Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кыргызстан балдар жана карылар үчүн ыңгайсызбы?

2018-04-24 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары
Кыргызстан балдар жана карылар үчүн ыңгайсызбы?

Эмне үчүн региондордо майыптар үчүн реабилитация борборлору жабылып жатат? Эмне үчүн жалгыз калган карылар интернаттардан башка жакка бара алышпайт? Жергиликтүү деңгээлде социалдык кызмат көрсөтүүлөрсүз Кыргыз Республикасында социалдык өнүгүүнүн келечеги кандай болот? Эмне үчүн Кыргыз Республикасында бийлик жер жерлерде социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу иштерин кечеңдетип жатат?

2018-жылдын 30-мартында Бишкекте балдар, кары-картаңдар жана башка аярлуу топтор үчүн социалдык кызмат көрсөтүүлөргө карата кырдаалды талкуулоо боюнча тегерек стол өттү. Ишчарага эксперттер, жарандык коомдун өкүлдөрү, Ак-Суу районунун Ново-Вознесеновка айылында жана Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштургандар жана бенефициарлар катышты.
 
Иш-чаранын максаты: жергиликтүү деңгээлде социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу маселелери боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин демилгесине карата (демилгенин Кыргызстан балдар жана карылар үчүн ыңгайсызбы? өзөгү – ЖӨБ органдары аркылуу социалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын уюштуруу) жарандык коомдун тилектеш позициясын иштеп чыгуу.
 
“Жалпыга маалымдоо каражаттарында кордолгон балдар, кароосуз калган кары-картаңдар, ачка отурган үй-бүлөлөр тууралуу жүрөктү эзген кабарлар байма бай чыгып жатат. Бийлик тигил же бул окуяны жекече карап, ошого жараша реакция жасап келүүдө. Бирок системалуу деңгээлдеЭЧ НЕРСЕ жасалган жок. Мындай кырдаалдардын алдын алган социалдык кызмат көрсөтүүлөр чоң шаарларда жана айрым район борборлорунда гана бар. Кыргызстандын аймагынын 70% социалдык кызмат көрсөтүүлөр ЖОК. Бирок ошол эле маалда жергиликтүү деңгээлде социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жолу менен көйгөйлөрдү системалуу түрдө чечүү боюнча КР Жогорку Кеңешинин сунуштары бар. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу системасына кошуп, мындай жол менен аларды өлкөнүн бүткүл аймагында жеткиликтүү кылуу ошол сунуштардын маңызын түзөт. Бирок бул демилгелер белгисиз себептерге байланыштуу өкмөттөн жарым жылдан бери “чыкпай турат”.
 
Жарандык коом бөлүнүп, саясатчыларга коомдук пикирди манипуляциялоого жол берип жатканы да кырдаалды татаалдаштырууда, - дейт Өнүгүү саясат институтунун Башкаруу төрайымы Кыргыз Республикасынын социалдык-аярлуу калкы үчүн социалдык кызмат көрсөтүүлөр рыногун туруктуу өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча Жумушчу топтун мүчөсү Надежда ДОБРЕЦОВА. Аталган Жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитетинин 2016-жылдын 24-октябрындагы чечими менен түзүлгөн.
 
Талкуунун жүрүшүндө Жумушчу топтун мүчөлөрү бул маселени илгерилетүү процессиндеги жетишкендиктер жана көйгөйлөр тууралуу маалымат беришти. Эксперттер ошондой эле негизинен жөлөк пул төлөп берүүгө гана багыт алган социалдык коргоо мамлекет үчүн чыгашалуу да, натыйжасыз да болгонун белгилешти.
 
“Буга байланыштуу сунуштардын маңызын коомго жана башкаруу органдарына жеткирип, демилгенин тарапкерлеринин жана ага каршы чыккандардын жүйөлөрүн угуп, социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жаатында КР Өкмөтүнө жана Жогорку Кеңешке туура чечим кабыл алууга жардам берүү үчүн баарыбызга ар тараптуу колдоо зарыл, - деп айтышты тегерек столдун уюштуруучулары.
 
Реабилитациялык борбордо түзүлгөн кырдаал тууралуу Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ново-Вознесеновка айылында жайгашкан “Thanк you” коомдук бирикмесинин директору Гүлмира ТУРДУЕВА жана бул мекеменин түз бенефициарларынын биринин апасы Бактыгүл АЗАРБАЕВА айтып беришти.
 
Иш-чара “презентация-талкуу” форматында өтүп, тактоочу суроолор жана сунуштар менен коштолду. Ошондо айтылган сунуштар өзүнчө тизмеге киргизилди. Талкуунун соңунда катышуучулар Кайрылууга кол коюшту.
 
Кыргыз Республикасынын Президентине, Премьер-министрине жана Жогорку Кеңешине ЖАРАНДЫК КООМДУН КАЙРЫЛУУСУ Жергиликтүү деңгээлде социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамын кабыл алууңузду өтүнөбүз!
 
Биз, жарандык коомдун өкүлдөрү жана активисттер биригип, Кыргыз Республикасынын Президентинен, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринен, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынан аймактарда, жергиликтүү жамааттардын деңгээлинде социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүгө көңүл бурууну суранабыз.
 
Аймактарды өнүктүрүү айыл өкмөтүнүн жана шаарлардын деңгээлинде социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү менен түздөн түз байланышта турат. Анткени социалдык кызмат көрсөтүүлөр өтө көп сандагы үй-бүлөлөрдү – келечекте 500 миңге жакын адамды жакырчылыктан сууруп чыгарууга мүмкүнчүлүк берет.
 
Жалпыга маалымдоо каражаттарында кордолгон балдар, кароосуз калган кары-картаңдар, ачка отурган үй-бүлөлөр тууралуу жүрөктү эзген кабарлар байма-бай чыгып жатат. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын энелеринин эмгегин таануу жөнүндө талаптар 2012-жылдан бери аткарылбай келүүдө. Үй-бүлө институту бузулуп жатат. Социалдык жетимдердин – ата-энеси тирүү болсо да жетим калган балдардын саны көбөйүүдө. Алар түрдүү социалдык интернаттык мекемелерге жайгаштырылып, өмүрү өткөнчө жакырчылыктын сазынан чыга албай келишүүдө.
 
Негизинен жөлөк пул төлөп берүүгө гана багыт алган социалдык коргоо мамлекет үчүн чыгашалуу да, натыйжасыз да болот.
 
Бийлик тигил же бул окуяны жекече карап, ошого жараша реакция жасап келүүдө. Бирок системалуу деңгээлде ЭЧ НЕРСЕ жасалган жок. Мындай кырдаалдардын алдын алган социалдык кызмат көрсөтүүлөр чоң шаарларда жана айрым район борборлорунда гана бар. Кыргызстандын аймагы- нын 70% социалдык кызмат көрсөтүүлөр ЖОК.
 
Бирок ошол эле маалда жергиликтүү деңгээлде социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жолу менен көйгөйлөрдү системалуу түрдө чечүү боюнча КР Жогорку Кеңешинин сунуштары бар. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу системасына кошуп, мындай жол менен аларды өлкөнүн бүткүл аймагында жеткиликтүү кылыш керек.
 
Бирок бул демилгелер белгисиз себептерге байланыштуу өкмөттөн дээрлик беш айдан бери “чыкпай турат”.
 
Биз баарыбыз КР Премьер-министринен жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарынан “Мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүүнүн тартиби жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам чыгаруу актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорлорун кабыл алып берүүнү өтүнөбүз.

Окшош материалы: