Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Ысык-Көл менен таштандынын эрөөлү. Ким жеңет?

2022-07-04 / Актуалдуу тема
Ысык-Көл менен таштандынын эрөөлү. Ким жеңет?

Ысык-Көл облусунда таштандыларды башкаруунун аймактык планынын долбоорун талкуулайбыз.

Кыргыз Республикасынын аймагында катуу тиричилик калдыктарын (КТК) жок кылуу көйгөйү ондогон жылдар бою чечилбей келүүдө. КТКны башкаруу маселеси ЖӨБ органдарынын ыйгарым укуктарына өткөрүлүп берилип, жергиликтүү маанидеги маселелерге киргизилген. Бирок, көп жылдык тажрыйба ЖӨБ органдары таштандыларды жыйноо жана чыгаруу функцияларын аткарууга күчү жетерин көрсөттү, бирок алар таштандыларды жок кылуу боюнча потенциалга ээ эмес. Элдин байлыгы болгон Ысык-Көлгө коркунуч туудурган таштандылар өзгөчө тынчсызданууну жаратууда, ошондуктан 2022-жылдын 23-майында Бишкек шаарында Катуу тиричилик калдыктарын (мындан ары – КТК) башкаруунун аймактык планынын долбоору талкууланды. ЖДКЖ Долбоору* Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу менен биргеликте уюштурулган бул талкуу өзгөчө кеп кылууга арзыйт. 

* ЖДКЖ Долбоору (ушул жерде жана мындан ары) – Швейцария Өкмөтү каржылап, Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбоору.  

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдагы маалыматына ылайык, Кыргыз Республикасында жалпысынан 616 гектар жерди ээлеген 406 таштанды таштоочу жай бар. Ошол эле учурда полигондордун 13% гана тиешелүү мамлекеттик каттоо актысы бар, мыйзамдуу же уруксат берилген таштанды жайлары деп эсептелиши мүмкүн. Орточо алганда, Кыргыз Республикасы боюнча ар бир таштанды төгүүчү жай 19 миңге жакын адамды тейлейт, ал эми эл аралык маалыматтар боюнча, өзүн актаган полигон 250- 300 миң адамга эсептелиши керек – бул өлкөнүн аймагындагы таштанды төгүүчү жайлардын саны бардык рационалдуу көрсөткүчтөрдөн бир нече эсе көп экенинен кабар берет. 

КТКны көмүү үчүн жооптуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары улам бир жаңы полигондорду каттоо үчүн жерлерди трансформациялоо өтүнүчү менен үзгүлтүксүз кайрылып турушат. Бирок бул экологияга зыян келтирген жол. Анткен менен, ЖӨБ органдары башка альтернативалык чечимди таба албай келишет, себеби бир дагы айыл аймагында жана көпчүлүк шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында заманбап полигонду уюштурууга жана башкарууга ресурстары жок, жакынкы келечекте да болчудай эмес, анткени анын курулушу 70 миллион сомдон 200 миллион сомго чейин баштапкы инвестицияларды талап кылат. 2018-жылы элеттик ЖӨБ органдарынын орточо жылдык бюджети болгону 24 миллион сомду түздү. Бул маалыматтар азыркы учурда Кыргыз Республикасынын бир дагы ЖӨБ органында КТКны ташып чыгаруу процессин заманбап талаптарга ылайык туура уюштуруу үчүн жетиштүү ресурстук потенциал болбогонунан кабар берүүдө. Дүйнө жүзү боюнча улуттук өкмөттөр таштандыны жок кылуу ишин башкаруу үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алып, аны жергиликтүү маанидеги маселеден жалпы мамлекеттик маселеге өткөрүп жатышат.

Кыргызстанда бүгүнкү күндө КТКны башкаруу чөйрөсүндө мыйзамдык мүнөздөгү көйгөйлөр бар: башкаруунун деңгээлдеринин ортосунда бүдөмүк жоопкерчилик; КТКны башкаруу чөйрөсүндөгү башкаруу деңгээлинин жоопкерчилигинин чабал жөнгө салынышы ж.б. Ушундан улам таштанды маселесин чечүү чөйрөсүндө өзгөртүүлөр зарыл. Таштандылар Кыргыз Республикасынын калкынын өмүрүнө, саламаттыгына, социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө коркунуч туудурган кырдаалдан келечек муундарды коргоо ушул өзгөрүүлөрдүн максаты болуп саналат. Бирок КТКны башкаруу системасын өзгөртүүгө жана мыйзамдарда багыттарды белгилөөгө өтүүдөн мурда жоопкерчиликти чектөөнүн жаңы принциптерине негизделген КТКны башкаруу механизмин пилоттук түрдө киргизүү зарыл.

Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын колдонуу менен пилоттук облуста КТКны башкаруунун аймактык же регионалдык планын иштеп чыгуу керек. Ысык-Көл облусу пилоттук аймак катары тандалып алынган, мында КТКны башкаруу жаатындагы жагдай чеке жылытпайт. Экспертизанын жогорку сапатын камсыз кылуу үчүн ЖДКЖ Долбоору КТКны башкаруу жаатындагы эл аралык эксперт, дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө ушул өңдүү кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууда көп жылдык тажрыйбасы бар латвиялык Янис ПРОЛСту ишке тартты. Янис ПРОЛС Кыргыз Республикасынын эксперттеринин катышуусунда Ысык-Көл облусу үчүн КТКны башкаруунун аймактык планынын долбоорун иштеп чыкты. Янис ПРОЛС аймактагы таштандыларды башкаруунун абалын мындайча баалады:“Ысык-Көл облусунда таштандыларды башкаруу иши, өзгөчө аны жок кылуу иштери боюнча жагдай тынчсызданууну жаратат. Аймакта калдыктарды таштанды төкчү жайда көмүү аларды жок кылуунун эң көп колдонулган ыкмасына айланган, бул ыкма 85% учурда колдонулуп келет. Таштандылардын 15% гана таштанды төгүлүүчү жайларга түшпөйт: бир бөлүгү Балыкчы таштанды сорттоочу заводунда кайра иштетүү үчүн иргелет, чакан (жана белгисиз) бөлүгүн кайра иштетүү үчүн иши уюшулбаган адамдар чогултуп кетишет (эсепке алынбайт), дагы бир бөлүгү таштандыларды чыгаруучу жайларда мыйзамсыз өрттөлөт (эсепке алынбайт). Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана КР Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын колдоосу менен облустагы 61 муниципалитеттин ичинен 57 муниципалитетте таштанды төкчү жайларга инвентаризация жүргүзүлүп, 99 полигон бар болгону аныкталды.

Бардык полигондор статусуна карабастан (мыйзамдуу же мыйзамсыз) айлана-чөйрөнү булгоочу булак болуп саналат жана көп учурда калктын нааразычылыгын жаратууда (таштандынын жыты, өрттөлүшү, бузулушу ж.б.). 99 полигондун ичинен төртөөндө гана таштандыларды көмүү үчүн аларды кабыл алуу иши көзөмөлгө алынган: тосмолор курулуп, кароолчусу, күзөт жайы бар)”.

Калдыктарды башкаруунун заманбап ыкмалары - бул таштандыларды чогултуу жана ташуу, аларды кайра иштетүү жана пайдалануу, анын ичинде кайра таштандыларды атайын жабдылган полигондордо жана заводдордо өрттөп, көмүү сыяктуу өз ара байланышкан иш-чаралардын комплекси.

Бери дегенде ченемдик актылардын талаптарын сактоого мүмкүндүк берген мыкты жеткиликтүү технологияны тандоодо, биринчи кезекте инвестициялык чыгымдар, экинчиден, эксплуатациялык чыгымдар, ошондой эле системаны колдонуучунун төлөө жөндөмдүүлүгү эске алынууга тийиш. Ысык-Көл облусун алсак, КТКны башкаруу регионалдык деңгээлде болушу керек, ага көлгө жакын жайгашкан бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары катышууга тийиш, себеби муниципалитеттердин кызматташуусу болбосо, долбоорлорду ишке ашырууну элестетүү мүмкүн эмес.

Таштандылар менен чарбалык иштерди уюштурууда, пландаштырууда жана жүзөгө ашырууда диаграммада көрсөтүлгөн артыкчылыктуу ырааттуулукту карманыш керек.

Стратегия бери дегенде төмөнкү максаттарга жетүүнү аныкташы керек:

Биринчи максат – алдын алуу. Таштандылардын пайда болушуна жол бербөө, экономикалык өсүштү жогорулатуу жана калдыктардын пайда болушунун жалпы көлөмүн олуттуу кыскартууну камсыз кылуу зарыл. Бул максаттарга таштандылардын пайда болуусун алдын алуу үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, колдо болгон техникалык ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатып, керектөөчүлөрдүн жүрүм-турумуна узак мөөнөттүү көмөк көрсөтүү менен жетсе болот.

Экинчи максат – азыр бар болгон таштандылардын төмөнкү критерийлерге жооп бергенин текшерүү зарыл:

  • таштандылар кооптуу эмес же айлана-чөйрөгө жана ден соолукка чоң коркунуч жаратпайт;
  • кайра иштетүүнүн жыйынтыгында таштандылардын көпчүлүгү экономикалык максатта колдонулууда, ошондой эле айлана-чөйрөгө кайтарылды (мисалы, компост түрүндө) же коопсуз түрдө колдонулуп жатат;
  • көмүлгөн калдыктардын саны болушунча азайтылды жана калдыктар айлана-чөйрө жана адамдын ден соолугу үчүн коопсуз ыкма менен жок кылынып, көмүлүп жатат;
  • калдыктар мүмкүн болушунча чыккан жерине жакын жерде кайра иштетилүүдө.

1-схема. Калдыктарды башкаруу боюнча иш-аракеттердин артыкчылыктуу ырааттуулугу

Максаттарды эске алуу менен Ысык-Көл облусу үчүн көлдүн айланасында туш келди пайда болгон полигондордун санынын көбөйүшүн токтотуу үчүн бул көйгөйдү чечүү өтө маанилүү. Бирок заманбап полигонду уюштуруу татаал жана кымбат процесс, бир айылдык муниципалитеттин заманбап полигонду курууга жана кармоого күчү жетпейт. Ошондуктан эксперттер полигондорду жайгаштыруунун бир нече варианттарын карап чыгып, Ысык-Көл облусунда таштандыларды утилдештирүүнүн (көмүүнүн) борборлоштурулган процессин уюштурууну сунуштап жатышат. Ошол эле маалда ЖӨБ органдары райондук жана облустук администрациялар менен бирдикте облустун кайсы аймагы долбоорду ишке ашырууга катышарын чечүүгө тийиш. Мында муниципалитеттердин бардыгын бериш керекпи же бир бөлүгүн бөлүп кериш керекпи деген маселе күн тартибинде турат. Сунушталып жаткан альтернативаларды 1-таблицада көрө аласыз.

1-таблица. Ысык-Көл облусунда КТК башкаруунун регионалдык системасын уюштуруунун альтернативалары

Системанын туруктуу иштеши үчүн анын туруктуулугуна алдын ала кам көрүү маанилүү, мында негизги шарт – бардык таштанды өндүрүүчүлөр төлөгөн адилеттүү тариф. Азыркы учурда тарифтик саясат бардык чыгымдарды камтыбайт жана кызмат көрсөтүүнү талаптагыдай башкарууну камсыз кылууга мүмкүндүк бербейт. Ысык-Көл облусунун муниципалитеттеринде тариф адатта беш түрдүү ыкма менен белгиленет, муну Каракол шаарынын мисалында көрүүгө болот1:

  • шарттары бар үйлөр (батирлер) үчүн тариф – айына 1 адамга 21 сом; 
  • шарттар каралбаган үйлөр (жер там) үчүн тариф – айына 1 адамга 25 сом; 
  • сыйымдуулугу 0,75 м3 болгон контейнери бар кардарлар үчүн тариф – 1 ташып чыгаруу үчүн 268 сом;
  • юридикалык жактар үчүн тариф – м3 үчүн 284 сом; 
  • таштанды төгүүчү жайга өзү ташып чыгарган учурда тариф (талон системасы боюнча төлөнөт) – м3 үчүн 73 сом.

Бирок, эң чоң көйгөй – тариф 63 муниципалитеттин ичинен 20 муниципалитетте гана бар.

2022-жылдын 18-майында Каракол шаарында пландын долбоору баштапкы талкуудан өттү. Талкууга бардык муниципалитеттердин башчылары, райондордун акимдери жана Президенттин Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катышты (катышуучулардын жалпы саны 80 болду, алардын ичинен тогузу аял). Жолугушуунун жүрүшүндө башчылардын көбү муниципалитеттер ортосундагы кызматташуу механизми аркылуу таштандыларды чогултуу, ташып чыгаруу жана утилдештирүү көйгөйүн чечүү боюнча өз тажрыйбалары менен бөлүштү.

Президенттин Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек СУЛАЙМАНОВ: “Ысык-Көл облусу – бул Кыргызстанды дүйнөгө таанытып жаткан “көзүр карта”, аймак жыл сайын миллионго чейин туристти кабыл алат, бул биз үчүн экономикалык мүмкүнчүлүк болуп саналат, бирок ошол эле учурда таштандыларды башкаруу маселесин курч коюп жатат. Өлкөнүн башкы курорттук зонасы өзгөчө таза, жакшы каралууга тийиш жана бул маселе жергиликтүү маанидеги чектен чыгып, туризмди өнүктүрүү жагынан гана эмес, ошондой эле аймактын биосфералык баалуулулугун жана уникалдуулугун сактап калуу көз карашынан алганда да Кыргыз Республикасы үчүн өзгөчө актуалдуу болуп жатат. Майда-майда полигондордун көп болушу – биз моюн сунуп отуруп кала турган кырдаал эмес, биз бул маселени чечүүгө ниеттенүүдөбүз. КТКны башкаруунун аймактык планы бизге процессти мыкты уюштуруп, таштандынын айланасындагы кырдаал үчүн жоопкерчиликти башкаруу органдарынын ортосунда гана эмес, бардык кызыкдар тараптар, анын ичинде бизнес, жарандык коом жана калк менен тең бөлүшүүгө жардам бериши мүмкүн. Бул жагынан алганда, жарандардын КТКны башкарууга болгон мамилесин өзгөртүү өтө маанилүү: ар бир жаран таштанды чыгаруучу болгондуктан, көйгөйдү чечүүнү каржылоого катышкандыктан, ар бири адилеттүү тарифти төлөшү керек. Ал эми бийликтин милдети – чогултуу, ташып чыгуу жана утилдештирүү процесстерин туура уюштуруп, калыс тарифтерди эсептеп чыгып, аныктоо. Бул тариф таштандыны чогултуп, чыгарууга кеткен чыгымдарды гана эмес, полигондорду түзүүгө жана башкарууга кеткен чыгымдарды да камтууга тийиш. Ушундай жол менен гана биз заманбап инфраструктураны – улуттук байлыгыбыз Ысык-Көл үчүн келечек муундун алдында уялбай тургандай коопсуз полигондорду түзө алабыз”.

2022-жылдын 23-майында Бишкек шаарында мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын 29 өкүлү, эксперттер (алардын ичинен 14ү аял) Латвиянын бул чөйрөдөгү тажрыйбасы, Ысык-Көл облусунун аймагындагы таштанды төгүүчү жайлардын тегерегиндеги учурдагы абал, полигон менен таштанды төгүүчү жайдын ортосундагы айырмачылыктар, КТКны өндүрүү божомолу, аны башкарууну жакшыртуу жөнүндө, мүмкүн болгон альтернативалар, болжолдуу зарыл инвестициялар, тарифтер, зарыл болгон кыска мөөнөттүү чаралар – чечимдер жана сунуштар менен тааныша алышты. Талкуунун бардык катышуучулары маселе өзгөчө курч жана актуалдуу болгонун таанышты, бирок чечимдин деталдуу жолдору мындан ары да талкууланууга тийиш.

Ал эми азырынча Янис ПРОЛС мындай сунуштарын берүүдө: 

“Ири көлөмдөгү инвестицияларды талап кылбаган чукул өзгөрүүлөрдү киргизүү керек. Конкреттүү түрдө төмөнкүлөрдү жасаса болот. Чакан таштанды төкчү жайлардын санын кыскартуу – жок дегенде 0,5 гектардан кичине болгон жерлерди жабыш керек (алардын саны 37ге жетет!). ЖӨБ органдары бул мүмкүнчүлүктү талкуулай баштаган эки учур болду. Көлдүн жээгиндеги бардык таштанды төгүлгөн жайларды жабуу иштерин жок дегенде көлгө үч километр жакын зоналардан башташ керек, бул жерлерде өзгөчө жай мезгилинде туристтердин саны көп болот. Жабуу дегенде ушул жерлерден шамал да айдап келген калдыктарды чогултууну түшүнүш керек. Жергиликтүү тургундар тынбай эле тазалап турушат, бирок шамал алардын аракетин жокко чыгарууда… Азыр Балыкчы жана Каракол шаарларын кошпогондо, таштандыны сорттоп жыйноо иштерин жеке адамдар жасап жатышат, алар муну эл көп чогулган жерлерде контейнерлерди орнотуп жүзөгө ашырууда. Бирок жеке адамдар гана эмес, муниципалдык ишканалар да муну өз алдынча жасай алышат!Айылдыктар таштандыларды ыргыта турган жерлерге сыйымдуулугу 8 м3 болгон контейнерлерди орнотуп, чакан ташуучу пункттарды түзсө болот. Баары макул, бирок эч ким төлөөгө даяр эмес… Жаңы полигондор үчүн жерлерди издеш керек (облустун түндүгүндө, түштүгүндө, батышында, чыгышында). Бул процесс өтө татаал жана көп убакытты талап кылат. Мында “оюн эрежелери” өтө маанилүү, элдин да, жаратылыштын да өзгөчөлүктөрүн, муктаждыктарын жана кызыкчылыктарын эске алуу зарыл. Бирок Ысык-Көл облусунун келечеги – анын тургундарынын колунда!”.

________ 

1 Каракол шаардык кеңешинин 2017-жылдын 24-мартындагы “Каракол шаарындагы катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгууга жана зыянсыздандырууга тарифтерди бекитүү жөнүндө” токтому.