Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ТИПТҮҮ ЭТИКАЛЫК КОДЕКСИ

2018-11-07 / Депутаттык баяндар

Бул Кодекс жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын сөзсүз түрдө аткарылуучу моралдык принциптерин жана жүрүм-турум эрежелерин аныктайт. Депутаттык этика – бул депутаттардын депутаттык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу учурундагы негизги моралдык жана адептүүлүктүн жана жүрүм-турум нормаларынын жыйындысы. Ар бир депутат өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууда үлгү болууга умтулуп, кемтиксиз кесиптик жана жарандык беделине ээ болуу керек.

I. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

1.1. Жергиликтүү кеңештердин депутаттары (мындан ары - депутаттар) тийиштүү айыл аймактын (мындан ары – аймак) калкынын өкүлдөрү катары өзүнүн ишмердүүлүгүндө аймактын калкынын кызыкчылыктары, анын социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүү максаттары менен

1.2. Депутаттар өз макамын аймактын жана анын жашоочуларынын кызыкчылыктарына туура келтирбеген аракеттерге жумшабоосу керек.

1.3. Депутаттар өз аракеттерин Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун Уставына, жергиликтүү кеңештин регламентине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде жүргүзүшөт.

1.4. Депутаттар өздөрүнүн ишмердүүлүгүндө, анын ичинде депутаттык ыйгарым укуктарын аткарбаган учурларда дагы, жалпыга таанылган моралдык жана адептүүлүк нормаларды жетекчиликке алуусу керек.

1.5. Депутаттар депутаттын жана аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аброюна шек келтирүүчү аракеттерден жана жоруктардан алыс болуш керек.

1.6. Депутаттар бирдей эле убакта өзүнүн кадырын сактоо менен башка депутаттардын, кызматтык адамдардын жана жарандардын кадырын сыйлашы керек.

1.7. Депутаттар өзүнүн депутаттык мандатын депутаттык ишмердүүлүккө тийешеси жок максаттарга пайдалана албайт.

II. ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТТАРЫНЫН ИШМЕРДҮҮлҮгҮН ТИЙИШТҮҮ ДЕПУТАТТЫК ЭТИКАНЫН ЭРЕЖЕЛЕРИ

2.1. Депутаттар жергиликтүү кеңештин ишине өзүнүн позициясын коркутуу-үркүтүү, кескин талаптарды коюу жана башка ушул сыяктуу аракеттерди жасабай иштиктүү жана жөндүү катышууга тийиш.

2.2. Ар бир депутат жергиликтүү кеңеште иштиктүү кызматташтык жана өз ара колдоо, ак ниеттүү жана жолдоштук чөйрөнү түзгөнгө жардам кылат.

2.3. Депутаттар өзүнүн жумушун каралып жаткан маселелер боюнча теңчилик негизинде жана эркин жамааттык талкуулоо принцибинде чечим кабыл алуу, ар түрдүү пикирлерди сыйлоо менен, чыр-чатакка жеткирбей, пикир келишпестиктерди талкуулоо жолу чечүүнү издөө керек.

2.4. Депутаттар бири-бирине жана жыйындар өтүүчү залдагы бардык катышуучуларга расмий түрдө кайрыла алат. Ыгы жок теңтушсунуп жана тоготпогондук кайрылууларга жол берилбейт. Сессиянын жана комитеттердин отуруму өтүп жаткан учурларда депутаттар иштиктүү стилде кийинүүсү керек.

2.5. Депутаттар чыгып сүйлөөр алдында өзүнүн айта турган сөздөрүн даярдап анан сүйлөш керек. Талкууланып жаткан маселе боюнча так жана багыттуу, жеткиликтүү тил менен, ар кандай мааниси жок сөздөрдү колдонбой сүйлөш керек. Депутаттарга жергиликтүү кеңештин жана комиссиялардын иши учурунда уюлдук телефондорду пайдаланбоо сунуш кылынат.

2.6. Депутаттар, калктын кызыкчылыктарын коргоодо башка депутаттардын ынанымына, салттарына, этникалык жана социалдык топтордун, диний конфессиялардын маданий өзгөчөлүктөрүнө сый жана чыдамдуулук менен мамиле кылуусу керек. Этностор аралык жана конфессия аралык биримдиктин сакталуусуна жана тынчтыкка салым кошот.

2.7. Депутаттар жергиликтүү кеңештин комиссияларынын бардык отурумдарына катышууга тийиш. Депутат жергиликтүү кеңештин отурумдарына жүйөөсүз катары менен 3 жолу катышпаса депутаттык милдетин аткарбагандыгы тууралуу маселе депутаттык этика боюнча комиссияда каралат. Жүйөлүү себептер менен жыйындарга катышууга мүмкүнчүлүгү болбосо, депутат жыйынга чейин 2 күндөн кечиктирбей жергиликтүү кеңештин төрагасына маалымдап коюусу керек. Жүйөлүү себептерге - депутаттын ооруп калуусу, командировкада жана эмгек өргүүсүндө болуусу, үй-бүлөлүк жагдайлар кирет.

2.8. Жергиликтүү кеңештин сессиясында каралып жаткан маселеде катышып жаткан депутаттын финансылык же кандайдыр бир жеке кызыкчылыктары болсо, токтоосуз түрдө бул жөнүндө маалымдап, бул маселе боюнча добуш берүүдөн баш тартыш керек.

2.9. Депутаттар өздөрү кабыл алган жергиликтүү кеңештин Регламентине, анын талаптарын жана тартипти сактоого чакырган сессияда төрагалык кылган депутаттын талаптарына баш ийиши керек. Жүйөөлүү себепсиз сессияга, комиссиялардын ишине, депутаттык угууларга жана башка жергиликтүү кеңештин иш-чараларына катышпай коюуга болбойт.

2.9.1. Жергиликтүү кеңештин депутаттарына – отурумду үзгүлтүккө учуратып же жөнү жок себептер менен башка шылтоо айтып нааразылык көрсөтүү иретинде отурум өтүп жаткан залдан чыгып кетүүгө, сөз берилбесе деле сүйлөөгө, күн тартибине коюлган маселеден сырткары же мааниси жок сүйлөгөнгө, кыйкырууга жана сүйлөп жаткан адамдын сөзүн бөлүп жарууга болбойт.

2.9.2 Депутат жергиликтүү кеңештин отурумунда, депутаттык угууларда, туруктуу комиссиянын жана жумушчу топтордун ишине катышып жатканда отурумга төрагалык кылуучуга, башка депутаттарга, аткаруу органынын аппаратынын кызматкерлерине жана жергиликтүү кеңештин отурумуна катышып жаткан башка адамдарга сылык мамиле кылуу менен адептүүгүн көрсөтүп, сый урмат менен мамиле кылуусу керек.

2.9.3. Депутат өзүнүн сөзүндө орой сөздөрдү колдонуп жана одоно мамилелерди жасабашы керек.

2.9.4. Депутаттар депутаттык ишмердүүлүгүн аткаруу учурунда жана аткарбай жүргөн убагында үчүнчү тараптан белектерди, акча түрүндө акы төлөөлөрдү албашы керек жана алардын кызматынан пайдаланууга болбойт.

2.9.5. Депутаттар жергиликтүү кеңеште сыйакы алып кимдир бирөөнүн кызыкчылыгын сүрөмөлөөгө укуксуз.

III. ДЕПУТАТТАРДЫН ШАЙЛООЧУЛАР МЕНЕН ӨЗ АРА МАМИЛЕЛЕРИНДЕГИ ДЕПУТАТТЫК ЭТИКАЛЫК ЭРЕЖЕЛЕРИ

3.1. Депутаттар өздөрүнүн округундагы шайлоочулар менен тыгыз байланышта болуусу керек, депутаттар шайлоочуларынын алдында жоопкер жана отчет берип турат. Депутаттар айыл аймагындагы бардык жашоочулардын кызыкчылыгын көздөйт.

3.2. Депутаттар менен шайлоочулардын ортосундагы мамиле урмат сый, сылык мамиле жана жарандардын кайрылууларына жана арызданууларына ыкыластуулук менен жасалган мамиледен куралат.

3.3. Депутаттар өздөрүнүн шайлоочуларынын укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого чараларды көрөт: шайлоочулардан түшкөн кайрылууларды жана арыздарды кароодо өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде чечүүгө милдеттүү.

3.4. Депутаттар шайлоочуларынын алдында жылына 1 жолудан кем эмес отчет берет, өзүнүн жергиликтүү кеңештин сессиясынын отурумундагы ишмердүүлүгү боюнча шайлоочулары менен болгон жолугушууларында жана массалык маалымат каражаттары аркылуу билдирип турат. Шайлоочуларга берилген маалыматтар толук, анык жана обьективдүү болушу керек.

3.5. Депутаттар ай сайын белгиленген график боюнча шайлоочуларды жеке кабыл алууну жүргүзөт.

3.6. Депутаттар дайыма чыдамкайлуулукту жана сыпайы сылыктыкты көрсөтүүсү керек, айрыкча депутаттын ой пикири менен шайлоочунун ой пикири дал келбей калган учурда.

IV. ДЕПУТАТТЫН МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАР, ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫ, ЮРИДИКАЛЫК ЖАНА ФИЗИКАЛЫК ТАРАПТАР МЕНЕН ӨЗ АРА МАМИЛЕЛЕРИНДЕГИ ДЕПУТАТТЫК ЭТИКАНЫН ЭРЕЖЕЛЕРИ

4.1. Депутаттар атайын ыйгарым укуктарына ээ болбогон учурда жергиликтүү кеңештин атынан чыгуусуна, анын атынан мамлекеттик аткаруу органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка уюмдардын алдында расмий билдирүүлөрдү жасоого укугу жок.

4.2. Депутаттар депутаттын макамына байланыштуу мүмкүнчүлүктөрүн мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар, юридикалык жана физикалык тараптар менен болгон мамилелеринде өз кызыкчылыгына пайдаланбашы керек.

4.3. Депутаттар жергиликтүү кеңештин расмий бланкаларын депутаттын ыйгарым укуктарынын чегинде талаптарды чечүү керектигинде расмий каттарды жана документтерди жөнөтүүдө гана пайдаланууга милдеттүү.

4.4. Депутаттар депутаттык ишмердүүлүгүн аткарууга байланышпаган учурда жергиликтүү кеңештин имаратын, телефондорун, автотранспортун жана башка материалдык-техникалык каражаттарын пайдаланууга болбойт.

4.5. Депутаттардын ыйгарым укуктарын аткаруу учурунда белгилүү болуп калган маалыматтарды жайылтууга болбойт, эгерде ал маалыматтар: • мамлекеттик, коммерциялык же кызматтык сыр болсо; • жарандардын жеке турмушу менен, юридикалык тараптардын ишкердик бедели жана ишмердүүлүгү менен байланыштуу болуп, аны жарыя кылбоо боюнча депутатка ишеним берилген болсо.

4.6. Депутат жарандардын жеке турмушу же үй-бүлөгө байланышкан маалыматтарды, юридикалык тараптардын ишкердик бедели жана ишмердүүлүгү боюнча аны жарыялабоо боюнча талаптарды атайылап же олдоксондуктан бузган болсо тараптардан кечирим суроосу керек.

4.7. Депутаттардын чет өлкөлүк мамлекеттерге баруусундагы жүрүм-туруму Кыргыз Республикасынын жаранынын беделин жана депутаттык корпустун кадыр баркын көтөрүүгө багытталыш керек.

4.8. Депутаттар чет өлкөлөрдөгү барууларында барган мамлекеттердин өзгөчөлүктөрүн, салтсанаасын жана мыйзамдарын сыйлоосу керек, этиканы сактап, конфликтик кырдаалды болтурбоого милдеттүү.

V. ДЕПУТАТТАРДЫН ЭЛ АЛДЫНДА ЧЫГЫП СҮЙЛӨӨ ЭТИКАСЫ

5.1. Депутаттар жергиликтүү кеңештин отурумунда, депутаттык угууларда, массалык маалымат каражаттарындагы чыгып сүйлөөлөрүндө, мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын жана жарандардын ишмердүүлүгү боюнча баяндама жасаганда текшерилген анык фактыларга гана таянышы керек.

5.2. Депутаттар эл алдында чыгып сүйлөгөндө же массалык маалымат каражаттары аркылуу билдирүүлөрдү жасаганда сылык сыпайы болуп, жарандардын, кызмат адамдарынын абийирин, ар-намысын каралоого жана юридикалык жана физикалык тараптардын ишкердик беделин булгоого жол бербөө керек.

5.3. Депутаттардын эл алдында чыгып сүйлөө учурунда жана билдирүүлөрүндө такталбаган фактылар айтылып калган болсо, ошондой эле жарандардын абийирин, ар намысын каралоого, юридикалык жана физикалык тараптардын ишкердик беделин түшүрүүгө атайын же байкабастан аракеттер жасалган болсо, депутаттын эл алдында кемчилдигин моюнуна алуу менен алардан кечирим суроосу милдеттүү. Ушул пункт менен белгиленген депутаттын жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алдында ушул раздел боюнча тартип бузуу жоопкерчилигине тартуудан бошотпойт.

VI. ДЕПУТАТТЫК ЭТИКА ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТОО БОЮНЧА КӨЗӨМӨЛ ЖАНА АЛАРДЫ БУЗГАНДЫГЫ ҮЧҮН ДЕПУТАТТЫН ЖООПКЕРЧИЛИГИ

6.1. Депутаттардын депутаттын этикасы боюнча Эрежелеринин сакталышын депутаттардын ишмердүүлүгү жана этикасы боюнча Комиссия (мындан ары комиссия) жүргүзөт. Комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү депутаттар тарабынан депутаттык этиканын сакталышы боюнча тийиштүү чараларды көрүүгө милдеттүү.

