Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кыргызстандагы он муниципалитет балдардын жана жаштардын кызыкчылыгындагы демилгелерди жайылтууда: коомдук угуулар

2018-04-28 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары

БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) финансылык колдоосу алдында ишке ашырылып жаткан “Балдарга жана жаштарга достук мамиледеги Кыргызстан” Демилгесин жайылтуу боюнча Долбоордун алкагында коомдук угуулар өттү. Бул угууларда балдардын жана жаштардын кызыкчылыгындагы демилгелерди жайылтуу боюнча айыл өкмөттүн иш-аракеттер Планы талкууланды.

Коомдук угуулар Долбоордун он пилоттук муниципалитетинде өттү. Алар: Ысык-Ата районундагы Кочкорбаев, Ново-Покровка, Люксембург, Юрьевка жана Узун-Кыр айылдык аймактары; Сузак районундагы Таш-Булак, Ырыс, Кызыл-Туу, Курманбаев жана Багыш айылдык аймактары. “Коомдук угуулар “Балдардын жана жаштардын кызыкчылыгындагы демилгелерди жайылтуу боюнча АӨнүн иш-аракеттер Планы” Долбоору менен тааныштырып, калк менен талкуулап алуу максатында уюштурулду.
 
Бул План буга чейин айылдык аймактардын жумушчу топтору менен иштелип чыккан. Угууларга жалпысынан 387 адам катышып, алардын арасында орто мектептердин окуучулары, мугалимдер, ата-энелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (ЖӨБ) өкүлдөрү болду, - деп айтты Долбоордун адиси Жылдыз КЕРИМОВА. Көпчүлүк катышуучулар мындай иш-чаралардын маанисин баса белгилешти. Себеби ушундай угууларды өткөргөндөн кийин алар теманы ачык талкуулап алгандан тышкары ата энелерден жана окуучулардын өздөрүнөн көптөгөн сунуштарды алышты.
 
Чүй облусунун Узун-Кыр аймагынын Жер-Казар айылындагы Айдарбеков атындагы орто мектептин мугалими Уулкан КАРАЧАЛОВА окуучулардын жардамы менен көйгөйлөрдү аныктап, аларды айыл өкмөтүнүн иш-аракеттер планына кошкон практика биринчи жолу болуп жатканын белгиледи: “Окуучуларыбыз канчалык жандана түшкөнүн көрүп турам.
 
Долбоор менен кызматташа баштагандан бери аны ишке ашырууга тартылган окуучуларыбыз бир топ ишенимдүү жана сабаттуу болуп калышты. Айыл өкмөтү балдардын, өспүрүмдөрдүн жана калктын жигердүү бөлүгүнүн катышуусу менен ушул өңдүү иш-чараларды мындан ары да уланта берет деп ишенип туралы”.

Окшош материалы: