Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Штаттык түзүм.Көйгөйлүү түзүмбү?

2012-04-30 / ЖӨБ кадрлары

Муниципалдык башкаруу тармагындагы эң курч көйгөйлөрдүн бири – бул кадрлар көйгөйү.

Муниципалдык башкаруу тармагындагы эң курч көйгөйлөрдүн бири – бул кадрлар көйгөйү. Мында эгерде жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасындагы прогрессивдүү кайра өзгөрүүлөргө карата да, ошондой эле өтө тездиктеги чегинүүгө карата да жалпысынан кызыл чеке талкуулар жүрүп жатканы менен, муниципалитеттин башкаруу аппаратынын структурасына, штаттык түзүмүнө жана эмгек акы шарттарына карата олуттуу өзгөрүүлөр байкалбайт.

Балким жакшы ниети менен, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына камкордугун көрсөтүү үчүн 2012-жылдын 16-мартында КР өкмөтү өз токтому менен Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун элеттик аткаруу органдарынын жаңы типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитти. Бул документ кабыл алынаар замат ЖӨБнун элеттик органдары Каржы министрлигинин, Курулуш жана аймактык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин жооптуу адамдарына бул токтомду колдонуу тартибин түшүндүрүп берүүнү талап кылган каттарды “жаадырышты”. Элеттик муниципалитеттердин башчыларын эмне мынча санаага салды?

Өзгөрүүлөр айыл өкмөтүнүн штаттык түзүмүндөгү адистиги боюнча оюгунда кызматкерлердин курамын дагы да деталдуу сүрөттөө жагына тиешелүү болду. Анын ичинде айыл өкмөт аппаратынын мурдагы санынын алкагында эми болсо төмөнкү адистерди штатка кошуу сунушталган: юрист, участкалык инспектор, маалыматтык-компьютердик технологиялар боюнча адис, мал чарбачылыгы жана ветеринардык тейлөө маселелери боюнча адис.

Бир караганда мындай деталдаштыруу ар түрдүү ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү адистер аркылуу калкка ар тараптуу кызматты көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн берүү менен ЖӨБ органдарынын потенциалын күчөтөт. Атүгүл ЖӨБ органдарына участкалык дарыгерди, ветеринардык доктурду, ички иштер органдарынын кызматкерин (участкалык инспектор) штатка кошуу укугун берген “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдын нормасы (46-берене, 6-пункт) эсепке алынган. ЖӨБ органдарынын көпчүлүк башчылары өз муниципалитетинде жогоруда аталган адистерге ээ болуу зарылчылыгы тууралуу көптөн бери айтып келатышат. Мына эми өкмөт бул каалоону аткарды. Анда эмне үчүн мындай массалык терс реакция жаралды?

Ким маанилүү – дарыгерби, же жер уюштуруучубу?

Токтомдун мурдагы редакциясында өкмөт ЖӨБ органдарына штаттык күн тартибин орнотулган ченемдердин алкагында өз алдынча түзүү укугу берилген. Негизинен 5 миңден 10 миңге чейин адам жашаган айыл өкмөтүнүн курамына 5 башкы жана 4 негизги адисти киргизүү сунушталган. Мында конкреттүү адистиктер ЖӨБ органдары тарабынан керектөөгө жараша аныкталган. Мисалы, көпчүлүк айыл өкмөттөрүндө инвестицияларды тартуу, жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү, кирешелерди чогултуу ж.б. боюнча адистер пайда болду. Мында “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдын 46-беренесине ылайык, ЖӨБ органдарына штатка башкы жана негизги адис позициясына дарыгерди же участкалык инспекторду киргизүүгө тыюу салынган эмес.

