Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ кызматтары
Тогуз-Булакта балдар үчүн жаңы спорттук талаа ачылды.
Түп районундагы Тогуз-Булак айылдык аймагынын Сары-Булуң айылында Тагаев атындагы мектепке караштуу чакан футбол жана волейбол талаасы бар жаңы спорттук аянтчанын ачылышы болду.
Кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча аракеттер планы “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун финансылык колдоосу алдында ишке ашырылды. Аталган долбоорду Швейцариянын Өнүгүү жана Кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылайт жана ХЕЛВЕТАС менен Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырууда. ЖДКЖ Долбооруна максаттуу муниципалитет катары катышкан айыл өкмөтү айылдын окуучуларын жана жаштарын спорт жана бош убакытты өткөрүү үчүн шарттарды түзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча аракеттер Планын (КЖАП) иштеп чыкты. Гранттык долбоорлордун конкурсунда бул план жактырылып, 1 040 000 сомго колдоо көрсөтүлдү, ал эми жергиликтүү бюджеттен 284 477 сом бөлүндү. Спорттук аянтчаны уюштуруу боюнча долбоордун жалпы суммасы 1 324 477 сомду түздү. Тагаев атындагы мектепке караштуу долбоорду ишке ашыруунун алкагында спорттук аянтчанын аймагында чакан футболдук жана волейбол талаасы даярдалып, спорттук аянтчанын тегерек-чети тосмолонуп, отургучтар жана жарыктандыруу орнотулду. Ачылыш аземинде ар бир команда оюн талаасына спорттук форма менен чыгып, ар кандай оюндарды көрсөтүштү. Аземдин коноктору спорт менен эркек балдар гана эмес, кыздар да алектенээрин көрө алышты. Жашоочулар учурда спортто мурдагыга караганда кыздардын саны көп болгонун, атүгүл кыздардын өзүнүн волейбол командасы бар болгонун белгилешти. Айылдагы аксакалдардын бири өз пикирин айтты: “Бүгүн Сары-Булуң айылынын жашоочулары үчүн чоң окуя болуп жатат! Өзгөчө биз балдарыбыз үчүн кубанып турабыз. Жаңы оюн аянтчасы жаштардын башын бириктирип, аларга футбол, волейбол ойноп, убактысын чогуу өткөрүүгө шарт түзүп берген жерге айланды. Атүгүл айылдагы кыз-келиндер кирген волейбол командасы да түзүлдү. Биз эки айылдын ортосунда волейбол боюнча аялдардын мелдешин өткөрдүк.

Балдарды жана кыздарды эрте куракта спортко тартуу жана алардын сергек жашоого болгон мамилесин калыптандыруу оң таасирин тийгизип, келечекте да спортту таштабай, өмүр бою дени сак болуп жүрүүгө өбөлгө болуп берет деп эсептейбиз”.

КЖАПты ишке ашыруунун натыйжасында 500дөн ашык жаштар жана окуучулар бош убактысын пайдалуу өткөрүп, спорт менен алектенип, ар кандай спорттук иш-чараларды өткөрө алуусуна шарт түзүлдү. Жаштар үчүн спорт жаатындагы мындай демилгелерди колдоо менен, Долбоор келечекте чоң артыкчылыктарга жеткирчү жумуштарга багыт алууда.

Ал эми мындай иштердин пайдасы оюн талаасынын чегинен чыгып, өспүрүм кыздардын спортко жигердүү тартылуусуна да оң таасирин тийгизет.
Окшош материалы:
-
№12 (170) / 2025-12-30 Тажрыйба алмашуу сапарлары: муниципалитеттер муниципалдык ишканалардын иши жана жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү өркүндөтүү боюнча тажрыйбалары менен кантип бөлүшүүдө?
-
№12 (170) / 2025-12-30 Үйдөн полигонго чейин: калдыктарды иштетүүгө аялдарды кантип тартса болот? Коммуналдык калдыктарды иштетүү системасында гендердик теңчиликти жана социалдык инклюзияны талдоонун жыйынтыктары
-
№12 (170) / 2025-12-30 Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча комплекстүү окутуу: аймактарда жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөр боюнча башкаруучулук компетенттүүлүк кантип өркүндөп жатат?
-
№12 (170) / 2025-12-30 Дараметти жогорулатууга гранттар: жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү туруктуу кылган адамдарга инвестициялоо
-
№1 (159) / 2025-01-30 Мамлекеттик жана ЖӨБ органдары көрсөткөн жана уюштурган кызмат көрсөтүүлөргө жарандардын канааттануу деңгээлин баалоонун жыйынтыктары
-
№11 (157) / 2024-12-02 Маданият аркылуу жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү: “Комуз” музыкалык ийрими
-
№11 (157) / 2024-12-02 Кара-Суу айылдык аймагында фитнестин жардамы менен элеттик аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү
-
№11 (157) / 2024-12-02 Каркыранын кубулушу: Нуржандын таза жана дени сак коомго сапары
