6.2. Депутаттык этиканын эрежелерин бузуу боюнча маселени Комиссия өзүнүн демилгеси менен же жергиликтүү кеңештин демилгеси боюнча карай алат.

6.3. Депутаттардын этикасын бузуу далили боюнча маселени кароо үчүн Комиссияга айыл аймактын жашоочулары, мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары, ишкана, уюмдардын жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү арыз менен кайрыла алат.

6.4. Депутаттардын этиканы бузуу кыймыл аракети боюнча күнөөлөгөндө депутаттар Комиссияга кагаз жүзүндө документтерди көргөзүү менен негизделген протест көрсөтүүгө жана ооз жүзүндө күнөөлөнгөндүгү боюнча түшүндүрмө бергенге укуктуу.

6.5. Депутаттардын ар намысына, кадыр баркына, ишмердүүлүк беделине шек келтирген негизсиз арыздануу боюнча депутаттар өздөрүнүн укугун мыйзамга каршы келбеген ыкмалар менен коргонууга укуктуу.

6.6. Депутаттардын мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына же сот органдарына ар намысын, кадыр баркын, ишмердик беделин коргоо боюнча Комиссияга кайрылуусуна аткаруу органдарынын аппараты депутаттын ар намысын коргоо боюнча көмөк көрсөтөт жана керектүү учурда анын кызыкчылыгын сот органдарынын алдында коргоого көмөктөшөт.

6.7. Комиссия депутаттын этикасынын Эрежелерин бузуу боюнча маселени кароодо депутатбилдирүүлөрдү жасаганда сылык сыпайы болуп, жарандардын, кызмат адамдарынын абийирин, ар-намысын каралоого жана юридикалык жана физикалык тараптардын ишкердик беделин булгоого жол бербөө керек. 5.3. Депутаттардын эл алдында чыгып сүйлөө учурунда жана билдирүүлөрүндө такталбаган фактылар айтылып калган болсо, ошондой эле жарандардын абийирин, ар намысын каралоого, юридикалык жана физикалык тараптардын ишкердик беделин түшүрүүгө атайын же байкабастан аракеттер жасалган болсо, депутаттын эл алдында кемчилдигин моюнуна алуу менен алардан кечирим суроосу милдеттүү. Ушул пункт менен белгиленген депутаттын жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алдында ушул раздел боюнча тартип бузуу жоопкерчилигине тартуудан бошотпойт. тын этикасынын Эрежелерин бузулгандыгы же бузулбагандыгы бар же жок экендигин аныктаган чечим кабыл алат.

6.8. Депутаттардын этика Кодексин бузуу фактысы боюнча маселе депутаттык этиканын Эрежелери боюнча Комиссиянын рекомендациясы боюнча гана каралат. Депутаттар тарабынан жергиликтүү кеңештин отурумунда ушул эрежелерди бузуусуна карата жергиликтүү кеңештин Регламентинде белгиленген тартипте жоопкерчилик чаралары колдонулушу мүмкүн.

6.9. Жергиликтүү кеңеште депутаттын этика Кодексин бузган адамга төмөндөгүдөй чаралар көрүлүшү мүмкүн: • депутаттын этика Кодексине туура келбеген жүрүм-турумун токтотууну сунуштайт жана кечирим суроону талап кылат. • депутаттын этика Кодексин бузгандыгы фактысы боюнча массалык маалымат каражаттары аркылуу округдун шайлоочуларына маалымдайт.

6.9.1. Ушул пунктта белгиленген эрежелерди депутат одоно түрдө бузган болсо, Комиссия тарабынан этика Кодексин бузган депутатка чара көрүү маслеси жергиликтүү кеңештин сессиясына чыгарылат. Жергиликтүү кеңеш депутаттын жоопкерчилиги боюнча маселени алдын ала Комиссиянын кароосусуз эле чечет. Этика кодекси бузулгандыгын одоно түрдө экендигин Жергиликтүү кеңеш аныктайт.

6.9.2. Депутаттын жергиликтүү кеңеште жана анын органдарында өз милдеттерин системалуу түрдө аткарбай жүргөн учурунда, жергиликтүү кеңештин иштөө тартибин бузган учурунда Комиссиянын алдын ала кабыл алган чечими менен жергиликтүү кеңеш депутаттын ай сайын алуучу төлөмдөрүнөн белгилүү бир мөөнөткө ажыратуу боюнча чечим кабыл алат, шайлоочуларга депутаттын өз милдеттерин аткарууга болгон мамилеси боюнча билдирет.

Окшош материалы: