Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЭСӨМ Мамлекеттик социалдык заказдын Программасын иштеп чыгууда жардам алды

2018-04-24 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары
ЭСӨМ Мамлекеттик социалдык заказдын Программасын иштеп чыгууда жардам алды

Бишкекте Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин (ЭСӨМ) Борбордук аппаратынын өкүлдөрү үчүн “Мамлекеттик социалдык заказдын Программасын иштеп чыгуунун өзгөчөлүктөрү” темасына семинар өттү.

Семинар коомдук талкуу үчүн Министрликтин сайтына жайгаштырылган Программаны деталдуу карап чыгуу жана аны өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүү максатында уюштурулду. “2018-жылга мамлекеттик социалдык заказдын Программасынын долбоору ЭСӨМдин сайтында ушул жылдын январь айынын соңунда талкууга коюлган. Семинардын жүрүшүндө МСЗ Программасын иштеп чыгууга түздөн түз тартылган ЭСӨМ өкүлдөрүнө Программаны мыйзамдарга шайкеш келтирүү бөлүгүндө жакшыртуу боюнча сунуштар берилди. Бул сунуштарды “Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу үчүн Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин потенциалын күчөтүү” Долбоорунун адистери даярдаган1, - деп айтты Долбоордун операциялык иштер боюнча менеджери Айнура ДЖУНУШАЛИЕВА.
 
__________________________________________________________________
1 “Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу үчүн Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин потенциалын күчөтүү” Долбоорун Өнүктүрүү саясат институту АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) каржылаган Биргелешип башкаруу боюнча программасынын колдоосу менен ишке ашырууда. Долбоордун максаты: Социалдык заказдын бекитилген механизмдерине ылайык, социалдык заказдардын ишке ашырылышына мониторинг жана баалоо жүргүзүү жаатында адам ресурстарын жана уюштуруучулук көндүмдөрдү өнүктүрүү менен Социалдык өнүгүү министрлигине, пилоттук муниципалитеттердин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана бейөкмөт уюмдарга техникалык көмөк көрсөтүү. Биргелешип башкаруу боюнча программа (ББП) Кыргыз Республикасында өкмөттүн, жарандык коомдун жана жеке сектордун өнөктөштүгүн бекемдөөгө багытталган. Программаны АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) жана Улуу Британиянын Эл аралык өнүгүү боюнча министрлиги (DFID) каржылап, Ист-Вест Менеджмент Институту (EWMI) ишке ашырат.

Окшош материалы: