Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жети-Өгүз айылдык аймагында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн коррекциялык класстар ачылды

2018-04-30 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары
Жети-Өгүз айылдык аймагында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү  чектелүү  балдар үчүн коррекциялык класстар ачылды

2018-жылдын апрель айынын башында Жети-Өгүз айылындагы Данаке Иманов атындагы орто мектептин базасында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды коомго аралаштырууга жардам берген коррекциялык класстар ачылды. Бул коррекциялык класстар Жети-Өгүз айылынан, ошондой эле айылдык аймактагы 6 калктуу конуштан элүүгө жакын баланы кабыл алалат.

2018-жылдын апрель айынын башында Жети-Өгүз айылындагы Данаке Иманов атындагы орто мектептин базасында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды коомго аралаштырууга жардам берген коррекциялык класстар ачылды. Бул коррекциялык класстар Жети-Өгүз айылынан, ошондой эле айылдык аймактагы 6 калктуу конуштан элүүгө жакын баланы кабыл алалат. Кошуна айылдардан балдарды мектепке жеткирип турушат. Окуучулардын үчтөн бири мектепке барыша элек.
 
Мунун алдында Жети-Өгүз айыл өкмөтүндөгү жумматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылайт1) алкагында ДМЧ балдар үчүн билим берүү тармагындагы кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш аракеттер Планын (КЖАП) түзгөн. Конкурстун жыйынтыктары боюнча аталган КЖАП муниципалитетке грант утуп алууга жол ачты.
 
Жумушчу топ “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбоорунун (Швейцариянын Өнүктүрүү жана кыз Мектеп директору, демилгелүү жумушчу топтун мүчөсү Айнагүл КАДЫРКУЛОВАнын айтымында, ооруганына байланыштуу айрым балдар эч качан окуган эмес. Психикалык жактан өнүгүүсү кечеңдеген, ошондой эле көп жакшы сүйлөй албаган балдар да аз эмес. Аларга атайын окутуучу жана коррекциялык сабактар керек. “Ушул тапта утуп алынган грантка мектеп имаратынын бир бөлүгүнө ремонт жасалды, майып балдар үчүн пандустар жана дааратканаларда атайын жабдуулар орнотулду. 
 
Өзгөчө муктаждыгы бар балдарды окутуу үчүн жабдуулар жана окуу методикалык китептер сатып алынды. Жети-Өгүз райондук билим берүү бөлүмү мектептин штаттык ырааттамасын жана мындай класстар үчүн акыны коррекциялык класстар үчүн коюлган талаптарга ылайык бекитти”, - деп белгиледи Айнагүл КАДЫРКУЛОВА.
 
Коррекциялык класста билим алган окуучунун апасы Нуржамал КАРЫМШАКОВА бардык ата-энелердин атынан жумушчу топко жана “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбооруна ыраазычылыгын билдирди: “Акыры ушундай адистештирилген класс ачылганына абдан кубанып турабыз. Менин баламдын өнүгүүсүндө жылыштар байкала баштады, ага мектеп кызык болуп жатат.
 
Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарга да көңүл бурула баштаганына ыраазыбыз. Жакында балдарды үйдөн мектепке ташый турган автобус сатып алынат деп жатышат. Бул да кубанычтуу кабар. Себеби мындай учурда ата-энелерде да бир аз көбүрөөк бош убакыт пайда болмок. Азыр балдарыбыз менен чогуу мектепке барып, сабак бүткөнчө ошол жерде күтүп отурууга мажбур
 
___________________________________________
Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбоорун Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги каржылайт жана HELVETAS Swiss Intercooperation уюмунун Кыргыз Республикасындагы филиалы менен Өнүктүрүү саясат институту уюмунан турган консорциуму аткарат. Швейцария Өкмөтү Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө көмөктөшүп, саламаттык сактоо, жеке секторду өнүктүрүү, мамлекеттик секторду реформалоо жана инфраструктура өңдүү тармактардагы долбоорлорду колдоп келет.
 

Окшош материалы: