Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын типтүү ЭТИКАЛЫК КОДЕКСИ жөнүндө

2018-11-07 / Депутаттык баяндар

Жергиликтүү кеңештердин депутаттары жогорку кесипкөйлүктүн жана жеке сапаттардын үлгүсү болууга тийиш. Бирок Кыргыз Республикасында жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын жүрүмтуруму ишкер этиканын ченемдерине шайкеш келбей калган учурлар аз эмес. Депутаттар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчыларын шайлоону үзгүлтүккө учураткан окуялар болгон. Мисалы, 2016-жылдын декабрынан 2017-жылдын март айына чейин өлкөнүн төрт шаарында жана 13 айылдык аймагында мэрди жана айыл өкмөт башчысын шайлоо боюнча кеңештердин сессиялары эки жолу өтпөй калган. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 13-апрелиндеги №74 жарлыгы менен 19 жергиликтүү кеңеш таркатылган. “Жарандык Платформа” коомдук фондунун соңку социологиялык изилдөөсүнүн маалыматтары көрсөткөндөй, сурамжылоого катышкан жарандардын ичинен 38,4% гана жергиликтүү кеңештердин депутаттарына ишенишет.

Парламенттик этиканын колдонуудагы регулятивдүү механизмдеринин чабал өнүгүүсү мына ушундай кырдаалды жаратты. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 20-июнундагы N 548-IV токтому менен бекитилген “Депутаттык этиканын кодекси” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары үчүн гана иштелип чыккан. Жергиликтүү кеңештердин депутаттары үчүн бул өңдүү документ жок. Көпчүлүк өлкөлөрдө аймактык депутаттардын этикалык жүрүм-турум кодекстери иштелип чыгып, кабыл алынган. Мисалы, Орусияда Ленинград облусунун Кингисепск шаардык конушунун муниципалдык түзүлүшүнүн депутаттарынын Кеңешинин “Депутаттык этика жөнүндө жобосу” же Усть-Куломской муниципалдык районунда “Депутаттык этика кодекси” өңдүү документтер бар. Ушул практика ийгиликтүү болгондуктан, КР ЖӨБ Союзу USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун колдоосу алдында Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Типтүү Этикалык кодексин иштеп чыкты. Кодексти даярдоо иши Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук базасы жана башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы менен таанышуудан башталды. Изилдөө көрсөткөндөй, КР менен башка өлкөлөрдүн жергиликтүү кеңештеринин депутаттары үчүн регулятордук жана маалыматтык материалдардын практикасында өтө чоң айырма бар. ЖӨБ Союзу Жалал-Абад, Ош, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын катышуусу менен фокус-топторду өткөрдү. Фокус-топтордогу изилдөөлөрдүн жана дискуссияладын жыйынтыктарына таянуу менен, ЖӨБ Союзунун өкүлдөрү Этика кодексинин долбоорун иштеп чыгышты. ЖӨБ Союзу документтин долбоору менен тегерек столдо тааныштырды. Ага КР Өкмөтүнүн өкүлдөрү, КР ЖӨБ Союзунун мүчөлөрү, бейөкмөт уюмдар жана эксперттик жамаат катышты. Тегерек столдун катышуучулары документти карап чыгышып, Типтүү кодекстин мазмунун бекитишти. 2018-жылдын 24-июлунда Этика кодексинин долбооруна укуктук экспертиза жүргүзүлгөндөн кийин ЖӨБЭММА жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Типтүү Этикалык кодексин бекитүү жөнүндө 01-18/89 буйрук чыгарып, өлкөдөгү бардык жергиликтүү кеңештердин колдонуусуна сунуштады. 2018-жылдын 20-июлунда ЖӨБ Союзунун өкүлдөрү Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Ырыс айылдык аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаттарын депутаттын этикасынын негиздерине окутушту. Андан соң Ырыс айылдык кеңеши типтүү документтин базасында өзүнүн Этикалык кодексин иштеп чыгып, айылдык кеңештин депутаттарынын кезексиз сессиясында кабыл алышты. Төмөндө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттары үчүн Типтүү Этикалык кодексинин текстин сунуштайбыз.

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору тарабынан даярдалды

БУЙРУК

2018-ж. 24-ИЮЛЬ N 01-18/89

Бишкек шаары Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин Типтүү этикалык кодексин бекитүү жөнүндө

Жергиликтүү кеңештин депутаты наамынын коомдогу социалдык маанисин, абройун жогорулатуу, депутаттардын жергиликтүү кеңештердеги ишмердиктериндеги, шайлоочулар менен өз ара мамилелериндеги, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана физикалык тараптар менен өз ара мамилелериндеги жана эл алдында чыгып сүйлөөдөгү этикалык эрежелерин аныктоо максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 258-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги жөнүндө Жобонун 6-пунктунун «б» пунктчасынын 2-абзацына ылайык, буйрук кылам:

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин Типтүү этикалык кодекси (мындан ары - Типтүү кодекс) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Жергиликтүү кеңештерге ушул Типтүү кодекстин негизинде 2018-жылдын 1-октябрына чейин тиешелүү жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Этикалык кодексин иштеп чыгуу жана бекитүү сунуш кылынсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынан, райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынан, мэриялар жана айыл өкмөттөрүнөн ушул Типтүү кодексти өздөрүнүн сайттарына жайгаштыруу, тиешелүү жергиликтүү кеңештерге ушул Типтүү кодекстин негизинде депутаттардын Этикалык кодексин иштеп чыгууга жана бекитүүгө көмөк көрсөтүү жагы суралсын.

4. Уюштуруу иштери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын усулдук жана маалыматтык жактан колдоо башкармалыгы, административдик жана кадр иштери бөлүмү Типтүү кодексти жетиштүү санда көбөйтүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарына, райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларына жана жергиликтүү кеңештерге жеткирүүнү камсыз кылышсын.

5. Агенттиктин облустардагы өкүлдөрү ушул буйруктун 2-3-пункттарын аткаруу боюнча уюштуруучулук жана практикалык иштерди жүргүзүшсүн жана 2018-жылдын 10-октябрына Агенттикке тиешелүү маалымат беришсин.

6. Пресс-катчы Ыманкалиев З.Ы. Типтүү кодексти Агенттиктин сайтына жайгаштырсын, аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сайттарына жайгаштыруу жана башка массалык маалымат каражаттарына жарыялоо (жайгаштыруу) боюнча иш жүргүзсүн.

7. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы директордун орун басары М.К.Байдылдаевге жүктөлсүн.

Директор Б. У. САЛИЕВ

 

Окшош материалы: