Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Айдоочулар менен дыйкандар ортосундагы жаңжалды кантип жөнгө салууга болот

2017-10-27 / Актуалдуу тема
Айдоочулар менен дыйкандар ортосундагы жаңжалды кантип жөнгө салууга болот

Айдоочулар менен дыйкандар ортосундагы жаңжалды кантип жөнгө салууга болот Фрунзе айылдык аймагынын чегинде сугат мезгилинде сугаруучу тарам өткөн көчө жүргүнчүлөр үчүн гана эмес, автотранспорт үчүн да өтө алгыс абалга келет.

Мында балдар менен сууда сүзө алган канаттуулар гана жыргашат. Көчөдөн өткөн машинелер көпүрөлөр менен арыктарды талкалоодо – машине бир эле жолу өтүп кетсе, суу көчөнү бойлой жайыла баштайт. Бул көйгөйдү айыл тургундары 20 жылдан бери сугат мезгили башталаар алдында дээрлик ар бир чогулушта көтөрүп келишет. Бул маселени чечкенге аракет жасап да көрүшкөн: дамба түрүндө тосмо курушкан, кум да чачышкан. Бирок бул аракеттер авариялык кырдаалдарды пайда кылып, айдоочулардын нааразычылыгын жараткан. Мына ушунун айынан айдоочулар менен чарбагын сугарууга кам көргөн элеттиктер ортосунда жаңжал көп болуп турат. Бул жеке бир же эки адамга тиешелүү маселе эмес – ал 3000ден ашуун адамга тиешелүү болгон көйгөй. Бирок адамдарга эч ким жардам бере алган жок – акча дыйкандарда да, ЖӨБ органдарында да болгон эмес. Бул мезгил аралыгында жаңы муун өсүп келди, калкта машиненин саны да көбөйдү, чоң жүк ташуучу машинелер – “КамАздар”, жүк түшүргүчтөр, экскаваторлор пайда болду. Буга байланыштуу кырдаал да бир топ татаалдашты жана мындан ары чыдоого мүмкүн болбой калды. Кандайдыр бир чара көрүлүш керек эле. Үстүбүздөгү жылдын жаз мезгилинде арык тарамы дээрлик толугу менен талкаланып, ушунун айынан сугат суу айылды толугу менен каптаган Подгорная, Верхняя, Смаилов көчөлөрүнүн тургундары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жетекчилигине кайрылып, асбест трубаларын сатып алууга жардам сурашты. Калганын жашоочулар өз күчү менен бүтүрүүгө убада беришти: майда кум алып келип, трубаларды төшөп, көпүрөлөрдү оңдой турганы айтышты. АА башчысы демилгени колдоп, асбест трубаларын сатып алууга бюджеттен 80 миң сом бөлүп берди. Жүк ташуучу унаалардын ээлери ар бир көпүрөгө 5 машинеден гравий ташып келишип, тегиздеп чыгышты. Андан соң демилгечилер көчөлөрдүн тургундарын чогултуп, биринчи кезекте оңдош керек болгон эң көйгөйлүү жерлерди  аныктоо үчүн комиссия түзүүнү сунушташты. Анткени жогорку сугат зонасын чукул арада оңдоого бардык көчөлөр муктаж болуп турат, алардын жалпы узундугу 5 километрди, ошондой эле 9 чолок көчөнү (1 км) түзөт. Ошондуктан 25 труба – бул жалпы керектөөдөн болбогон эле бөлүгү, бирок эң көйгөйлүү участокторду бөлүп алыш керек эле. Чогулушта чоң жүк ташуучу унаалардын ээлери гравий алып келип берет, ал эми жашоочулар өз күчу менен трубаларды тошөп, арык тарамын ондойт деп чечилди.

Ошентип, жалпы аракеттер менен сугат мезгили башталганга чейин сугаруучу арыктар аркылуу өткөн 25 көпүрө оңдолуп бүттү. Бул сугат мезгилинде ЖӨБ органдарынын дарегине, аны менен катар АА башчысы М. КАРЫМШАКОВго, демилгечи Э.БОКУШЕВге жана бул ишке салымын кошкон баарына өтө көп жылуу сөздөр айтылып, тургундар ыраазычылыгын билдиришти. “Эми балдарым оорубай калат. Анткени мурда алар чоң көлчүктөрдү басып өтүп, өрдөктөргө кошулуп алып эле сууга түшө беришчү. Бул ремонт иштерине катышкандардын баарына терең ыраазычылыгымды билдирем”, - деп айтты айыл тургуну, алты баланын энеси А. АЙТКУЛОВА. “Эми биз сугатка байланыштуу баш оорутпай калдык. Анткени оңой эмес акча төлөп жаткан суу көчөлөрдү каптабай калды жана биз баткак аралаш жашабай калдык”, - деп кошумчалады айылдын дагы бир тургуну М. КОШОЕВА. Жол ачылды – эми алгачкы йигиликке шыктанган адамдар сугат тарамын оңдоо иштерин айылдын башка көчөлөрүндө да улантууну пландап жатышат. Дал ошондуктан байге фондунун каражатын асбест трубаларын сатып алууга жумшагыбыз келип турат. 

БОКУШЕВ Эркин, Фрунзе айылдык аймагынын жашоочусу