Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кыргыз Республикасында муниципалитеттер ортосундагы кызматташтыктын өзгөчөлүктөрү

2019-08-20 / Актуалдуу тема
Кыргыз Республикасында муниципалитеттер ортосундагы кызматташтыктын өзгөчөлүктөрү

Асылбек ЧЕКИРОВ, “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбоорунун буйрутмасы менен ***** Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун негизги милдеттеринин бири – калкты кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылуу. Бул кызмат көрсөтүүлөрдүн бар болушу жана уюштурулушу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жооп берет. Бул өзгөчө элет жергеси үчүн актуалдуу маселе. Себеби өз ресурстары жетишсиз болгондуктан айылдык аймактардын басымдуу бөлүгү сапаттуу кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылууга кудурети жетпейт.

Акыркы жылдары кызмат көрсөтүүлөрдүн инфраструктурасы өнүгүп жатканы байкалууда: суу түтүктөрү, жолдор, спорт залдар курулуп жатат. Элет жергесинде катуу тиричилик калдыктарын чогултуу жана чыгаруу системасы түптөлө баштады. Буга байланыштуу ушул кызмат көрсөтүүлөргө туруктуу жеткиликтүүлүктү уюштуруу кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жаатында жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына койгон талаптары да көбөйдү. Калктын, жалпысынан мамлекеттин ЖӨБ органдарына койгон талаптары барган сайын көбөйүп жатат, ал эми маселелерди чечүү улам татаалдашууда. Мындай кырдаал ЖӨБ органдарынан кызмат көрсөтүүлөрдүн системасын түзүү боюнча жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издөөнү талап кылат. Бул система жергиликтүү маанидеги маселелерди ресурстар чектелген шарттарда чечүүгө жол ачмак. Муниципалитеттер жашоочулардын саны, аймагы, экономикасынын структурасы жагынан бир кыйла айырмаланганы менен, адатта жергиликтүү маанидеги маселелерди өз алдынча чечкенге караганда, башка муниципалитеттер менен биргелешип чечүү көбүрөөк пайда алып келет. Бир нече муниципалитеттин атынан муниципалдык заказды жайгаштыруу бир түрдүү кызмат көрсөтүүлөргө, жумуштарга суроо-талапты бириктирип, масштаб эффектисин колдонуунун эсебинен алардын баасын да азайтууга жол берет.
Башкарууну жакшыртуунун эң эле иштиктүү ыкмаларынын бири – жалпынын кызыкчылыгын көздөгөн маселелерди биргелешип чечүү үчүн муниципалитеттер ортосундагы кызматташтыкты (МОК) уюштуруу. Ошондуктан муниципалитеттер
ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн негизинде жергиликтүү жамааттын социалдык-экономикалык өнүгүү көйгөйлөрүн чечүү мамлекеттик бийлик органдары үчүн да, жергиликтүү өз алдынча башкаруу үчүн да актуалдуу маселе болуп саналат.