Ал эми токтомдун жаңы редакциясы ЖӨБ органдарына штаттык түзүмүн түзүүдө маневрга, өз алдынчалуулукка тыюу салып, бардык бош орундарды катаал бекитти. Муниципалитеттер кайгылуу жана берекесиз тандоого тушукту: же аларга зарыл болгон орундарды кыскартуу менен учурда керек эмес адистерди ишке алуу, же айлык акы үчүн каржылоого ээ болуу үчүн гана бардык бош орундарды толтуруу. Мындан тышкары 5 000 адамга чейин калкы бар айыл өкмөтү үчүн штаттык түзүмдөн маанилүү орундардын бири түшүп калды – бул жер уюштуруучу. Албетте айылда дарыгер – эң зарыл адис, анткен менен саламаттыкты сактоо – бул мамлекеттин функциясы да. Ал эми жер – ЖӨБ органдарынын негизги ресурсу жана аны башкаруу – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өз функциясы эмеспи!

Милиционер муниципалдык кызматкер болуш керекпи?

Негизги штаттык түзүмгө кошумча бош орундарды кошуу – бул адистерди мамлекеттик деген категориядан чыгарып, аларга муниципалдык кызматкер деген макамды берет. Биринчи кезекте бул участкалык инспекторго тиешелүү. Ага карата бир заматта отчеттуулукка, социалдык куржунуна, жалпы стажда кызмат өтөгөн убактысы, курал алып жүргөнү жана башкаларга байланыштуу бир нече суроолор пайда болот. Ошол эле учурда эгерде аны тартип коргоо органынын кызматкери деген макамда калтырып койсо, анда эмне үчүн өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар боюнча акча жергиликтүү бюджеттен төлөнүп жатат деген суроо жаралат.

Жогорудагы суроолорго жооп табуу үчүн мыйзамда мамлекеттик бийлик менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бул тармактагы функцияларын жана ыйгарым укуктарын так ажырымдоо талап кылынат. Анткени мыйзам боюнча коомдук тартипти камсыздоо (“КР ички иштер органдары жөнүндө” мыйзам ж.б.) мамлекеттик органдардын функциясына кирет. Ошол эле учурда “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР мыйзамынын 18-беренесине ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коомдук тартипти сактоого көмөктөшөт.

Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын ажырымдабаса, жогорудагы маселелер чечилбейт, участкалык инспектордун макамы, укуктары жана милдеттери, жоопкерчилигинин чеги, ишмердүүлүгүн каржылоонун тартиби жана булагы аныкталбайт, натыйжада ал өз функциясын натыйжалуу аткара албай калышы ыктымал.

Жалпыга маалым болгондой, айыл өкмөтүндөгү адистердин маянасы өтө эле төмөнкү деңгээлде турат жана атүгүл минималдык жашоо деңгээлине да жетпейт. Мындай маянага маалыматтык технологиялар боюнча адистер, квалификациясы жогору дарыгерлер жана ички иштер органдарынын кызматкерлери келет деп үмүт артпай деле койсо болот.

Эмне үчүн күрөшкөн элек?

Балким муниципалитеттин өкүлдөрү кошумча жумуш орундары боюнча өз сунуштарын айтып жатканда алардын эч кимиси бул орундар муниципалдык кызматкерлер макамын алаарын ойлобосо керек. Анткени саламаттыкты сактоо жана коопсуздук маселелери – булар мамлекеттин функциялары да. Ветеринария, маалыматтык технологиялар маселелери __0_Z– көбүнчө акы үчүн кызмат көрсөткөн жеке сектордогу ишмердүүлүктүн чөйрөсү. Атүгүл штатта маалымат технологиясы боюнча адисти кармоо канчалык зарыл болгону түшүнүксүз. Анткени ал аптасына бир нече саат гана иштейт. Жалпысынан бул токтомдун анализи төмөнкүдөй тыянак чыгарууга түрткү берип жатат:

• документтин практикада колдонулушу муниципалдык башкарууну жакшыртпайт, тескерисинче ЖӨБ органдарынын өз алдынчалуулук деңгээлин азайтат;

• кошулуп жаткан орундар боюнча кошумча каржылоонун жоктугу аны реалдуу колдонуу мүмкүнчүлүгүн дээрлик жокко чыгарып жатат;

• катаал штаттык түзүм муниципалитеттерди керектөөсүнө жараша зарыл болгон адистердин тизмесин өз алдынча аныктоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып, алардын административдик автономиясын чектеп жатат.

Жети өгөй эненин колунда

Тилекке каршы акыркы жылдары штаттык түзүмдү түзүү жана муниципалдык кызматкерлердин маяна шарттары маселеси экинчи планга жылып, ого бетер чырмашты. Тушүнүксүз себептерден улам ЖӨБ органдарынын маянасынын деңгээлин аныктаган өзөктүү документ – өкмөттүн 2011-жылдын 29-июлундагы №436 токтому “кызматтык колдонуу үчүн” деген белги менен сакталган жана аны ЖӨБО өздөрү ала алышпайт. Жогорудагы маселелер толгон-токой ченемдик-укуктук акттар менен жөнгө салынган кырдаал түзүлүп, алар бири-бирине карама-каршы келген учурлар да жок эмес. Өзүнчө бир мыйзамдар жана өкмөттүн токтомдору менен төмөнкү маселелер аныкталды:

• ЖӨБ органдарынын структурасы жана штаттык түзүмү;

• ЖӨБ органдарынын кызматкерлеринин эмгек акысынын деңгээли;

• кичи тейлөөчү жана техникалык персоналдын эмгек акысынын деңгээли;

• маянага коэффициенттерди жогорулаткан маселелер.

Ошол эле учурда “Муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамда декларацияланган маянага кошумчалар боюнча шыктандыруу системасын ишке ашыруу механизми жок.

Кырдаалды кантип оңдойбуз?

ЖӨБ органдарындагы кадрларды түзүү системасын түп тамырынан бери карап чыгуу сунушталат. Штаттык түзүмдү түзүүнүн жана эмгек акысынын шарттарынын принциптерин жөнгө салган бардык маселелер балким өкмөттүн бирдиктүү токтомунда көрсөтүлүшү керектир. Мында бул токтомдогу бардык жоболор төмөнкү принциптерге жооп бериш керек:

• Бекитилген жалпы бирдиктердин алкагында ЖӨБ органдарынын штаттык түзүмүн түзүүдө өз алдынчалуулук.

• Мамлекет муниципалитеттерге кепилдеген ЖӨБ органдарынын белгилүү бир категориялары үчүн маяна фондунун стандарттарын аныктоо. Мында кепилдик бакубат ЖӨБ органдары үчүн жергиликтүү бюджеттеги каражаттан жана “дотациялык” үчүн республикалык бюджеттеги каражаттардан түзүлөт.

• Маяна фондунун стандарттарынын алкагында ЖӨБ органдарына зарыл болгон санды өз алдынча аныктоо, ал эми үнөмдөлгөн каражатты өз кызматкерлерин шыктандырууга багыттоо укугун берүү.

• Иш тажрыйбасына, кызматтарды айкаштыруу мүмкүнчүлүгүнө, квалификация деңгээлине жана иштин натыйжасына жараша өз кирешесинин эсебинен муниципалдык кызматкердин айлыгына үстөк акча кошуу системасын кароо.

Мында ушул токтомду ишке ашыруу республикалык бюджеттен кошумча каржы ресурстарын талап кылбаарын кошумчалай кетүү зарыл. Бул схема муниципалдык башкарууну жакшыртууга жана жаңы ыкмалардын жана ЖӨБ органдарынын кызматкерлерин шыктандыруу системасын түзүүнүн эсебинен кадр саясатын оптималдаштырууга багытталган. Мындай ченемдик-укуктук актты кабыл алуу жергиликтүү деңгээлде кадр саясатындагы топтолгон маселелерди чечүүгө жана ЖӨБ органдарынын ишинин натыйжалуулугун жана жоопкерчилигин арттырууга жол ачат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 451 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-мартындагы № 181 токтому

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 451 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:- аталган токтом менен бекитилген айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык саны ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. “Эркин Тоо” гезитинин 2012-жылдын 20-мартындагы № 23 санында жарыяланды Кыргыз Республикасынын премьер-министри Ө.Бабанов

Кыргыз Республикасынын премьер-министри

Ө.Бабанов