркылуу кириңиз: